Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:51

Тешебай карыянын өмүр ибараты


"Эскерүү". Асатилла Тешебаевдин сүрөтү.
"Эскерүү". Асатилла Тешебаевдин сүрөтү.

Өткөн кылымдын 50-жылдарындагы айыл жашоосу. Мектепте окуп жаткан кездеги адатка ылайык же бүтпөгөн турмушта өспүрүмдөрдүн эрте үйлөнүп алышы, алардын башына түшкөн кыйынчылыктар жөнүндө Кадамжай районундагы Ак-Терек айылында жашаган Тешебай Кошбаковдун эскерүүсү.

Улуу муун тарыхтын тирүү күбөсү. Алар биз китептен окуган же кинодон көргөн окуяларга катышып, анын жакшылык-жамандыгына ортоктош болгон. Тешебай Кошбаков карыя быйыл 80 жаштын кырында. Аксакалдын өмүрү жөнөкөй кыргызстандыктын өмүр ибараты. Карыя аңгемесин 1950-жылдардын баш чениндеги элет жериндеги катаал жашоону эскерүү менен баштады.

- Ал убакта эркек аз. Мен 5-6-класста окуйм. Жайкысын Тамашада орок оруп жүргөм. "Карабаев Галвайды милициялар кармап келип, Тамашада бир үйгө камап коюптур" деп уктум. Камак эмне экен деп көргөнү бардым Тамашадагы Пада-Күңгөй деген жерге. Үйдүн аркасын аба кирип, салкын болсун деп тешип коюптур. Ал киши үйдө тескери карап отуруптур, көйнөгүн чечип алган, штанчан. Көрүп камак шул экен деп, кыштакка түшүп кеттим. Ал кезде камак деген мен үчүн шаар көргөндөй иш. Шербабаев Ысмайыл деген ираис арадагы адамдардын ушактоосу боюнча каматыптыр Галвайды. Ол убакта алар талаада ийин казат. Алар түнү менен орулган буудайдын башын кыркып, машагын ийнине ташып, кыпкызыл кылып тазалап, анан биттадан (бир-бирден) тизип коёт. Ийинди үстүнөн барып тебелесе, ал жер чукурайып кетет. Галвай ошондой бир ийинди ачып, буудайды тазалап жеген. Шондойду алганды буудай уурдады деп камаган. Аз эле убакка. 1950-жылдар эле. Бир кемпир бир-эки кыз менен буудай терип чогулткан экен. Аны камап жиберип, шоякта (түрмөдө) жүрүп өлүп кетти. Кыздар калды.

Тешебай Кошбаков карыя.
Тешебай Кошбаков карыя.

Тешебай аксакал Кара-Жыгач кыштагындагы Дыйкан колхозундагы Дыйкан мектебинде 7-классты бүткөнгө чейин окуйт. Ал учурда кыргызстандыктардын 70% жакыны айыл жеринде жашаган. Он жылдык мектептер шаарларда жана райондук борборлордо гана болгон. 1950-жылдары түштүктө ата-энелердин көбү кыздарын ал кездеги тил менен айтканда замандан, бүгүнкүчө айтканда, бийликтен коркуп гана мектепке жиберген.

- Согуштан кийинки жылдары кыздарды окутканга алалы десе, ата-энелери берген эмес, орус болуп кетет деп. Мен Үч-Коргондогу Пушкин атындагы мектепте окуганда, 8-класска буягы Тактектен тартып, оягы Айдеркенден болуп, 66 бала топтолгон. Бир кыргыз, бир орус, бир тажик, бир өзбек класс бар. Кыргыз класска балдар батпайт. Окутайын десе орун жетпейт. Шого кыздарды секин-секин бөлүп, Ноокатка кыздар орто мектебине алып кетишкен.

Тешебай Кошбаков орто мектепте окуп жүрүп кээ бир классташтары сыяктуу эле үйлөнөт. Туурасын айтканда, ал али апасынын курсагында экенде атасы кудалашап койгон кызга үйлөнөт.

-1952-жылы энем ооруп калып чилдаашир болуп өлдү. Атам Алайга барып, лесхоздо иштеп жүрүп, Бекмурза деген киши менен дос болуп калат. Анын чоң атасы: Эй, Бекмурза, Кошпак менен дос болгучаңар куда болуп алгыла, - дейт. Шол убакта мен да, ал да энесинин кардыда. Эгер аялдарыбыз уул тууса дос кылабыз деп шерттешет. Пушкинден ар ишемби күнү үйгө келем. Жакшамбида нанды жаптырып, түйүп алып кетем. Бир аптада аны жеймин. Бюджет деловой деп коёт. Мектепте тиги балдардан ашып калган оокат болсо берет, болбосо өзүбүздүн нанды жеп, интернатта жашадык. Иним Балтабай 1947-жылы, карындашым Айзада 1952-жылы туулган. Бюджетчилерге оокатты такай берет. Шонтип 7-класста жүргөндө 16 жашымда аялым Алайдан келди. Декабрга чейин пахта теримде жүрдүк. Анан мени чакырып, тойду түшүрүп үйлөдү. Классташтарымдан каражыгачтык Турдукулов Пазыл, Чавайдын оозунан Жапаров Галдыбай, Кара-Дөбөдөн Жоошов Мойдун да үйлөнүптүр.

Тешебай карыянын өмүр ибараты
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:29 0:00

Тешебай Кошбаков ысымын атаган Жапаров Галдыбай жогорку окуу жайды бүткөндөн кийин экономика илимдери боюнча кандидаттык жактап, алиге чейин Айыл чарба академиясында эмгектенет.

1950-жылдары түштүктө педагогикалык окуу жайды бүткөн мугалимдер жетишпейт. Ошого көпчүлүк мугалимдер аркадан: Чүй, Ысык-Көл, Нарын же Талас тараптан болгон. Ошол аркалык агай Абдыш Токтосунов болбосо Тешебай Кошбаков жакшы окуганына карабай орто мектептен куулуп кетмек экенин карыянын аңгемеси күбөлөйт.

- Абдыш Токтосунов деген аркалык кыргыз директир эде. Директирдин үйү бар мектептин жанында. Аялынын аты Калыйча. Директир аялына: Анавы бала күнүгө үйгө келет, бозо бересиң, кардын тойгузасың деп айтты. А келем, дедим. Күнүгө кире беришке уят. Кирбей койсом чакыртып алат. Анан Абдыш Токтосуновду Ноокатка кыздар орто мектебине алып кетти. Ордуна Өскөн Юлдашев деген тажик директир болду. Ал үйлөнгөн балдардын эсебин таап алып, сельсоветтен жашыруун справка алып, мени жана Турдукуловду кабинетине чакыртты. Адегенде Пазыл, анан мен кирдим. Фамилиябызды сурады. Турдукулов Пазыл үйлөнгөнсүңбү? Жок. "Жалган айтпа. Мына аялың бар, аты манандай" деди. Мен "Атам Алайда иштейт. Энем өлдү. Эки үкам калды: бири - 12 жашар, бири – 10 жашар. Шун үчүн үйлөнгөм" деп түшүндүрдүм.

- "Боптур. Мектептен айдайм. Кетесиңер",- деди директир. Жапаров Галдыбай менен Жоошов Момунду жеңдеринен кармап: «Бизди айдаган болсо, сен экөөңдү да жетелеп кетем»,- дедим.

Анан Абдыш Токтосунов агайга шундай-шундай болду. 10-классты Пушкин мектебинен бүтпөй калат окшойм. Илаажы болсо сизге барсам, деп кат жаздым. Биз Кара-Жыгачтан барган балдар жакшы окучубуз. Себеби, Дыйкан мектебинде Актариев Файзи деген татар директирибиз математик болчу. Ал жүда катырган экен. Биз математика жана башка сабактардан катырып окуйбуз. Башка жактан келгендер бир нерсе.

Кошбаков Тешебай ошо тушта ал кездеги жаштардын салтын кылып, Ноокаттагы кыздар орто мектебинде окуп жаткан мурдагы классташ кызы менен кат жазышып сүйүшүп-күйүшөт да. Мугалимдерден жашырынып, дааратканда айрым өзүндөй эргулдар менен чылым да чегет.

- Танаписте туалетке барып, папырыз чегебиз бекинип. Коңгуроо кагылганда класска баратсам, директир Абдыш Токтосунов артымдан келатыптыр. Ай, Кошпаков, мен сенин маселең боюнча келдим. Окуп тур, - деди. Шону менен аялы бар балдар эптеп бүтүп кеттик. Биз мектепти бүткөн учурда Үч-Коргондогу Пушкин атындагы мектепте бир кыргыз, бир тажик, бир өзбек, бир орус класс бар болчу. Ошондо кыргыз класста 66 адамдан 19 бала калганбыз, ошол 19 бала бүттүк.

Эгер ошондо Абдыш Токтосунов аялы бар бала 10-классты бүтүп алсын деп, Ноокаттан атайылап Үч-Коргонго барып, мектептин директорунан суранбаса, жаңы директор Өскөн Юлдашев алдагы үй-бүлөлүү балдарды айдап жибермектир балким. Болбосо аларды улам кетирем деп коркутуп, суу жүрөк кылып коёру ажеп эмес эле.

Өткөн кылымдын 50-жылдары орто мектептин көпчүлүк бүтүрүүчүлөрүнүн ата-энелеринде уул-кыздарын институтта же техникумда окуткандай ашыкча каражаттары да жок болгон. Андай тагдыр Кошбаков Тешебайдын да башына түшкөн.

- Окууну бүткөндө райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы (заврайОНО) Мыктыев мыкты окуган балдарды иштен алдырып, Ошко алып кетти. Жол киребиз жок. Мыктыев мектепке телефон чалып, түнү менен балдардын ата-энелеринен акча топтоп, акчаны эртең алып келесиңер, балдар кетет деди. Шуну менен Ошто акча жок үч күн туруп калдык. Кыздарга жатакана, тамак берип, бизден бөлүп алды. Шондо ата-энелер пул таппай, колхоздон 500 сом алып барыптыр. Ал убакта документ алып, Жалал-Абадга зооветеринардык техникумга тапшырам деп турсам, Маматбеков деген ага барып калды. Акчаны кыздарга бериңиз деп артка кеттик. Үч-Коргонго келип, райондук статистика башкармалыгында иштеп калдым. Ленинградга окууга жиберебиз десе, атам бардырбай койду.

Кошбаков Тешебай кийинчерээк Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун биология факультетин сырттан окуп бүтүп, өзү алгач билим алган Дыйкан орто мектебинде иштеп жүрүп, ардактуу эс алууга чыккан. Балдары баары тең жогорку окуу жайларды бүткөн.

1Тешебай карыянын аңгемеси 2015-жылы июль айында жазып алынган.

XS
SM
MD
LG