Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:50

Өткөн кылымдын 1950-60-жылдары Кыргызстандын түштүгүндө кыздар үчүн 10-классты бүтүү, андан соң жогорку же орто окуу жайга барып, билимин улантуу жеңил иш болгон эмес. Буга байбичелер Айымпаша Ажымурат кызы менен Ырыс Молдо Жээнбай кызынын тагдыры далил.

Секелек кыздардын болочок үчүн болгон күрөшү, жеңиши, ызалары, армандары...Бүгүн жетимиштин кырындагы небере-чеберелүү эки байбиченин аңгеме-эскерүүсү...

6-класста күйөөгө кеткен кыздар

Өз тагдырың өз колуңда. Бул аксиомага бүгүнкү байбичелер Айымпаша Ажымуратова менен Ырыс Арзыбаеванын өмүрү айкын мисал. Өткөндү кайтаруу мүмкүн эмес. Бирок эңсеген тилегиң үчүн өжөрлүк менен күрөшпөсөң, мына-мына жеттим деп турганыңда аруу максатың жомоктогу алтын куштай колдон жылбышып учуп кетет. 70тин кырындагы баш каарманыбыз​ Айымпаша Ажымурат кызы алтын куштун жибин канча-канча кыйынчылыктарга карабай, тырмышып жатып, колунан чыгарбай кармап калган. Эмесе анын таржымалын өз оозунан уксак.

- Мен чоң-чоң кыздар менен окугам. Боюм кичине, наркы кыздар чоң-чоң... Мына Марапат Тажибаева, Толкун Садирова, Тургун жеңе (Алим акенин зайыбы), Зымыраттын апасы Шарапат эже (Камал акенин аялы). Кыймат эже Шербаева да мени менен окуган. Аларды 6-класста эле күйөөгө берип жиберишти да. Жашы улуулар сабак билбесе, класстан класска көчүрбөй, ордунда отургуза берет эде ал кезде. Качан билсең өткөрөт. Азыр ал жок. Азыр жалаң "2" деген баага окуган окуучуну да эптеп класстан класска өткөрөбүз да. Бул мыйзам.

Ушу кыздардын баарын 7-класска көчкөнүбүздө күйөөгө берип жиберишти. Класста үч эле кыз калыппыз. Мен, Абдинова Балык, Ажибекова Равия. Олор Пумга түшкөн. Азыр Чаувай өкмөтү болуп турган жерде мектеп бар эле. Бир жагы магазин, бир жагы мектеп. 7-классты бүткөндө Балык экөөбүз эле калдык. Равиянын жашы толо элек эле, бирок ата-энеси Пумга күйөөгө берип жиберди. Ол киши да камалып келди анан. Ал законду буздуң деп түрмөгө түштү. 8-класска Рудникке бардык. Алла Рябухина, Фая менен параллель класста окудук. Кыргыз класста окуучулар аз эле. 8-классты бүтүп, Участкага кайра келдик. Мектеп ачылбайт, класс ачылбайт, себеби баланын саны жетпейт. Кааласаңар башка жакка барып окугула, каалабасаңар жок. Кечки класс ачабыз деди. Анан Балык, Акмат Нуркамилов, мен Үч-Коргонго Пушкин мектебине кеттик. Балыкты ата-энеси медучилищеге окутабыз деп алып кетип калышты. Өзүм эле калдым. Балыкты анан Эликбайга күйөөгө берип койду.

Ошентип Үч-Коргон кыштагындагы Пушкин атындагы мектеп-интернатта Айымпаша Чаувайдан барган жалгыз кыз болот.

- Пушкинде окуганда Малик жездем математика, тригонометрия, геометриядан окутат. Мектепти бүткөндөн кийин ал: Сен үйгө барсаң, сени алып калат. Андан көрө ушу жерден Ошко кетесиң, деп жатып, мен окууну бүтөр менен Ошко кетип калдым. Атам менен окуганымды колдойт эле. Апамды Чаувай кенинде парторг болуп иштеп жүргөн Ашир жездем гүүлөйт эле: Кызыңды окутпа. Кызың окуса шаарга кетип калып, жалгызыңдан айрылып каласың, качып кетет, аны бирөө алып кетет деп. Ашир ушундай деп атат, барбай эле койчу, - дейт апам. Ашир жезде (Жусубалиев) менен Мамат жезде (Малабаев) бажа, эже-сиңдини алган. Мамат жезде: Сен эмнеге бул кыздын жолун тососуң,- деп Ашир жезде менен урушат.

Ак таңдай акын Ысмайыл Борончиев айткандай, «Кызыл гүл болуп сеңселген» Айымпаша мектепти бүткөндөн кийин Малик агайынын кеңеши боюнча түз эле Ошко барат жана пединститутка экзаменди «4» жана «5» деген бааларга тапшырып, чет тилдер факультетине кирет. 1960-жылдары Ош пединституту Кыргызстандын түштүгүндөгү бирден бир жогорку окуу жай болсо, республика боюнча бардыгы алты институт жана бир университет бар эле.

- Стипендия 28 сом, бир айга жетет эле. Бирок үйдөн азык-түлүк алып турат элек. Апам ыраматылык нан жаап, картошка болсо кошо капка салып алып, аркасына көтөрүп, Ошко эртең менен жетип барат. Жатаканада жашайбыз да. Биз сабакка жөнөбөй жатып, апам бакырат айнектен. Мага сенин апаң келип калыптыр деп айтышат.

Окуунун чатагы же жаатташкандар

Айымпашанын студент экенине ата-энеси сыймыктанганы менен, Чаувай кениндеги аттуу-баштуу жетекчилерден болгон Ашир жездеси кубанбайт. Ал балдызын окутпоо үчүн бар аракетин кылса, Кызыл-Кыядагы Тоо кен техникумун бүткөн жездеси Мамат Малабаев, тескерисинче, балдызын колунан келишинче колдойт.

- Ашир жездем буза берип, эки жылдан кийин апам акча бербей койду, токтот окууңду деп. Жол кирем жок отуруп калдым. Апам конторду жуучу. Ашир жездем апамдын атынан рудниктин директоруна арыз жаздырып алыптыр: турмушу оор, апасына жардам бериш керек деп. Ал рудком болуп иштечү. Максаты - үстүмдөн эле мени жумушка түшүрмөк.

Мамат жездем аркамдан келди. Ал окуй турган кызды бузасыңар деп директорду да урушту. Мени Ошко институтка алып кеткени деканаттан да бир киши келген. Мамат жездем "окуп жаткан кызды окутпасанар жоопко тартыласыңар" деп мени коргоп жатып, окуудан айдала электе Ошко жетип бардым. Ошондо менин аркамдан Мамат жездем Ашир жездем менен урушкан да сөз жүзүндө.

Айымпаша Ажымурат кызы өжөр жана чыдамкай болбосо, институтту эки жылдан кийин таштап коюшу мүмкүн эле. Себеби, апасы Чаувайдан Ошко жеткенге жол кирелик акча бербей койгон экен. 20 сом коңшу-колоңдордон да чыкпайт. "Ошондо Эргеш аке акчасын аябады", - дейт Айымпаша байбиче 50 жыл мурдагы тагдыр чечүүчү окуяны эстеп жатып.

- Келген сайын апам акча бербейт. Кошуналарга кирип, машине кире берип туруңуздар деп сурайм. Разия деген кемпир бар эле. «Кой нары. Ажимураттын катыны бербей койдубу сага акчаны. Пул бербесе, окуба да», - деп урушуп салды. Анан Темирбай акама Ботбаевге чыктым, мойлоочу. Атам пул тапса эле акчаңызды алып келип берем деп 20 сом сурагам андан. Ал: «Акчаң болсо окубайсыңбы?» деп урушуп берди. Кийин ошол акемди көрсөм эле, шол сөзү эсиме түшчү. Таза ыйладым ондо (ошондо)... Анан Эргеш аке Сатыбалдиевден пул чыкты. Ыраса сүйүнүп, Ошко кетип калдым. «Ой, өлүгүңдү көрөйүндүн кызы! Кайдан пул таап кетиптир. Мен пул бербедим эде», - дептир апам артымдан.

Айымпашанын апасынын өкүнүчү

Айымпаша Ажымурат кызы 1968-жылы Ош пединститутун бүтөт жана бөтөн жакка кетпестен өзү туулуп-өскөн Чаувай кыштагына келип, англис тилден сабак жетип жүрүп, пенсияга чыгат.

- Кийин апам: «Өлүгүңдү көрөйүн, Ашир жездеңдин габиге (кебиге) кирип, бекер сени урушуп жүрүпмүн. Жакшы эле окуган экенсиң. Өз наныңды өзүң таап жүрөсүң, бирөөгө зарыкпай»,- деп аттаң (аттиң) кылчу.

Айымпаша байбиченин тун уулу Акылбек Эрматов тоо-кен инженери. Бишкектеги Политехникалык институтту бүткөн. Илимди өндүрүш менен айкалыштырганы үчүн Кыргыз Республикасынын техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон.

Экинчи каарманыбыз да 70 жашта. Ал - Ырыс Арзыбаева байбиче же Ырыс Молдо Жээнбай кызы. Шаңкылдап дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө болуп жаткан окуялардан кабардар байбиченин күйөөсү, 80 жаштагы Үсөн аксакал сыймыктана айткандай, аялы мектепте жалаң төрт жана беш менен окуган.

Ырыс байбиченин күйөөсү, 80 жаштагы Үсөн Арзыбай уулу:

- Аялым жалаң бешке окучу экен...Агасы айтып калат эле. Сага тийбегенде менин карындашым обком комсомол болот эде деп мага тийиштик кылчу, - деп күлүп койду.

Бирок тагдыр экен, жөндөмдүү кыздын окуйм деген асыл максаты ишке ашпайт.

Ырыстын Бишкекте калган үмүтү

Бийик максаттуу секелек кыз Ырыс 8-классты гана бүткөн боюнча калган. Эмне үчүн? Алтымыш жылдай мурдагы окууга болгон умтулуусу кантип кыйратылганын Кызыл-Кыя шаарында жашаган Ырыс байбиче минтип айтып берди:

- Азыркы Кулатов айыл өкмөтүн (азыркы Ноокат району) ал кезде Жал совхозу деп коёт эде. Шамши жездем менен №5 мектепке окуйм деп Бишкекке барсам, ал мени бала бакча кылып окутпай койду. Бир жылдан кийин Бишкектен кайтып келсем, атам мени күйөөгө берип жиберди. Кыздарды окутканды жаман көрөт эде. Атам: «Сен окусаң бир нерсе болуп кетесиң, окубайсың» деп мени урушат эде. Атам молдо эле да. Ал убакта молдолорго тыюу салат эде го. Ал маалда (күйөөгө) чыкпаймын дегенге койбочу. Гулматов деген мектептин директору Бишкекке жездемдин алдына барып калды. Жездем университетте окуйт эде. Мен директорго: Мен окуйм. Мени окутпай койду. Мени күтүңүздөр десем, ал киши эч нерсе кылбады. Шамши жездем менен тили бир экен. Нимеге (эмнеге) окубайт жаш кыз, муну эмнеге күйөөгө берип койду деген адам болгон жок.

- Мектеп ал кезде 10 жылдык эле да. Эч ким сурабадыбы?

- Сурабадым. Ичтеке (эчтеке) кылган жок.

Ошентип «Бардар жерге кыз берип, мамыкта жатсак чалкалап, башкача дөөлөт абыдан» (Ы. Борончиевден) деген Молдо Жээнбай акылы зирек жана окуйм дегенде эки көзү төрт кызын 8-классты бүткөрүп туруп, күйөөгө берип жиберет. Ал эми мектептин директору Гулматов жана Ырыстын Бишкекте институтта окуган жездеси 15 жашар кыздын окууга болгон умтулуусуна кайдыгер мамиле жасашат. Ырыс Молдо Жээнбай кызы болочок өмүрлүк жарын молдо нике кыйып, баш кошконго чейин көргөн эмес.

- Үсөн аке! Сиз Ырыс эжеге үйлөнөр алдында Кызыл-Кыядан Ынтымакка (бүгүн Ноокат районундагы Кулатов айылы) барып көрдүңүз да?

Али да жаш жигиттей шайдоот Үсөн аксакал "Жок" деди жылмайды. Кемпири Ырыс байбиче:

- Жок, көргөн жок. Мени көргөндө албаса керек эде, илаби мындай экен деп. Мен жыгылып ушундай болгом да. Өзүм да ойлогом: илабим шундай болсо, мени күйөө албай коет деп майли депмин да (Ырыс апа 10 жашында жыгылып, эрдинин үстүндө ошондо алган жараатынын тагы калган).

1950-60-жылдары айыл жеринде мечитке анча уруксат бербейт эде. Атамдар үйдү мечит кылып окуйт эде бекинишипчи. Атам бирөө өлгөн жерде мындай кылгыла, андай кылбагыла деп айта берет эде. Анан үкалари келип: «Элге жаман көрүнүп, эмне, айтпаңыз» деп урушат эде атамды. Атам: «Айта берем» дечү. Атамдын үйүнө аксакалдар саарлап келип багымдат, анан пешим жана куптанды окушат эде.

Эгерде Ырыс Молдо Жээнебай кызы ошондо Бишкектеги атактуу № 5-мектептен окуп калса, агасы кийин өкүнүч менен айтып жүргөндөй, балким комсомолдук чоң кызматкер болор беле.

Үсөн аксакал "Ол(ал) алиге чейин китеп окуйт. Мен окубайм" деп кемпирин сыпайы мактап өттү.

Ырыс байбиче өзү "Арабча көп окуйм, түшүнбөйм. Азыр исламий китептерди кыргызча эле чыгарып койбодубу. Окуйм шолорду" дейт.

Ар кимдин тагдыры өз колуңда. Буга Айымпаша Ажымурат кызынын өмүрү айкын мисал. Ойлогон максатың үчүн күрөшүү да керек, сага тилектеш адамдар да болуу керек. Буга Ырыс Молдо Жээнбай кызынын аңгемеси далил.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG