Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:01

22-мартта Сингапурдун биринчи премьер-министри Ли Куан Ю 92 жашында дүйнө салды.

Дүйнөдө көчөлөрүн шампунь менен жууган бир эле мамлекет бар дешет. Ал - Сингапур. Ошону менен бирге кокус көчөгө жаза тайып тамекинин калдыгын ыргытсаң же какырыгыңды түкүрсөң түз эле түрмөгө салган мамлекет да ошол Сингапур эсептелет. Бул мамлекет азыр Азиядагы айбаты ай чапчыган төрт “жолборстун” бири, аянты азыркы биздин Чүй облусунан үч эсе кичине болсо да, экономикалык кубаты нечен эби-сыны эңгезердей болгон мамлекеттердей көп эсе мыкты арал. Ооба, арал. Аянты 717 чарчы километр арал - шаар. Арал - мамлекет.

Эми бул дүйнө картасынан кичинекей бир чекит катары белгиленген шаар - мамлекет кантип экономикалык керемет жаратканы тууралуу жүздөгөн болбосо да, ондогон китептер жазылды го. Бирок ошол кереметтин атасы же жаратуучусу деп таанылган адам кечээ жакында узак оорудан кийин каза тапкан Ли Куан Ю аталат. Улуту кытай, сүйлөгөн негизги тили - англис тили, алган билими - Англияныкы, кесиби - юрист. 1959-жылдан 2004-жылга чейин Сингапурдун эки тизгин, бир чылбырын колдон чыгарбай, жалаң бийлигинин, айбатынын күчү менен, күнү-түнү талыкпаган аракетинин артында же ичерге таза суусу жок, жадагалса үй курганга куму жок чакан аралдан жашоо деңгээли Америкадан кем эмес мамлекет курган улуу инсан ушу.

Ушул күндөрү Сингапур жети күндүк аза күтүү жарыялады. Көчөлөрүндө таштанды эмес, кыл жатпаган Сингапурда азыр музыка жаңырбайт, элдин сабыры суз. Ошону менен бирге ар бир сингапурдук атуул Ли Куан Ю жасап кеткен керемет иштерди улуу урмат, терең таазим менен эстеп жатышкан кези. Чынында да эстей турган иштер, ал эмес таң кала турган экономикалык реформалар, жетишкендиктер бул шаарда толтура. Ошондон улам Сингапурдун калкы эле эмес, бүтүн дүйнө дагы бир жолу Ли Куан Ю деген ким болгон, кантип ошол “кереметти” ишке ашырган, ал кереметтин сыры эмнеде эле деп эскерип жаткан учур. Ырасында эле журт атасы Ли ал ийгиликтерге кантип жетишкен?

"Эң эле биринчи максат - Сингапурду Түштүк Азиянын ары-бери каттаган кемелери токтой турган портко айландыралы деп чечтик”, - дейт 1959-жылы бул чакан аралдын бийлик башына келген Ли. “Экинчи максатыбыз - биздин аралга акча салабыз, инвестиция алып келебиз дегендерди кудай колдогондой колдодук,- деп жазат ошол эле Ли. - Ал эми кокус кимдир бирөө келип калса, ага жардам бериш үчүн тим эле үстүнө үйрүлүп түшчүбүз, кылбаган санатты кылчубуз”. Баса, алдыңкы технологияларды чыгарам деген компанияларды 10 жыл бою салыктан бошотуп таштаган да ушул саясатчы болгон.

Ли Куан Ю алдына койгон үчүнчү максат - алдым-жуттумдукту, коррупцияны жок кылуу болуптур. Өзү Англиядан билим алган юрист болгондуктан паракор деген кишини Сингапурдун эң биринчи зыянкечи жана келишкис душманы катары жарыялап, керек болсо аларды эч бир суроо-сопкуту жок эле түрмөгө ыргытчу экен. “Эгер ишим илгери кетсин десеңиз, үч жакын досуңузду түрмөгө салыңыз” деп кеңеш берген да ушу киши болгон эмеспи.

Баса, “демократия” деген сөздү ачык эле шылдыңдап кабыл алган, ошондон улам Батыштын гезит беттеринде адам укуктарын тепсеген “диктатор” атыккан, ал гана эмес Сингапурга үй-бүлө бийлигин орноткон (өз баласын финансы министри кылганы, кийин премьер-министр кызматына отурганы чын) узурпатор деген сөзгө калган да ушул Ли болгон.

Деле Линин ташбоордугу, адамдан башкача катуулугу, ошону менен бирге боорукердиги тууралуу нечен легендалар, мифтер айтылып да, жазылып да келет. Саясатына каршы чыккан оппозицияны же түрмөгө салып, же шаардан кубалап чыкканы да чындык, темирдей тартип үчүн кээде нака ташбоордук менен жаза колдонгон Ли Куан Ю экени да ырас. Бирок эч качан паракорлук менен жегичтиктен башы чыкпаган жергиликтүү элитаны тап душманы катары терип жок кылып, бара-бара Сингапурду көргөндүн көз жоосун алган чоң шаарга, чоң шаардан экономикасы гүлдөгөн мамлекетке айлантканы да кашкайган акыйкаттык го.

Эми цифраларды карайлы: 1959-жылы жан башына 400 доллардан жылына киреше туура келсе, 1999-жылы 22 миң доллар туура келген. Азыр болсо Сингапур дүйнөдөгү үч экономикасы эң бир шайма-шай, паракорчулук дээрлик жок кылынган байгер мамлекеттин бири.

Эми Сингапур сыйынган саясий моделдин маселесине келели. Журт атасы Ли башынан эле коммунисттик система дегенди жеринен жактырбаган киши экен. Ошон үчүн Сингапурда компартия азыркыга чейин таптакыр тыюу салынган партия. Ли сыйынган негизги система - рынок экономикасы жана бизнес болгон.

Линин сыйынган экинчи модели - Тартип жана Мыйзам. Бир жолу студенттерге кайрылып, Ли Куан Ю мындай деген сөз айтыптыр: “Мени баарыңар ташбоор дейсиңер. Анда эмесе турмушту кантип оңдойлу? Башка жол жок. Силер low and order деген англис сөзүн уктуңар беле? Ал “мыйзам жана тартип” деген сөз. Мыйзам деген нерсе тартип болбогон жерде эч качан сакталбайт. Менин ташбоордугум мына ошон үчүн”.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG