Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:09

Курманжан датканын Кытайдагы өмүрү


Макаланын автору, ШУАРдагы "Тил жана котормо" журналынын ​жооптуу редактору, филология илимдеринин доктору Макелек Өмүрбай уулу.

Макаланын автору, ШУАРдагы "Тил жана котормо" журналынын ​жооптуу редактору, филология илимдеринин доктору Макелек Өмүрбай уулу.

Курманжан датка боюнча Кыргызстанда бир кыйла изилдөө эмгектери жарыяланган, маалыматтар, улуу инсанга арналган китептер жарыкка чыкканын билебиз. Бирок, Курманжан датканын өмүр баянынын бир салаасы Кытайга байланышканы тууралуу маалыматтар жарыялана элек.

Ошондуктан Курманжан датканын Кытайдагы өмүр жолунун бир үзүмүн айтып берүү окурмандарга кызыктуу болот го деген ойдобуз. Курманжан датка, башында Кытайдагы кыргыздар байыртадан бери жашап келген жерлердин бири Улуу-Чат айылына келин болуп келген. Ал келин болуп барган жери деле өзүнүн туугандарынан болгон.

Саякатчы жана Финляндиянын болочоктогу президенти Карл Густав Эмиль Маннергейм жана франсуз чыгыш таануучусу Поль Пеллио Курманжан датканын өргөөсүндө. Солдон оңго карай: Поль Пеллио, Курманжан Датка, небереси жана Густав Маннергейм. 1906-жыл

Саякатчы жана Финляндиянын болочоктогу президенти Карл Густав Эмиль Маннергейм жана франсуз чыгыш таануучусу Поль Пеллио Курманжан датканын өргөөсүндө. Солдон оңго карай: Поль Пеллио, Курманжан Датка, небереси жана Густав Маннергейм. 1906-жыл

Курманжан датканын Кытайдагы кайын журту ошол эле Курманжан датканын аталары менен уруулаш, жоош уруусунун шайбек тарамынан чыккан, өз кезинде ошол бир уруу элге бий болгон Каргабаш бий эле. Каргабаш бийдин ошондой аталышы да бир түрдүү жышанага байланышкан. Каргабаш төрөлүп, али атын койгонго чейин боз үйдүн түндүгүнүн үстүнөн учуп өткөн карга чычкан экен, ал түз эле ымыркайдын башына келип түшөт. Ошондо ата- энеси ырымдап, «колуңа да карга чычар» (береке, шыбага болор) деген мааниде баланын атын Каргабаш коюптур. Каргабаш эр жеткенде, чын эле, шыбагалуу болуп, элинен көзгө көрүнүп, ошол Улуу-Чат элине бий болгон экен. Айтууларга караганда, Каргабаш бий Колчок бийлердин кезинде, атап айтканда, 1800-жылдарда бий болгон экен.

Каргабаш бийдин Сары, Сулайман, Бердибек, Кутубек, Ормош, Жума деген алты уулу болгон.

Каргабаш бий каадалуу адам болуп, дайыма маареке-салтанаттарда кыргыздын каада-салты менен жүргөн, жанына ырчы-комузчусун үзбөгөн киши экен. Ошол Каргабаш бий өз элинин кайсыл бир маарекесинде Алайкуудан Улуу-Чатка Мукуркул деген чоң ырчыны тобу менен алып келгени айтылып жүрөт. Айрыйча, Каргабаш бий Алайкуудагы жоош туугандары менен дайыма каттоодо болуп жүргөн. Каргабаш бий Алайкууга маарекеге катышууга барган бир жолкусунда, аталган айылдагы жооштун байы, анын Кош Тамгасынан тараган Мамат бай (Мамат бай − Курманжан датканын атасы), Улуу-Чаттагы жооштун шайбек тобунан болгон Каргабаш бийди жакшылап тосуп алып, конок кылып сыйлайт. Ошондо, Мамат байдын кызы Курманжан бешиктеги кыз экен. Эки тууган үлпөттөшүп олтуруп, Алайкуу менен Улуу-Чаттагы туугандардын арасын ого бетер жакындатуу максатында Каргабаш бий Мамат байдын бешиктеги кызына жип байлап энчиркеп коюу ак тилегин айтат. Мамат бай да ал тилекти жакшы кабыл алып, туугандыктан кудалыкка бекемдешип, барды-келдинин каадасын балдарына улаш мажбурыяты болгон ак тилектери бир жерден чыгып, Каргабаш бий бешиктеги келинге калыңды ошол эле жерден төлөп, кудалыкка курчалышып кайтат. Ошондо, Каргабаш бийдин улуу уулу Сарыга Курманжанды бешик куда болгон экен. Ошондон 16 жыл өткөндө, тууганчылык жолун жолдоп, Мамат бай кудайлашкан кудалык милдетин аткаруу үчүн, 1828-жылы кызы Курманжан 17 жашка чыкканда, Улуу-Чатка кыз чыгаруу катары көчүрүп, дагы бир жагынан тууганчылап келүүгө өз адамдарын жөнөткөн. Курманжанды көчүрүп Улуу-Чатка келгенде, ага куда болуп койгон Каргабаш бийдин улуу уулу Сары ооруп жаткан кез болот. Төшөктө ооруп жаткан «болочок күйөө» Курманжанды көчүрүп келип үч айдан кийин кайтыш болот. Бирок, Курманжан тигилген ак өргөөдө баркталып жашап, жыл убагына чейин туруп калат.

Бир жолу Каргабаш бий байбичесине кеңешип, Курманжанды кийинки балдарынын бирөөнө башын байлап коюу, тууганчылык байланышты дале Курманжан байлап турсун деген оюн айтып, убагы келип, Алайкуу менен байланыш түзүлгөнчө Курманжанга ал ойлорун айтпай, кыз катары күтүп тура берүүнү айтып кеңешет. Бирок, Каргабаш бий алыскы сапарга кеткенде, кайын эне болчу Каргабаш бийдин байбичеси «айтпа» деген ойду, ал бышы кулак боло берсин деген максат менен Курманжанга айтып коёт. Ошондон ал ойду кабыл көрбөгөн, анын үстүнө бир жылдан бери алардын жагдайын бүт билген Курманжан, дагы бир тууганына токол аял болуудан сестенип, Каргабаш бий үйдө жок кезинде, түндөсү эл уйкуга кеткенде, жайдын түнү экен, Алайкууну көздөй качып жөнөйт.

Курманжан датка

Курманжан датка

Курманжандын түндөсү качып кеткен жолу жөнүндө Улуу-Чаттагы туугандары мындай эки түрдүү уламышты айтып келет: «Курманжан түндөсү качып чыкканда, Үч-Таштын тал кыйды ашуусун ашып Алайкууга түшүү үчүн, белге чейин эле 50 километрден ашуун жол жүрүүгө туура келген. Түндөсү жол жүрүп бара жатып Тегирмен-Талаа деген адамдар көчүп кеткен ээн жайлоодо бир күмбөздүн ичине далдаланып таңды атырууну көздөгөн сыяктанат. Бирок түндөсү ал күмбөздүн оозун бөрү тооруганбы, айтор бир бөрү күмбөздүн түбүндө өлгөнүн, аркадан кууп келгендер эртеси көргөн имиш. Көрсө, бөрүнү кара тумшукка союл менен чаап өлтүргөн Курманжан болот; андай өкүм чыгарууга Курманжандын изин кууп келгендердин өз көздөрү күбө болгон имиш. Бул уламыш Курманжанды Үч-Таш жайлоосу аркылуу качкан деген уламыштын бирөө болгон. Ал экинчи уламыш: «Курманжан датка Үч-Таштан эмес, Жоюлган-Суусун бойлой (Каргабаш бийдин айылынан суу ылдый) качып, андан Кызыл- Дайрасын бойлоп, Сымкана менен өтүп Нура аркылуу Алайкууга кеткен имиш. Ошондо жолдо, Сымкананын Кызыл-Дайра бөлүгүндө киргин суудан кечкенде, андан агып, тиги өйүзүнө чыкканда, эсине келсе, бир жолборстун соорусун кучактап жатканын туят. Ошондон кийин жолборс Курманжандын «колдоочусу» болуп өмүр бою аны колдоп, кереметтүү иштердин алдын ошол жолборс колдоочусу аркылуу билип турган имиш» деген уламыш. Мына ушундай, Курманжандын Улуу-Чаттан качканы жөнүндө эл ичинде эки уламыш айтылып жеткен.

Курманжан Улуу-Чаттан качканда, артынан из куугандар белге чейин келишип, андан ары бара алышпай кайткан экен. Каргабаш бий сапардан келип Курманжандын түндөсү качып кеткенин угуп, анын амандыгынан кабатырланат. Кантсе да Каргабаш бий камылга көрүп, аттанып-тондонуп алып, Алайкууга барганча бир кыйла убакыт өтөт. Соңунда Каргабаш бий Курманжандын атасы Мамат байга барат. Анда, Мамат бай Каргабаш бийге (тегинде, тууганы) кызы атасынын сөзүн албаганын, эчак Алымбек датка менен баш кошуп кеткенин айтат. Анда, Каргабаш бий Ошко барып Алымбек датканы издейт. Абалды алдын ала билген Алымбек датка Каргабаш бийди кадырлоо менен күтүп алат. Ошондо, Курманжан да Каргабаш бийдин үстүнө бүгүлө жүгүнүп кирип, ал кишиден кечирим сурайт. Каргабаш бий да ыраазычылыгын айтып, карындаш катары бактылуу болуусуна батасын берип кайткан экен.

Бул маалыматтар Улуу-Чатта илгертеден бери айтылып жүргөн, кулагыбыз чалып чоңойгон элек. Бирок, Кыргызстандан чыккан маалыматтар бөлөкчө болгондуктан, чын-бышыгына жете албай жүргөнбүз. 2015-жылы Борбордук Азия университети жагынан атактуу күү изилдөөчү Асан Кайбылдаев аганын «Кыргыз күүлөрү» аттуу китебинин 2- том 428- бетинде, 1940- жылдары Курманжандын туугандарынан анын өмүр баянын сурап жазып алган материалга негизденип, Курманжандын тегин мындай баяндаптыр: «Курманжан датка Мадынын Жапалак деген жеринде, 1811- жылы туулган. Муңгуштан → Жоош → Төлөйкан → Жагалмай → Коштамга. Коштамганын Жапалак уруусунан тараган Мамаш байдын (Мамат байдын) кызы Курманжан 17 жашында жооштун Каргабаш бийинин уулуна бешик кудалык салт боюнча күйөөгө чыккан» деген маалыматты окуп, аны Улуу-Чат элинин оозунда айтылып келген жогорку баяндарга беттештирип көрсөк төп чыкты. Ошого, Курманжан датканын Кытайдагы өмүр баянын тактоо кезмети келгенин туюп, эл ичиндеги Осмон Жээнбек уулу (80 жашта) сыяктуу өзү Каргабаш тукумунан болгон адамдардан кайрадан сурап, бул баян жазылып олтурат. Белгилүү инсандын өмүр баянын, баскан жолун жазганда тарыхка урмат кылбасак, ошол эле малчылардын нааразылыгына, алардын маскарасына калабыз. Анын үстүнө, ою оң жана ою тетири адамдар бурмалоого өттү. Ал тургай, Курманжан датканын алгачкы куда болгон күйөөсүн, Каргабаш бийдин ардактаган уулун «мажирөө» катары көрсөткөнгө чейин жеткен. Чын эле айтып коё турган зарыл бир нерсе, Курманжандын өмүр баянынын эң мерчемдүү жери Курманжан кытай кыргызына, ооба, Улуу-Чатка келин катары көчүрүлүп келингени менен, ал ырасмий нике байлап, үйлөнүү тоюн өткөргөнгө насип болбой (арнаган күйөөсү кайтыш болуп кетип), чыныгы тагдыр боюнча, өзүнүн төркүнүнө кыз боюнча кайра «качып кетип», Алымбек даткага кыз боюнча тийгени айкын турат. Биз тарыхты чыныгы тактаганда, көзү өтүп кеткендерди жаман атты кылбай, арбакка аяр мамиледе болгонубуз жөн.

Курманжан датка боюнча кытайдагы кыргыздардан материал чогултууда үналгы сыяктуу ишенимдүү аспаптарга жаздырып алууга жетиштик. Мында, Осмон Жээнбек уулу, Асек Акун уулу сыяктуу Каргабаштын кийинки тукумдары мурдагы ата-бабасынан айтылып келген уламыштар менен камдады, аларга чын дилден ыраазычылык айтабыз.

Макелек Өмүрбай уулу, ШУАРдагы "Тил жана котормо" журналынын ​жооптуу редактору, филология илимдеринин доктору, И.Арабаев атындагы КУУнун ардактуу профессору,

Үрүмчү шаары, ШУАР, КЭР.

(Автордун стили жана терминдери сакталды)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG