Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:14

1916-жыл: суроосу арбын Улуу көтөрүлүш


Ташманбет Кененсариев Санкт-Петербургдагы тарых архивинде 1916-жылдагы окуялар боюнча маалыматтарды издеп жаткан учуру.

Ташманбет Кененсариев Санкт-Петербургдагы тарых архивинде 1916-жылдагы окуялар боюнча маалыматтарды издеп жаткан учуру.

1916-жылкы Улуу көтөрүлүштү 1920-жылдардан бери ушул убакка чейин изилдеп келишкен окумуштуулар, коомдук жана мамлекеттик ишмерлердин жыйынтыктарына карап, кыргыз тарыхнаамасы бул илимий маселе боюнча жаңы бийиктиктеги методологиялык принциптерге толук өтө электигине, тарыхнаамалык талаш-тартышка түшкөн илимий суроолор дагы эле арбын экендигине ынанууга болот.

Ошондуктан 1916-жылкы Улуу көтөрүлүштү изилдөөнүн методологиялык негиздерине азыноолак токтолуп кетүүнү туура таптык.

Мындан 100 жыл мурунку кыргыз элинин тагдырындагы эң катаал жана кайгылуу күндөр болгон 1916-жылкы улуу көтөрүлүш боюнча фактылык материалдар жетишерлик. Бирок, айрым бир концептуалдык көз караштар менен методологиялык негиздер 1916-жылкы окуяларды башкача өңүттө тереңдеп кароого шарт түзөт деп ойлоймун.

Ал методологиялык негиздерди толук аңдабай туруп изилдөөгө киришүү маселенин жеткиликтүү чечилишине зыянын тийгизери, анын ар тараптуу кырларын билүүгө чийкилик кылып, маселе боюнча так жана туура корутунду чыгарууга кедерги болору айкын.

Демек, бул тарыхый апаат жылдарды изилдөөдө толук кандуу методологиялык негиздерди билип алуу зарыл деп эсептеймин. Алардын ирилерине токтоло кетели.

1916-жылкы көтөрүлүштүн өбөлгөлөрү жөнүндө

Улуу көтөрүлүш жөн жерден эле чыга калган окуя эмес. Азыркы изилдөө методологиясында тарыхыйлык (историзм,) системдүүлүк жана бири-бири менен байланыштуулук деген жоболор (принциптер) бар. Алар көтөрүлүштү ар тараптуу изилдөөнүн жетектөөчү негиздери боло алат. Мындан биз эмнелерди биле алабыз?

Тарыхыйлыкты (историзм) деген принцип “кандай элек, кандай жолдор менен өнүгүп, кандай абалга келдик жана канттик”, деген суроолорго жооп табат.

Ал эми системдүүлүк жана бири-бири менен байланыштуулук принциби Кыргызстан өзүнчө гана жашап турган чөлкөм эмес, ал ар кандай коомдук абалда жашаган башка чөлкөмдөр, мамлекеттер менен карым-катнашта турат, ал алакалар кандай болгон жана алардын кыргыз элине кандай таасирлери бар, деген суроолорду тактайт.

Демек, 1916-жылкы окуялардын өбөлгөлөрү, Кыргызстандын Орусиянын курамына колония катары киргенден баштап эле калыптанган.

Көтөрүлүштүн өбөлгөлөрү жөнүндө айтып жатып, анын 1873-76-жылдардагы Ферганадагы азаттык кыймылдарынын, Полот хандын көтөрүлүшүнүн, Кокон хандыгынын жоюлуп, анын ордуна Фергана облусунун түзүлүшүнүн, кийин 1880-90-жылдардагы “Жетим хандын козголоңу”, “Мамырдын козголоңу” сыяктуу кичи кыймылдардын, айрыкча 1898-жылкы Анжиян-кыргыз көтөрүлүшүнүн, 1905 - 07-жылдардагы азаттык идеологиясынын жанданышынын, жадиддик кыймылдардын, коңшу казак элинин агартуучуларынын алаш кыймылынын таасири да 1916-жылкы көтөрүлүштүн өбөлгөлөрү болгондугун баалашыбыз абзел.

Орусия сыяктуу метрополиялар эмне үчүн Кыргызстан сыяктуу колониялык ээликтерге умтулушкан? Анын эң тереңинде экономикалык жана соода кызыкчылыгы жатат. Андан кийинки орунда жер байлыгы, жер алдындагы жана үстүндөгү материалдык баалуулуктар, кен байлыктар, суу жана энергия ресурстары турат. Аталган кызыкчылыктарды канааттандыруу үчүн колонияларда элдерди көз карандылыкта кармап туруучу мыйзамдар, жоболор иштелип чыгылат, бул максатка кедерги болгон бардык факторлор нейтралдаштырылат, эл аралык дипломатия, атүгүл куралдуу жолдорго чейинки каражаттар колдонулат. Керек болсо демографиялык саясат, социалдык иш-чаралар, кадр саясаты, бюрократиялык аппарат, руханий иш-чаралар колониялык аймактарда метрополиянын кызыкчылыгына багындырылат.

Ошол кызыкчылыктарды ишке ашыруучу жана 1916-жылкы көтөрүлүшкө алып келген эң башкы себептердин бири “орусташтыруу” (русификация) деп аталган алысты болжолдогон концептуалдуу саясаты болгон.

Бул саясат кайдан келип чыкты?

Европалык колониялык системаларда, мисалы Англияда же Францияда метрополия менен колониялардын ортосун океан, тоо кыркалары, чөлдөр, башкача айтканда, ири географиялык тоскоолдуктар бөлүп турат. Ал эми орус метрополиясы болуп эсептелген борбордук Орусия менен анын колониялык чет-жакаларынын ортосунда адам өтө алгыс географиялык тоскоолдуктар жок. Сибирь, Кавказ, Орто Азия сыяктуу чет жакалар Орусиянын “эзелки аймактарынын уландысы” катары каралган. Орусиянын колониялык саясаты үчүн мындай өзгөчөлүктүн геосаясаттык чоң мааниси бар болучу. Анткени, Орусиянын улам каратылып алынып жаткан колониялык чет-жакалары акырындык менен узак мөөнөттүн ичинде борбордук губерниялар менен бири-бирине сиңирилип олтуруп, накта орус жерине айланып кетүүгө шарт түзгөн. Бул “орусташтыруу” саясаты эле.

Орусташтыруу концепциясына стратегиялык кеңири маани берилип, аны аткаруу мөөнөтүнө узак жылдар белгиленген. Түркстан жана анын элдери акырындык менен экономикалык, социалдык жана улуттук жагынан Орус империясына толук биригип кетүүсү, атүгүл идеологиялык, руханий, дин жагынан да, одоно айтканда ”орус кылуу” максаты коюлган. Чынында, кийин совет доорунда Сибирь, Түндүк жана Ыраакы Чыгыштын элдери тигил же бул улуттук азчылыкты көрсөтүп турганы менен, жүрүм-туруму, кулк-мүнөзү, кебете-кешпири, менталитети орустан айырмасы жок адамдар болуп калышкандыгын ким тана алат...

Демек, орусташтыруу саясаты 1916-жылкы көтөрүлүштүн эң негизги өбөлгөсү болгон.

Улуу көтөрүлүштүн себептери жана шылтоосу жөнүндө

Орусиянын Кыргызстанды каратып алуусу, анын административдик, социалдык-экономикалык жана руханий колониялык саясаты, жер маселелери жана орус келгиндерин жайгаштыруу, колониялык доордогу жер-суу, салык реформалары, жергиликтүү калктын менталитетинин, руханий баалуулуктарынын бузулушу, маданий жана диний кысмактар, Орусиянын, коңшу Кытай мамлекетинин кыргыздарга карата болгон импердик мамилеси жана башка ушул сыяктуу маселелер Улуу көтөрүлүштүн чыгып кетүүсүнүн себептери болуп, аны комплекстүү түрдө акырындык менен даярдай берген.

Себептердин эң орчундуусуна “жер маселеси” кирет. Орусташтыруунун бирден-бир каражаты катары бул жактарга орус улутундагы оокаттуу келгиндерди көчүрүп келип, жерге жайгаштыруу болучу. Келгиндерге падышачылыктын Кыргызстандагы ишенимдүү таянычы катары 1860-жылдардан баштап эле маани берилген. Албетте, бул иш-чараны аткаруу үчүн жер керек эле. Демек, кыргыздардын атам-замандан бери эгин айдап, мал баккан жер ээликтери жана жайыттары улам жер которуп келип жатышкан орус келгиндеринин колуна активдүү темп менен өтүп турган.

Жер маселеси айрыкча 1890-жылдардын башында Орусиянын ички аймактарында болгон ачарчылыктан кийин, өзгөчө падышачылыктын 1906-жылдын 9-ноябрындагы агрардык маселе боюнча жарлыгы 1907-жылы мурунку ички иштер министри катары макамдыгын сактоо менен падышачылык Өкмөттүн Министрлер Советинин төрагалыгына келген П. А. Столыпиндин баштаган агрардык реформасынын аткаруунун жүрүшүнөн улам курчуп кеткен. Ички Орусиядагы миллиондогон дыйкандардын жер ээликтерин рынок шартына өткөрүү максатындагы агрардык реформа ал жакта сандаган жерсиз, ачка дыйкандардын катмарын пайда кылган. Так ошол дыйкандар “бакыт издеп” империянын Себирь, Түркстан сыяктуу чет жакаларына “өз алдынча” самсып келе баштаган.

Мындай келгиндерди жайгаштыруу үчүн бир гана жол – жергиликтүүлөрдүн жерлерин ар кандай ыкма менен келгиндерге алып берүү болучу. Агрардык өнүгүүнү жон тери менен сезе баштаган кыргыз жакырларынын отурукташуусун сөз жүзүндө жактамыш болуп, бирок иш жүзүндө колдобогон орус чиновниктери кыргыздын сугат жана түшүмдүү жерлерин келгиндерге арлып берүүгө ашыгышкан. Мындан келип чыккан жер теңсиздиги, анын натыйжасында болгон социалдык кыйынчылыктар, элдин жакырдануусу, жер-суу реформасы кезиндеги салык системасы жана башка иштер 1916-жылкы көтөрүлүштүн себептерин толуктаган.

Демек, 1916-жылдагы окуя узак жылдар бою бышып жетилген жана чыгып кетиши мыйзамченемдүү жараян. 1916-жылдын 25-июнундагы падышачылыктын жергиликтүүлөрдөн эр бүлөлөрдү тылдык жумуштарга чегерүү (бул термин жергиликтүү орус чиновникетери тарабынан “реквизициялоо” деп аталып келет) жөнүндөгү жарлыгы шылтоо гана болгон. Чынында кыймыл андай жарлыксыз деле эртеби-кечпи башталат эле.

Көтөрүлүштүн кыймылдаткыч күчтөрү жөнүндө

Мурунку маркстик көз карашка негизделген советтик тарыхнаамада азаттык кыймылдар таптык көз карашта берилип, оокаттуу инсандардын тигил же бул окуялардагы жетекчилик ролу көмүскөдө калган. Тигил же бул азаттык кыймылга катышкандардын социалдык курамы негизинен кедей-дыйкан чарбалардан турган деген пикир болгон. Бул пикирге кошулууга да болот, бирок мурунку тарыхнаамада орун алып келген “таптык көз карашты” бүгүнкү күндө абсолютташтыруунун зарылчылыгы жок. Албетте, кыймылдын катарында эмгекчи эл массасы турду, бирок аларды баарын уруу башчылары жетектешкен.

Канат Ыбыке уулу, Мөкүш Шабдан уулу, Алымкул Таабалды уулу, Түлкү уулу Тезекбай манап, Медет датканын тукуму Көкүмбий Чыны уулу, Баатыркан Ырайымбек уулун, Баатыркан Ногой уулу сыяктуу көрүнүктүү журт башчылары көтөрүлүшкө багыт берип турушкан. Атүгүл, 1873 - 75-жылдардагы Искак Асан уулу Полот хандын, 1879-80-жылдардагы Жетим хан менен Мамыр Мерген уулунун, 1898-жылкы Анжыян-кыргыз көтөрүлүшүнүн негизги түпкү идеясы кыргыз мамлекеттигин сактап калуу болгондугун изилдөөлөр далилдеп жатышкандыгын эске алуу менен 1916-жылкы көтөрүлүштүн Кыргызстандын түндүк аймактарында август айындагы өтө чыңалган активдүү жүрүшүндө жогорку аталган көрүнүктүү кол башчылардын айрымдарынын “хан” көтөрүшү кыргыздардын мамлекеттүүлүктү калыбына келтирүү идеясынын кайрадан жогорку деңгээлге көтөрүлгөндүгүн айгинелет турат.

Замандын ал кездеги шартында кыргыз көтөрүлүшчүлөрү кыймылга таптык белгилери менен эмес, колониализмге каршы күрөштүн тегерегинде биригишкен. Бул биригүүнү улуттук деп таанууга да, төмөнкү социалдык катмардын көтөрүлүшү деп таанууга да болбойт. Бул фактылар кыймылдын жалпы элдик болгондугун айкындайт. Демек 1916-жылкы көтөрүлүштөн кыймылдаткыч күчү таптык белгисине карабай колониализмге каршы бириккен, оокаттуу уруу башчылары же баатырлар жетектеген жалпы эл катмары болгон. Мындай көз карашта жеке инсандын тарыхтагы орду да айкын белгиленет.

1916-жылкы көтөрүлүштүн жыйынтыктарын тарыхый жактан баалоо

Көтөрүлүштү баалоо аракеттери 1920-жылдардагы изилдөөчүлөр тарабынан эле болгон. Маселен, Т. Р. Рыскулов алгач “Орто Азия аймагына көп аскерлерди киргизүү үчүн көтөрүлүш падышачылыктын күн мурунтан ойлонулган иши катары баалаган. Г. И. Бройдо “колониялаштырууну улантуу үчүн жерлерди бошотуу максатында, көтөрүлүш администрация тарабынан уюштурулган “провокация” деген ишенимде эле. Е. Федоров аттуу тарыхчы 1916-жылкы көтөрүлүштү үйсүз, жерсиз дыйкандар катышкан массалык түрдөгү кыймыл, ал кыймыл орус мамлекетине гана эмес, жергиликтүү, байларга, манаптарга каршы багытталган деп санаган. Жусуп Абдрахманов көтөрүлүш падышачылыкка каршы багытталып, бардык орустарга каршы мүнөздө болгон деген пикирди айткан жана көтөрүлүшкө айрым бай-манаптардын жетекчилик кылышын прогрессивдүү көрүнүш катары баалаган. Ал эми Б. Исакеев: “байлар жана манаптар... чыккынчылык иштерди жүргүзүшкөн жана падыша өкмөтү үчүн агенттик ролду ойношкон», -деп ишенген. Демек, 20–30-жылдардан баштап эле 1916-жылкы көтөрүлүштүн маңызы жана аны баалоо боюнча талаш-тартыштар башталган.

30-жылдарда Т. Р. Рыскулов “1916-жылы көтөрүлүш падышачылыкка гана каршы эмес, кыргыз элинин жогорку катмардагы эзүүчүлөрүнө каршы да багытталган” деген пикирди айткан.

Кийин 70-жылдарда К.У.Үсөнбаев “1916-ж көтөрүлүш улуттук–боштондук, антифеодалдык, антиаскердик, антиимпериалисттик, жана революциялык мүнөздө болгон” деп тыянактаган. Бул пикирди профессор А. Х. Хасанов да колдогон.

Эгемендик доордо көтүлүштү бир катар тарыхчылар жаңыча баалай баштаган. Маселен, Т. К. Чороев кыргыз элинин манаптары Россия империясына баш ийбеген өз алдынча көз карандысыз мамлекет түзүү үчүн күрөшкөн деген пикирди сунуштаган. Т. Өмүрбеков, Т. Шейшеканов, М. Махмутбекова сыяктуу окумуштуулар жалпысынан 1916-жылкы көтөрүлүштү антиимпериячыл, антиорусиячыл, антипадышачыл, антиколониячыл, улуттук-боштондук күрөш катары баалашат.

Биз жогорку көз карашка кошулуу менен, 1916-жылкы окуя улуттук-боштондук кыймыл болгон деген терминди туура деп ойлойбуз. Демек, 1916-жылкы окуя антиимпериячыл, антипадышачыл, антиколониячыл, улуттук-боштондук көтөрүлүш болгон.

Терминдер тууралуу

Азыркы тарыхчылардын, коомдук ишмердердин арасында “Улуу көтөрүлүш”, “Улуу Үркүн” деген сөздөргө анча айырма беришпей келүүдө. 1916-жылкы бардык окуяны бир эле сөз менен “Улуу Үркүн” же түз эле “Үркүн” деп эле атап койгондор бар. Атүгүл “үркүн” деген сөз “малдын, жаныбарлардын үрккөнүн билдирет, ошондуктан аны колдонуудан алып салуу керек” дегендер да чыгууда. Бул терминдердин айланасындагы ача пикирлер бир жактуу болсун десек төмөнкү эки нерсени эске алуубуз абзел.

Биринчиден, 1916-жылкы окуяны ошол жылы бул окуянын башталышы катары Кожентте жергиликтүү кыргыздар, тажиктер жана өзбектер болуп 4-июлда башталган окуядан, июль айында Фергана өрөөнүнүн бардык шаарлар менен ири конуштарында болуп өткөнүн, Алай өрөөнүнүн айрым бир урууларынын падышачылыктын жазалоочу отряддарынан чочулап, ошондо эле Кашкар тарапка качууну (үркүүнү деп түшүнүңүз) ойлоп, бирок аны колониялык бийликтер токтотуп калгандыгын, түштүк кыргыздарынын айрым бир өкүлдөрүнүн теңиртоолук, чүйлүк, көлдүк жана таластык кыргыздарга “түштүктө башталган кыймылды колдоого" чакырып кат жөнөтүшкөндүгүн, анан август айында Кыргызстандын түндүк аймактарында түштүктө баштаган кыймылды “колдоп” гана тим болбостон, орус падышачылыгына каршы толук кандуу согуш ачып, курал менен Улуу көтөрүлүшкө аттангандыгын, бирок “тишине чейин куралданган” колониялык жазалоочулардын кыргынына чыдабаган “кара келтек карапайым эл” күзгө таяп Кытайга кача баштагандыгын бүтүндөй бир этаптуу окуя, жараян (процесс) деп кабыл алуу зарыл.

Экинчиден, ал жараянды эки баскычка бөлүп кароо керек. Биринчисин – “Улуу көтөрүлүш” деп, ал эми экинчи баскычын “Үркүн” деп атоо тарыхый жактан туура болор эле.

Үчүнчүдөн, “үркүн” деген термин, албетте, кыргыздын турмуш-тиричилиндеги “малдын үрккөнүн” билдирүүчү этиш сөз. Бирок, ал анын тар маанисинде. Кең маанисинде “үркүн” сөзү тээ дүйнөгө атагы чыккан Махмуд Кашкаринин (Барскани) мезгилинен келе жаткан, кайсыл бир чоң апаатта элдин “үркүүсүн” атаган, кыргыздын гана эмес, бүтүндөй түрк элдеринин төл сөзү. Демек, “бөйрөктөн шыйрак чыгарбай” эле 1916-жылкы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн жеңилип калгандан кийинки уланышы катары эсептелген экинчи баскычын “үркүн” деп атоо, атүгүл анын оордугун жана миңдеген адамдардын өмүрүн жалмаган көлөмүн эске алсак “Улуу үркүн” деп атоо жөндүү.

1916-жылкы көтөрүлүштө өмүрү кыйылган элдин санын аныктоо

Окумуштуулар 1916-жылдагы көтөрүлүштүн мезгилинде, андан кийинки Үркүндө жана Теңир-Тоого кайтууда өлүмгө учураган кыргыздардын санын ар кандайча беришет. Сандар эң жогорку 1 млн (С.Кыдыралиев) , 400 миң, 150 миң, 60 миң , атүгүл 37 миң (Ш.Батырбаева).

Үркүндө качкан элдин саны 35 миң түтүн же 160 миң адам, анын 130 миңге жакыны кыргыздар болгон делинет изилдөөлөрдө. Жалпы жоготуу 1917-ж. январына карата Жети-Суу облусунда 38 миң түтүн же 150 миң киши болгон деп саналат. Көтөрүлүш Жети-Суу облусунун үчөөндө, анын ичинде Кыргызстандын аймагында Пишпек менен Пржеваль ойоздорунда чоң масштабда өткөн.

Эгер 1917-жылга чейинки эл санактарда бардык түндүк-түштүк, атүгүл өзбекстандык жана тажикстандык кыргыздардын жалпы саны 1 миллионго жетпегенин, анын 40 пайызга чамалуусу Кыргызстандын түндүк аймактарында жашагандыгын эске алсак, логикалык божомол-салыштырмалуу ыкма менен жалпы жоготуу 120 миң адамдын тегерегинде болгон деп божомолдоого болот.

Айта кетүү керек, 1916-жылкы кыймылдын өөрчүү процессинде өмүрүн жоготкон адамдардын саны боюнча тарыхчылардын изилдөөлөрү али так жыйынтыкка келе элек. Бул маселеге байланыштуу 2016-жылдын ичиндеги изилдөөлөрдө салыштырмалуу чындыкка жакын сандар айтылат деп күтө туралы.

Кыргынды мүнөздөө же баалоо

Кыргындын мүнөзү боюнча пикирлер ар кандай. Айрымдар, айрыкча коомдук ишмерлердин радикалдуу багытындагылар пландуу тукум курут – геноцид болгон дешсе, айрымдары тек жазалоодогу жоготуу гана болгон дешет. Бул баалоодо төмөнкүнү эске алуу керек.

Геноцид - тигил же бул улутту, этносту, расаны, диний жамааттагы кайсы бир топту толук же жарым-жартылай жок кылып жиберүү үчүн уюштурулган пландуу жана максаттуу иш-чара (Орусчасы - гректердин γένος — род, племя жана латынча caedo — убиваю) деген терминдеринен куралып айтылган. 1944-жылга чейин "геноцид" термини колдонулган эмес. Аны алгачкы жолу польшалык еврей улутундагы юрист Рафаэль Лемкин (1900-1959) фашизмдин еврейлерди тукум-курут кылуу саясатына карата киргизген. Геноцидди кыргызча тукум-курут деп которсо болот.

Кыргын деген кыргызча сөз бар. Ал орус тилинде “истребление” деген маанини берет. Кыргын деп тигил же бул урууну, элдин бөлүгүн жок кылууга, талкалоого багытталган аскерий иш-чараны түшүнөбүз.

Демек, 1916-жылкы көтөрүлүштү жазалоо иш-чарасы кыргынга, же орусчасы “истреблениеге” туура келет. Демек, бул маселе боюнча тарыхчылар жана коомдук ишмерлер 1916-жылкы көтөрүлүштүн кесепеттеринен болгон адам жоготуу фактысын илимий деңгээлде баалоо менен бирге жыйынтыкталган пикирин айтууга тийиш.Жыйынтыктап айтканда, 1916-жылкы улуттук-боштондук кыймыл, анын өбөлгөлөрү, себептери, шылтоосу, башталышы, жүрүшү, жыйынтыктары, Үркүн жана анын кесепеттери боюнча тарыхый тастыктоолор, баалоо али толук аяктай элек. Бул маселе качан гана тарыхый изилдөөнү өз логикасы, методологиялык негиздери жана тийешелүү ыкмалары менен алып барганда гана туура чечилет деп ойлойбуз.

Кененсариев Ташманбет, билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкер, тарых илимдеринин доктору, профессор. Электрондук дареги: t.kenensariev@gmail.com

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG