Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:25

Гонконгдо полиция активисттерге күч колдонду


Гонконг. Полияция демонстранттардын тосмолорун бузууда. 30-ноябрь, 2014-жыл.
Гонконг. Полияция демонстранттардын тосмолорун бузууда. 30-ноябрь, 2014-жыл.

Гонконгдо демократиячыл активисттердин өкмөт отурган имаратты курчоого алуу аракетине полиция катуу каршылык көрсөттү.

Кагылышта полиция акциянын катышуучуларына каршы ачуу газ, желим союл колдонуп, бери дегенде 40 адамды камакка алды.

Гонконгдон келген видеодо полиция акциянын катышуучусубу, журналистпи карабай, желим союлдар менен четинен былчылдатып уруп, көзүнө калемпир сууну чачып, жерге жыгылганын сүйрөп, камап жатканын көрсө болот.

Демократиячыл активисттердин полиция менен айгышкан кагылышуусу алардын чатырын полиция күч менен тазалоо аракетинен улам башталган.

1-декабрга караган түнү демонстранттар каршылыгын күчөтүп, өкмөт отурган имаратты курчоого алууга жана анын жолун тороп салууга аракет кылышкан. Студенттердин лидери Алекс Чоу демонстранттардын бул аракети аргасыз кадам болгонун белгиледи:

- Бүгүнкү акциябыздын максаты - өкмөткө кысымды күчөтүү, себеби сиздер көрүп жаткандай, өкмөт элдин саясий реформа боюнча мүдөөсүнөн качуу тактикасын тандап алды. Эгер өкмөт бизге оң нукта жооп берүүсүн көздөсөк, биз ага басым жасоону күчөтүүбүз керек. Өкмөттүк имаратты камалоо, бийликти коомдун муктаждыгына жүз бурууга мажбурлоонун аргасы.

Ошол эле учурда Гонконг полиция өкүлү жолду тоскондор толугу менен тазаланат деп маалымдады. Гонконгдун администрация башчысы Лян Чжэньин кагылышууга барган демонстранттарга эскертүү жасады:

- Бүгүнтөн тартып полиция өз милдеттерин аткарууда чечкиндүү чараларга барат. Мен буга чейин турган жерлерине бүгүн кечте да кайтып келүүнү көздөгөн студенттерди муну жасабоого чакырам. Полициянын буга чейинки сабырдуулугу алар кырдаалды көзөмөлдөй албаганынан улам деп ойлобогула. Полициянын сабырдуулугу анын алысыздыгы деп ойлоп, жаңылышпагыла. Коомдук тартипти мүмкүн болушунча сактоо полиция менен өкмөттүн жоопкерчилиги.

Кол чатырчан демонстранттар.
Кол чатырчан демонстранттар.

Өткөн жумада Монкок районунан протестчилердин кепелерин тазалоо учурунда жүздөн ашуун адам камакка алынган.

Демонстранттардын көпчүлүгүн студенттер түзөт жана алар Пекинден 2017-жылы өтө турган аймактагы шайлоого кийлигишүүсүн токтотууну талап кылып келет.

Август айынын аягында Кытай бийлиги Гонгконгго жергиликтүү бийликке жетекчилерди жалпы добуш берүү менен тандоо укугун берген, бирок алар көрсөткөн талапкерлер гана шайлоого катыша алат деген шарт койгон.

Жаш активисттердин демократиялык реформаларды талап кылган массалык каршылыктары сентябрдан бери уланып келет.

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG