Линктер

Бир жолу жаңы кийим менен эл алдына чыккан модел кыз Кыргызстанда бир күндө 200 же 300 сомдон гана киреше таба алат. Акчанын аздыгынан улам бул кесипти таштап кеткендер көп болгону менен, айрым сулуулар кошумча жумуштарда иштешет.

Моделдик бизнес Кыргызстанда өтө кеңири масштабда өнүгүп, чет жактагыдай миллиондогон акчалар айланбаса да, жылдан-жылга ага тартылган кыздардын саны арбын.

2008-жылы Нью-Йорктогу көп кабаттуу мунаралардын биринен боюн таштап каза болгон орусиялык жыйырма жаштагы топ-модель Руслана Коршунованын окуясы дүйнөдөгү миңдеген модел кыздардын тагдырындагы кыйынчылыктарды ачык көрсөттү.

Түстүү журналдар менен экрандын гана жүзү болуп чектелбей, эл назарына чыккан кыздарды депрессия, жумушсуздук, көз боёмочулардын курмандыгы болуу жана эркектердин азгырыгы сыяктуу татаал тоскоолдуктар күтүп турат.

Кыргызстанда моделдик бизнес 2000-жылдары East Models, Vit-Line сыяктуу мода үйлөрдүн ачылышы менен башталган. Азыр болсо бул тармакта жүздөгөн сулуу кыздар эмгектенип, ондогон агенттиктер бар. Ушундай жолго багыт алган кыздардын бири - 18 жаштагы Чолпон.

- Апам бул жумушка кирбе деген. Шоу-бизнеске аралашып эмне кыласың деп урушкан. Мен болбой эле, жок дегенде өзүм үчүн болсо да туура басканды, отурганды үйрөнөйүн деп моделдик мектептен окуганмын. Үч айлык курсту бүткөндөн кийин бизди мода көрсөтүүгө чакыра башташты. Азыр да чакыруулар болот. Негизи эле боёнгондо кыйналабыз. Макияжга керектүү нерселерди өз акчабызга алабыз да. Кийимди болсо дизайнерлер беришет. Мен эми денемди көрсөтүп кийинбегенге аракет кылам.

Сөзгө Чолпондун шериги Жазгүл да аралашып, бул жаатта толгон тоскоолдуктар барын айтты:

- Мен байкагандан бут тосуулар ар кандай жарыштарда көп болот. Конкурска даярданып жатсаң эле көйнөгүңдү уурдап кетишет же бут кийимдин такасын сындырып коюшат, кээде болбогон эле майда-чүйдө нерселер менен маанайыңды чөктүрөт. Маселен, байпагыңды жыртып коюшу мүмкүн. Конкурска чейин жакшы мамиледе болуп, дос болуп жүргөн кыздар атаандаша келгенде душман болуп чыга келишет.

Strasbourg Fashion журналы быйыл кыргызстандык дизайнер Жумагүл Сариеванын “Чапан” коллекциясын башкы бетине чыгарган.

Strasbourg Fashion журналы быйыл кыргызстандык дизайнер Жумагүл Сариеванын “Чапан” коллекциясын башкы бетине чыгарган.

Модель кыз-келиндердин көбү эки учурда депрессияга кабылып, кыйналарын батыштын психологдору аныкташкан. Биринчиси - жумуш жок отуруп калганда, экинчиси - тескерисинче жумуш көбөйүп, эс алууга убактысы жок калганда психикалык саламаттыгы аксай баштайт.

Кыргызстанда модель болуу оңой эмес

Батыштагыдай же коңшу Орусия менен Казакстандагыдай кастингдер, ар кандай багыттагы сынактар, чет элге сулуу кыздарды жиберген агенттиктер Кыргызстанда аз же дээрлик жокко эсе. Ошентсе да бул бизнести алдыга сүрөп, өзүн татыктуу алып жүрүүгө бекем эрк керектигин жакында эле Түштүк Кореядагы Asian Models Award сыйлыгын жеңген, азыр Алмата шаарында эмгектенип жүргөн кыргызстандык Айжамал Осмонова ырастады:

- Кыргызстанда жашоо кыйын, карьера жасоо абдан татаал деп наалып отура берсең, эч нерсеге жетишпейсиң. Ооба, балким өтө көп кастингдерге бай эмеспиз, фотосессиялар менен мактана албайбыз. Бирок келбетиң жакшынакай, боюң узун болсо, эң башкысы, өзүң аракеттенсең анда өзүбүздүн эле өлкө эмес, коңшу өлкөлөрдүн масштабында да бир топ ийгиликтерди жаратып, дүйнөнү модель катары кыдырып чыксаң болот. Маселен, мен бул тармакта жети жылдан бери иштеп келе жатам. Ошол аралыкта үч жолу Кытайга сулуулук конкурсуна бардым. Америка Кошмо Штаттарына «Мисс Интернет-2013» катары бардым. Малайзияда болдум. Акыркы ирет Түштүк Кореядагы Asian Model Award сыйлыгында "Борбор Азиянын сулуусу" деген наамды алдым.

Азгырыгы арбын

Моделдик бизнеске аттанган кыздарды сүрөтчүлөрдүн жарыгы, түстүү журналдар, саркеч кийимдер жана чет өлкөдөгү кооз жашоо гана күтүп турбайт. Айрыкча колдогон сүрөөнчүсү жок кыздар бат эле азгырыкка берилип, өзүнөн улуу эркектердин зомбулугуна кабылып калышы ыктымал. Бишкекте «Дизайн» аттуу мода агенттигин жетектеген Замира Ибраимова өз тажрыйбасында далай ирет ушундай азгырыкка учурап калган кыздарды кезиктиргенин айтты:

- Негизи мурда мен чоң кыздар менен иштеген элем. Аларды ар кандай конкурстарга даярдап, эл аралык аренага алып чыкканга аракет кылчумун. Бир топ чет өлкөлөргө алып баргам. Кээ бир кыздар акчага же дагы башка нерсеге азгырылып кете бергенден улам чоң кыздарды моделдик чөйрөгө даярдоону токтотуп койгон элем. Анткени алардын иштегенине жана саламаттыгына жооп берүү да чоң жоопкерчилик эмеспи. Жакшынакай кылып тарбиялаган кыздарыңды эле акчалуу эркектер азгырып кетишсе, жаман акыбалда калат экенсиң. Ушундан улам мен чоң кыздар менен иштегенди токтотуп койдум. Мурда кыздарды конкурс кылып, кастинг аркылуу тандап, мыктыларын чет өлкөгө жиберчү элем да. Кытай, Малайзия, Түркия, Орусия, Казакстан сыяктуу өлкөлөргө көп барышчу. Байкасам кээ бир кыздар ошондой чет жактагы эркектерге да азгырылып, калып калган учурлары болду. Ошондуктан азыр менин мектебимде жети жаштан тарта өспүрүм куракка чейин эле кыздар, балдар билим алышат. Чектөө киргизип, өзүмдүн ишимдин жыйынтыгын аздектейин деп, кичинекей кыздар үчүн эле туура басып-турганды үйрөткөн мектепти иштетип жатам.

Кыргызстандык дизайнер Аида Робертованын (ортодо) Москвадагы мода көргөзмөсү. Сүрөттүн автору - Дмитрий Бабушкин.

Кыргызстандык дизайнер Аида Робертованын (ортодо) Москвадагы мода көргөзмөсү. Сүрөттүн автору - Дмитрий Бабушкин.

Агенттин айткандарын каармандарыбыздын бири Чолпон да ырастады. Мода көрсөтүүдөн кийин ар кандай телефон чалуулар, чакыруулар болгону менен бул кесипти мындан ары өзү үчүн гана улантууга даяр:

- Мода көрсөтүп чыкканда ар кандай кишилер келишет эмеспи, жашы болот, карысы дегендей. Анан мода көрсөтүп жатканыңда же андан кийин чоң эле байкелер, эркек кишилер бул жакка баралы же жүрү мени менен деп кыйнай башташат. Андай учурларда жумушту таштап салгың келет. Апамдын айтканын эстеп кетем. Бирок эми мен өзүм үчүн деп чыдап жүрөм.

2012-жылы Бишкекте өткөн мода жумалыгы

2012-жылы Бишкекте өткөн мода жумалыгы

Кыргызстанда жылына эки ирет Fashion Week Kyrgyzstan аттуу иш чара өтүп, анда дизайнер өз продукцияларын дал ушул модель кыздарга кийгизип эл алдына алып чыгышат. Өлкөдө өндүрүш жакшы болбогондон улам, стилист жана имижмейкерлердин көбү Кыргызстанда моделдик бизнес жок деп эсептешет. Себеби бир ирет эл алдына чыгуу үчүн модел кызга 200 сомдон 300 сомго чейинки эле каражат төлөнөт. Ал эми бир жолку фотосессиянын эң жогорку төлөмү 500 сомдон миң сомго чейин эле. Ушундан улам моделдик кесипти толугу менен аркалагандардын саны өтө аз. Ал эми эл аралык деңгээлде ийгиликке жетишкендер кесипкөй модель боло албай, бир ирет өткөрүлчү сулуулук конкурстарына гана катышууда. Ага карабай, сулуулукка умтулган, параметрлери 90-60-90 болбосо да, бою 170 сантиметрге жетпей турса да саркеч кийинип, эл алдына чыккысы келген кыздар арбын.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG