Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:48

Кантсин эл!..


20-кылымдын башы. Кыргыздар түшкү тамак учурунда
20-кылымдын башы. Кыргыздар түшкү тамак учурунда

Кыргыз-түрк "Манас" университетинин ага окутуучусу, филология илимдеринин кандидаты Элмира Төлөкованын 1916-жылдагы Элдик көтөрүлүш - Үркүн тууралуу "Кантсин эл!.." поэмасынан үзүндү.

КАНТСИН ЭЛ!..

(поэмадан үзүндү)

Тик туруп ак падышанын

огуна көкүрөк тоскон

кыргызым… кыргында калып,

кыйналып… кошогун кошкон.

Заман бар 100 жыл илгери

эрксизден боздогон элим…

Падыша ырайым кылбай,

кан жууган кыргыздын жерин.

Найзанын учунда ыргып

чыркырап наристе өлгөн…

Кемпир-чал, аялдар калбай,

чара жок… ажалга көнгөн.

Заман бар миңдеген адам

тирүүлөй өрттөлүп кеткен…

Улуу бир өлкөнүн өктөм

буйругу түбүнө жеткен…

Заман бар кылымдап баккан

кыргыздын тарыхын каткан…

Ал тарых жүздөгөн жылдар

айтылбай сөөккө баткан…

Заман бар эркиндик үчүн

күрөшүп элибиз чыккан…

Жеңилип куралдуу күчкө

орустун бийлиги уткан…

КЫРГЫН...

Орус аскерлеринин кеби:

Аткыла!.. Аткыла!.. Генерал буйрук берди:

«Калтырбай кыргын!.. – деген.

Падышага баш ийбегени үчүн,

тукум курут кылгын!..» деген.

Кыргыла!.. Кыргыла!..

Жер менен жексен кылгыла!..

Аскерге жигит бербөө кандай экенин,

эси-көөнүнөн кеткис кылгыла!..

Аябагыла!.. Аябагыла!..

Аялдардын ичин жарып, баласын алгыла!..

Жаш балдарын отко ыргытып,

эки аяктап басканын өлтүрүп салгыла!..

Качкандардын артынан сая түшүп,

бирин калтырбай кырып салгыла!..

Баш көтөргөн кыргыздын

жашоосуна бүлүк салгыла!..

Өрттөгүлө!.. Өрттөгүлө!..

Калтырбай – үйүн өрттөгүлө!..

Уй байлар жибин өрттөгүлө!..

Тирүүлөй – элин өрттөгүлө!..

Жашаган жерин өрттөгүлө!..

Канын суудай агызгыла!..

Көзүнөн кан тамызгыла!..

Аа-аа, мына сага!.. Мына сага!..

Өлтүр тигини!.. Карасаң качып баратканын!..

Өлгүсү келбей жан талашканын!.. Ха-ха-ха-ха!..

Жолукканын жолдон өлтүргүлө!..

Уктаганын уктаган бойдон өлтүргүлө!..

Укканын ийге келтиргиле!..

Кандай кылсаңар да,

кырылган кыргыздын жерин

кыңк эттирбей, падышага бердиргиле!..

* * *

Кантсин эл?.. Кантсин эл?..

Кыйрады кыйган талдай,

жер баскан адам калбай…

Пулемёт тытырады…

Ажалдан кутулбады...

Арачы болоор – жанга –

калканыч тутулбады…

Кылыч… мылтыктын огу…

жан аябаган мыкаачылардын колунан

кыргызым кыргынга учурады…

Кантсин эл?.. Кантсин эл?..

Айласы кетип турду…

Элимдин зар какшаган үнү

Кудайга жетип турду…

… Өлгөндөн калганы жөө-жалаңдап,

кара жанын сактоо үчүн

Кытайды көздөй кетип турду…

Кантсин эл?.. Кантсин эл?..

Кара таман жолго батпай,

качкандардын саны жүз миңге,

эки жүз миңге жетти…

Өз Мекенинен тынч жашоо таппай,

карайлаган эл жанга калканч издеп кетти…

* * *

Заман бар кара жаны үчүн

кыйналып тентиген элим…

Душмандар сезбеген анда,

жеңилбес Манастын элин…

Үрпөйүп жан арга таппай,

үркүптүр Үркүндө элим…

Падыша өкүмү менен

тарттырып жашаган жерин…

Сандалып жан соога издеп,

Кытайга бет алган элим,

ажалы жетпегендери

ашуудан өтө алган элим…

* * *

Кантсин эл!.. Кантсин эл!..

Ок атып, кылыч шилтеп элди кырган

душмандан өтүп кетти мөңгүлүү зоо…

Борошо…, көгүлтүр муз канжар урбай

элимдин өмүрүнө кетирди доо…

Кантсин эл!.. Кантсин эл!..

Арбашты муз тиштеген ажал менен,

үмүттү үзбөйт, чиркин, адам деген…

Бири өлүп, бири калып ашуу ашты

жарышып колу-бутсуз шамал менен…

Бек карма!.. Муздан тайып кетериң эп!..

Чыда, ата, алдыда элге жетели!.. – деп…

Катыгүн!.. Апа-аа!.. деген үн жаңырат…

Да бирөө: – Маңдайына жазылган… деп…

Куюлуп жүктүү көлүк жардан кулайт…

Тирилик бир Кудайдан өмүр сурайт…

Болгондой жарык дүйнө астын-үстүн,

Ак-Өгүз – кыл көпүрө – жанды сурайт… (Ак-Өгүз – ашуу)

Жетпестир ал кыргынды айтууга кеп…

Мөңгүлөр Ала-Тоого курулган чеп,

заңкайып улуу көчкө көз салууда

адамзат тилсиз жоону жеңеби деп…

ЭЛДИН ЫЙЫ

Апакебай!.. жете албайм… ашуу бийик…

жолдош болоор сөөгүңө бөрү…, кийик…

Бул дүйнөнү тополоң тозго айлантты,

гүлдөп турган жашоомо душман тийип…

Атакебай!.. кастарлап көмө албадым,

капыс келген ажалдан бөлө албадым!..

Сөөгүңдү ит-кушка жем кылдырдым…

бул ашуудан жакшылык көрө албадым!..

Каралдым ай!.. Кантейин, жаным бөлөк,

өйдөдө өбөк, ылдыйда мага жөлөк

болот деген баламды алдың ,Кудай!..

Мени алсаңчы, боздотпой, андан көрөк!..

Суукка тоңуп, томпоюп… калды, агам,

заман болду топурак салдырбаган…

Көк жалтаң муз кылычсыз кырды баарын,

жологонду жонунан алдырбаган…

Көмүлбөстөн ашууда калды эжем,

бирге тоңуп өмүрлүк жары менен…

Түшкө киргис жашоого туш болдук го…

беттешип биз тирүүлөй «тозок» менен…

Балтыр бешик бала элең иним, кантем,

корумдадык, айла жок… чоң таш менен…

чуу чыгарып, өкүрүк чыгартпаган

заман болду… муунтуп жанды жеген…

Көзү тунуп, ирмелбей калды сиңдим…

тополоңсуз жашоонун баркын билдим…

Көч нугунан бөлүнүп чыга албай…

көп күнөөнү, кантейин, монума илдим…

Кош!.. кантейин, көмө албайм, жандай досум!..

жылыш керек бул көчтөн калбай, досум!…

Ажал аңдып аркамдан тооруп турат,

ачкалыктан ал-кубат калбай, досум!..

Томолонуп… тоо-тоодо калды элим…

бейит кылбай бейиштей туулган жерин…

кууратты го, Теңирим, тетир карап,

алдан тайып, алсырай түштү элим…

Кара курсак курулдап, жанды кыйнап,

чоңдор чыдайт… Ачкадан балдар ыйлап…

Кара жандын айласын таба албай,

эл кыйналды… оңойбу, жанды кыймак…

Кантсин эл!.. Кантсин эл!..

Баш ийип бир Кудайдын жазганына,

сүйүнүп бир ажалдан калганына,

тырмышып андан ары жолун улайт,

муюшуп тагдыр башка салганына…

ӨМҮР ЫРЫ

Оо өмүр, Улуу көчтө кылкылдаган

оору, ажал, жокчулукка жыртылбаган…

жол тоскон жоготууга моюн бербей,

тереңден колун сунуп жылтылдаган.

Оо өмүр, аккан суудай шашып турган,

мүрөктүн тамчысындай ташып турган…

арбашып Ажал деген душман менен,

алдырса… өз ызасын басып турган.

Оо өмүр, бөксөрсө да мертинбеген,

ажалга көөдөн тосуп серпилбеген;

өзөктө кубат берип ойноп турган

күү сымал бул дүйнөдө чертилбеген.

Оо өмүр, жашоо деген нурдан бүткөн,

жетип же, жетпей тилек, ойго күткөн…

айланып каректеги мөлтүр жашка,

баттың ээ – бет арчыга чарчы бүктөм…

Алышып кар-тозоңдуу суук менен

Оо өмүр, тириликте – жеңилбеген…

жоготуу канча болсо ошончолук

эл жашайт каныбызда дирилдеген…

Кармашып кылымдап өч душман менен

жан сактап… жоголууга жол бербеген

элимден калган – өмүр – кандай баалуу –

жазылган таалайына кыргыз – деген…

* * *

Каржалып көз жашын төгүп,

жылаңач үшүгөн элим…

Жокчулук өзөгүн өрттөп,

ачкадан шишиген элим…

Какшаалдын карандай суугун

камыкпай көтөргөн элим…

Төшөксүз сыз жерге түнөп,

күрсүлдөп жөтөлгөн элим…

Жалданып жан багуу үчүн

бөтөнгө кул болгон элим…

Бааланып кара жан эрксиз,

тамактык пул болгон элим…

Кыйырсыз Кытайга батпай,

журтуна зар болгон элим…

Заманга каргышын айтып,

алсырап кар болгон элим…

Көрсөтпөй көз жашын сүртүп,

мекенин сагынган элим…

Куласа Падыша тактан,

Кудайга жалынган элим…

Эл-журту көзүнөн учуп

кайтууга камынган элим…

Сандалып ашуу-бел ашып,

жерине тайынган элим…

Заман бар кылымдап баккан

кыргыздын тарыхын каткан…

Ал тарых жүздөгөн жылдар

айтылбай катылып жаткан…

«Үркүн» деп айтуудан коркуп

үрпөйүп үрөйү учкан

заман бар… эркине көнүп,

өзгөнүн мыйзамын туткан…

Элимди көөдөнгө муштап,

эсине келтирет Үркүн…

Эркиндик желеги сымал

желбирейт тарыхта – Үркүн!..

Кыргындуу Үркүнгө чыдап,

көч башын улаган элим,

азса да урпакка – сактап,

бералган – Манастын жерин!..

XS
SM
MD
LG