Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:29

Активист ЖК комитетинин төрайымын сотко берди


Жарандык активист Рита Карасартова.
Жарандык активист Рита Карасартова.

“Жарандык көзөмөл” кеңешинин мүчөсү Рита Карасартова 30-сентябрда Бишкектеги райондор аралык сотко кайрылып, ЖК Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана ЖК регламенти комитетинин төрайымы Асел Кодураңованын үстүнөн арыз берди.

Жарандык активист Рита Карасартова “Референдумду дайындоо” мыйзам долбоору комитет тарабынан мыйзамдарды одоно бузуу менен каралды. Анда Башмыйзам, Жогорку Кеңештин регламенти бузулган, Конституциялык палатанын корутундусу жана коомдук талкуулардын жыйынтыгы жок деп белгилеген. Ошондой эле 27-сентябрда аталган комитетте мыйзам долбооруна добуш берүүдө да эрежелер бузулганы айтылып, бул мыйзам долбоорун даярдоо, добуш берүүгө киргизүү жана кабыл алуу жараяндарынын бузулуусуна жатары белгиленген.

“Референдумду дайындоо” боюнча мыйзам долбоору ЖК Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана ЖК регламенти комитетинде мыйзамсыз каралганын, добуш берүү эрежелери бузулганын 29-сентябрда парламент отурумунда “Бир бол” фракциясынын мүчөсү Чолпон Жакупова да айтып чыккан. Комитет төрайымы Асел Кодураңова мындай айыптоолорду “негизсиз” деп четке каккан.

“Референдумду дайындоо” боюнча мыйзам долбоору 29-сентябрда Жогорку Кеңеш 1-окуудан кабыл алды. Дагы эки окуудан өтсө, 4-декабрь Башмыйзамды өзгөртүү боюнча Референдум күнү деп жарыяланат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG