Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:06

Бүгүн ак эмгектин, жакшы адеп жана жүрүм-турумдун үлгүсү болгон айылдык интеллигенциянын катары суюлду.

Өрнөктүү жашап, жаштарга маяктай багыт көрсөткөн андай алгачкы кыргыз интеллигенттери мугалим агайлар менен мугалим эжекелер болчу. 85 жаштагы лейлектик карыя Эгемберди Эсиркеев үчүн айланасына Күндөй нур чачып, өз кесибин күжүрмөн аткарган адам -өмүрлүк жубайы Майрам эжеке эле.

Нуру менен караңгыны жарыткан,

Ариптерди ата-энедей тааныткан.

Бул мугалим, ушул Майрам эжеке,

Мезгил менен катар жүрүп жарышкан.

Сый-урматка бой көтөрүп, көппөгөн,

Жокчулукта ыйлап-сыктап чөкпөгөн.

Бул мугалим, ушул Майрам эжеке,

Катар баскан алга жылган көч менен.

Ардактаган аркалаган кесибин,

Урмат менен ачып кирээр эшигин.

Бул мугалим, ушул Майрам эжеке,

Жөнгө салган аң-сезимдин тетигин.

Эгемберди аксакал сиздер уккан жөнөкөй, бирок мааниси океандай терең жана кенен ыр саптарын көз жумган өмүрлүк жары Майрам Салямованын көзү тирүү кезде, 1995-жылы арнап жазган.

Карыя оо алыста бүлбүлдөгөн балалыгын эстегенде, 1-класстан партада катарлаш отурган секелек кыз Майрам көз алдына тартылат. Өмүр тасмасы андан ары айлантса, кайра эле Майрам. Экөө азыркы Сумбула сельсоветинин Искра айылындагы жети жылдык мектепти бүткөндөн кийин, Лейлектин административдик борбору Исфанадагы Токтогул атындагы орто мектепти чогуу аякташкан. 1953-жылы 10-классты бүткөн соң максатты бийик койгон эки жаш Фрунзе же бүгүнкү Бишкекке окууну улантуу үчүн барышат.

- Майрам экөөбүз 1-класстан 10-класска чейин бирге окуп, мектепти чогуу бүтүрдүк,- деп эскерет 63 жыл мурдагы окуяны Эгемберди аксакал.

- Майрамды окууга жөнөткөндөн кийин мен да Бишкекке барып, университеттин биология факультетине тапшырдым. Бирок баллым жетпей калып, стипендия жана жатакана берилбейт дешкенден кийин, Майрамдын алдына барып: “Мен мындай абалда окуй албайм. Айылга кайтам” дедим. Майрам: “Болуптур. Айылга барып, иштеп, энеңди бак. Окуумду бүтүп калсам, сени өзүм окутуп алам” деп, мени поездге салып, узатып кала берди. Мен айылга келип, мугалим болуп иштедим. Колхоздо санветеринар болуп иштедим. Ал окуусун бүтүп келгенден кийин, өзүнүн тилегин ишке ашырып, мени окутуп алды.

Кызың орус болуп кетет...

Өткөн кылымдын 50-жылдары Түштүктө, айрыкча, бүгүнкү Баткен тарапта ата-энелер кыздарын кой, балдарын да өздөрү чыгынып, Бишкекке же жакынкы Ошко окууга жибергенден кооптончу. Түз айтканда, эл билимдин күчүн билгени менен окуунун зарылдыгын түшүнчү эмес.

- Билимдүү кишилер жок болгондуктан, эл шаар жана шаарда окугандар жөнүндө жаман сөздөрдү айтчу. Агасынын чечкиндүүлүгү болбосо, Майрам окубай калмак.

Кызыңды окууга жөнөтпө! Кызың орус болуп кетет. Кызың этек-жеңи ачык кийимдерди кийип, жаман жорукка өтүп кетет.

Эгемберди Эсиркеев 1965-жылы Ош Педагогикалык институтунун биология факультетин сырттан окуп аяктаган жана пенсияга чыкканча мугалимдик кесипти аркалаган.

Майрам Салямова курбулары менен

Майрам Салямова курбулары менен

Ал учурда лейлектик кыздарга үйдөн алыс кетип окуу өтө кыйын болгонун жана көпчүлүк элдин илим-билим жөнүндөгү түшүнүгүн 66 жаштагы Абдрахман Байтөрөев мындай сүрөттөдү:

- Кыздар Бишкекке эң татаал шартта барып окушкан. Себеби, ал кезде кыздарды жап-жаш эле турмушка берип жиберчү. Аларды окутуу жөнүндө түшүнүк азыркыдан башкача болчу. Анын үстүнө дин басымдуулук кылып турган. Кыз-жигиттер өздөрү таанышып табышкан эмес. Ата-энеси калың алып туруп, кызын күйөөгө берип салчу. Майрам жана Айша деген эжелерибиз кокустан барып окуп калышкан да. Майрам эженин ата-энелери кедей дыйкан эле адамдар болгон. Тагаева Айша эжебиз жетим калып, Балдар үйүндө чоңойгон.

Абдрахман Байтөрөев Бишкектеги искусство институтунун 1967-жылкы алгачкы бүтүрүүчүлөрүнөн. Адистиги боюнча Маданий агартуу кызматкери. Абдрахман Байтөрөев бул тармакта эмгектенип жүрүп, Ош облусу үч облуска бөлүнгөнгө чейин облустун Маданият башкармалыгын жетектеген.

Майрам Салямованын Бишкекке барып, окуп калуусунда эки нерсе чечүүчү ролду ойногон. Биринчиден, Советтик Кыргызстандын ошо кездеги лидери - Исхак Раззаковдун Лейлектеги жыйналышта Жогорку окуу жайларда райондон бир да кыз-келин окубаганын, ошондуктан аларды борбордогу кыз-келиндер үчүн атайын ачылган Маяковский атындагы институтка жөнөтүүгө чакыруусу. Экинчиден, Майрамдын бир тууган агасы Баба Салямовдун Лейлек райондук партия комитетинде катчы экени.

- Ошондо Майрамдын райкомдо катчы болуп иштеген агасы Салямов Баба ата-энесинин каршылык кылганына карабай, карындашын Бишкекке жөнөткөн. Эрденеев деген кишини кошуп берип, ал киши Майрамды пединститутка таштап келген, - дейт Эгемберди Эрденеев карыя.- Майрам 10-классты бүткөн жалгыз кыз болчу. Кыздар 1959-жылдан тартып окууга көп тартыла баштады.

Майрам Салямова 1957-жылы Маяковский атындагы кыз-келиндер институтун бүтүп келгенден кийин, Исфанадагы мурда өзү окуган Токтогул атындагы мектепте эки жыл тарыхтан сабак берет. Ал эми 1959-жылы жаңы ачылган Кулунду орто мектебине директор болуп дайындалганын айтат Лейлек райондук “Ата Журт” гезитинин чаалыкпас редактору, көйгашка акын Абдилат Дооров.

- Майрам эже районубуздагы кыздардан алгачкылардан болуп жогорку окуу жайды бүткөн. Биздин ата-энелер ал кезде кыздарды Бишкекке окууга жибергенден чочулашчу. Көп кыздар ошонун айынан окубай калды. Негизинен ал убакта балдар деле окууга аз барган. Майрам эже окууну бүтүп келгенден кийин эл ичинде активист болуп жүрдү. Кулунду айылындагы Владимир Ильич Ленин атындагы орто мектептин алгачкы директору болгон.

“Эл эмгектен эскерсин...”

Майрам Салямова директор учурунда Кулунду орто мектеби Ош облусундагы алдыңкы мектептердин тизмесине кошулат. Мектепте музей түзүлөт. 25 гектар жерге пахта себилип, окуучулар бригадасы гектарынан 25 центнерден ак алтын терет. Бул окуучулук чарба үчүн жакшы көрсөткүч болгон. 1967-жылы Майрам Салямова өз айылына келип, эки жыл Сумбула селолук советине төрайым болуп иштеп, андан соң пенсияга чыкканча мугалимдик кылып, кажыбас эмгеги үчүн Ардак белгиси жана Эмгек Кызыл туу ордени менен сыйланат. Мугалимдер съездине делегат болуп катышат. Айылдык советке жана райондук советке бир нече ирет депутат болуп шайланат.

Майрам Саламова кесиптештери менен

Майрам Саламова кесиптештери менен

Күйөөсү Эгемберди Эсиркеев экөө жети уул-кызды тарбиялап чоңойтот. Алардын баары жогорку билим алат.

Майрам Салямова 2010-жылы көз жумат. Сумбула айыл өкмөтүнө караштуу Искра айылында чоңойгон Бүбүсайра Калыкова мектепте окуп жүргөндө Майрам Салямова ал теңдүү кыздар үчүн идеал болгонун эскерет:

- Биздин айылга келип, тарых мугалими болуп иштеди. Анан айылдык советке төрайым болуп калды. Майрам эже мугалим катары, эне катары, аял катары бизге абдан чоң таасир берген. Ал биздин мектепке келе элек кезинде эле аялдар жыйналып отурган жерлерде ушу эже жөнүндө дайыма жылуу сөздөр, мактоолор айтылып турчу. Биз ошондон улам айылдаш эжебиз ким болду экен, аны кантип көрөр экенбиз деп эңсеп жүрчүбүз. Эже биздин мектепке тарых мугалими болуп келген кези дале эсибизде. Ал сабакты башка мугалимдерден өзгөчө өткөндүктөн убакыт бат өтүп кетчү.

Майрам Салямованы билгендер Лейлек, Сүлүктү, Баткен аймагынан биринчи болуп жогорку билим алган бул чыгаан эжелеринин ысымы улуу муун менен кошо унутулуп баратканына өкүнүшөт. Алар маек учурунда кайраткер эжелеринин ысымы өзү иштеген мектепке же бир көчөгө берилбегенин бир ооздон айтышты. Эмгек ардагери Абдрахман Байтөрөев:

- Мектепти атаганга ыраа көрбөй коюшту. Болбосо учурунда аттуу-баштуу аксакалдарды салдырып, районго чейин айттырып көргөнбүз. Кийин мектепке Манас атанын ысымы берилди. Манас атанын арбагын сыйлайбыз. Бирок Кыргызстанда мектептердин жарымынын аты эле Манас ата. Майрам эжедей чыныгы эмгеги сиңген кыздардын атын эстен чыгарсак, кандай болсун? Колунда барлар пахта бригадири, пишан бригадири, чөп бригадири болгон адамдардын атын бердирип коюшат. Аны көрүп, бери жакта туруп ичиң ачышат. Ат коюш деген өтө эле кыйын иш экен. Мен деле ат койгонду көп жактырбайм. Бирок Майрам эжеге окшогон татыктуу эмгеги бар көзү өтүп кеткен кыздарыбыздын атын бир көчөгө берсе, эмнеге болбосун?

Акын-журналист Абдилат Дооров болсо:

- Майрам Салямованын атын өздөрүнүн Андарак айылындагы Манас ата орто мектебине коёбуз деп да демилге көтөрүшкөн. Ал ишке ашкан жок. Бирок Майрам эже атын койгонго татыктуу адам. Анткени, райондогу кыз балдардан алгачкылардан болуп окуп, баш көтөрүп, эл башында турган эжелерибиздин бири.

Мурдагы маданият кызматкери, эмгек ардагери Абдрахман Байтөрөев айткандай бүгүн Кыргызстанда мектептерге, көчөлөргө, мечиттерге, эмгеги жаштарга үлгү болчу мээнеткеч, жөнөкөй жашап, бирок албан иштерди жасаган адамдар эмес, балдары эптүү жана пулдуулардын ысымдары берилгени көпчүлүктүн оозунда. Бирок да Майрам Салямованы ал окуткан миңдеген окуучулары унутпаса керек.

XS
SM
MD
LG