Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:38

Текебаевдин камалышы: Митингчилер эртеңкиге чейин тарашты


Өмүрбек Текебаевдин бошотулушун талап кылып УКМК алдында өткөн митинг тарады. Уюштуруучулар нааразылык акциясы эртең Ак үй алдында уланарын айтышты.

"Ата-Мекен" партиясынын лидери Текебаевди Башкы прокуратура орус жаранына карата алдамчылык жана коррупция аракетин жасаган деген шек менен кылмыш иш козгоп, Биринчи Май райондук соту аны эки айга камакка алды.

Саясатчынын тарапкерлери муну оппоненттерге карата жасалган куугунтук деп атоодо.

Бүгүн УКМК алдындагы митингге 300дөй адам чогулду. (RK)

XS
SM
MD
LG