Линктер

Үркүн: Элүү жылдан кийин келген эжем


Жип ийрип отурган кыргыз аялы. Жыйырманчы кылымдын башы.

Жип ийрип отурган кыргыз аялы. Жыйырманчы кылымдын башы.

1916-жылкы Үркүн, улуттук-боштондук кыймылы, Кытайга оогон кыргыздардын көргөн азап-тозоктору белгилүү тележурналист Бейшенбек Бекешовдун эскерүүсүндө кеп болот.

16-жылкы Үркүндө менин чоң чоң атам отуз жашында окко учуп, чоң чоң энебиз бир уул, бир кызы менен калат. Уулу чоң атам Бекеш алты жашта экен. Кызы тогуз жашар Салиха деген эжебиз экен. Орус аял-эркегин, жаш-карысын ылгабай кырып, жеткенин кылычтап шылып, жетпегенин бута кылып атып, канга боёлбогон тоо-таш менен кокту-колот калбайт.

Чоң энебиз ажал алкымдап келгенде аң-чөнөктүн бирине кызын калтырып, тукум деп жалгыз уулун алып качат. Эл Каркыра тарапка үркүп кетет. Кызыл кыргын болгон жерде жашырынып калган Салиха эжебиз алаамат тынчыганда иниси Бекештин ошол чөлкөмдө калган колго үйрөтүлгөн тайын таап, кармап минип алат.

Кайда барарын да билбейт, элдин кайда кеткенин да билбейт. Өлүп жаткан, өлө албай онтоп жаткан кишилерди көрөт. Арасынан кызыл жаян болгон эки чоң энесин тааныйт. Бирөөнүн бир жаагы, экинчисинин бир акыреги шылый чабылган. Али жандары бар. “Суу..., суу...” - деп эриндери кыбырайт. Бул чөлкөмдүн кош аяктап баскан жалгыз тирүү жаны болгон тогуз жашар кыз чымын-куюн болуп жүгүрүп, чай кайнам жердеги булактан топусу менен суу ташыйт. Бадал-чийге жашынып күнү ташыйт, жыгылып-туруп түнү ташыйт.

Ушинтип канча кишини канча күн бакканын билбейбиз. Канча киши анын көз алдында бул дүйнө менен кош айтышканын да билбейбиз. Түн катып тоо таянып кайрылып келгендер журтта калган-калбагандарды түгөлдөп, шейит кеткендердин сөөгүн жашырып, ошол жерде караңдап жүргөн кыз баланы таап, алып кетишет.

Ошону менен эле бүтпөй, Кытайга үрккөн эл шордуу Салиха эжебизди жолдо нарынколдук казактарга таштап кетет. Эркек тукумдун өмүрү үчүн ал бир жолу журтта калса, экинчи жолу биротоло чийден тышкары чыгарылат.

Ошол Салиха эжебиз бизди 50 жылдан кийин, 1967-жылы таап келди. Эсинде Түп жана Кыз-Коргон деген жерлер калган экен. Биздин айылдын аймагында Кыз-Коргон деген кичинекей бир тоо бар. Жоокерчилик заманда эл жайлоого көчкөндө ошонун чокусуна кыздарды жашырып коюп, көч мерчемдүү жерине жеткенде тоо таянып кайрылып келип алып кетишчү экен. Ошол Кыз-Коргонду билген Бороке деген абабыз райондун борборунда Салиха эжеге жолугуп калбаганда ал киши бизди таап келет беле ким билет.

Эмнеси болсо да жалгыз иниси Бекеш небак эле дүйнөдөн көзү өткөнүн билбей келди. Салиха эжебиз менен раматылык чоң энебиз экөө чоң атамды жоктоп боздогондо бүт айыл ыйлады. Ыйламак турсун боздоду... Кыргыздын тукуму узарсын үчүн курмандык болгон кыз баланын ыйын уктуңар беле? Мунун жанында “Манастагы” кайың ыйлап, тал ыйлап деген нерселер эч нерсеге жарабай калат.

Салиха эжебиз тез эле кетип, 1-2 айдан кийин кайра келди. Казак туугандар эжебизди 14кө чыгарып күйөөгө беришиптир. Жубайы колхоздун башкармасы болуп жүрүп карып, эки буту баспай калыптыр. Эжебиз аны 10 жыл көтөрүп багыптыр. Ошонун көзү өткөндө гана колу-жолу бошоп, тууган издеп чыккан экен. Өзү жалгыз кыздуу болуптур. Ошол тапта кыз-күйөөсү менен чогуу жашайт экен. Бизге экинчи келишинде ошол кыз-күйөөсүнүн төшөнчү-орун, кийим-кечек дегенинин тең жарымын көчүрүп келиптир. Урунуп, кийип жыртып салыңдар, илгери кыргыздар калың албай калды эле дейт.

Аны көргөн менин раматылык атам табышкер, бардар киши эле, колунда болгондун баарын кайра ташыды казакка. Буюмун буюмдай, малын малдай дегендей. Жыл айлантпай катышып турдук. Эзели алма-өрүк көрбөгөн казак жээндер үчүн Ысык-Көл жомок эле.

Анан Салиха эжебиздин көзү өтүп, анын кыз-күйөөсү да, менин ата-энем да улгайган чакта кыргыз да, казак да көр оокаттын артынан көп түшүп, барыш-келишибиз сээлдеп калды. Атамдын көзү өткөндө келишти. Жаманчылыкта гана катышып калдык. Ошентсе да бир күнү айылдагы инилерим телефон чалат казак эже-жездебиз келди деп. Булардын атасы өлүптүр дедирбей, атаңар бардагыдан жакшы коноктогула дедим. Алар ошентишти. Бишкекке чакырып келип, аларды бул жердеги бир туугандар да жакшылап меймандап узаттык.

Баарынан аянычтуусу да, өкүнүчтүүсү да алардын бойго жеткен эки кызын ала келишкени болду. Ыктуусу болсо сөөк жаңыртканга таштап кетсек дегенин айтпаса да түшүндүк. Бойдогубуз жок эле, алган аялдын үстүнө сөөк жаңырта берген кыргыз да биздин арабызда жок болчу.

Бейшенбек Бекешов, тележурналист.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG