Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:05

Украина газ боюнча сүйлөшүүгө кошулууга даяр


Украина Орусия менен Европанын газ боюнча сүйлөшүүсүнө кошулууга даяр. Бул тууралуу өлкөнүн "Нафтогаз" компаниясы Твиттердеги баракчасында маалымдады.

Европа Биримдиги менен Орусия газ боюнча 9-декабрда сүйлөшүүнү баштайт. "Нафтогаздын" башчысы Андрей Коболевдин айтымында, Украина Орусиядан газ сатып алуу боюнча түз сүйлөшүүгө барууга даяр. Бул үчүн Москва Киевдин айрым сунуштарына макул болуш керек. Ал сунуштардын арасында баа, газ сатуунун мөөнөтү жана кошумча келишим түзүү бар.

Киев бир жылдан ашык мезгилден бери Орусиядан газды түз сатып албай келатат. Европа Биримдиги керектеген газдын үчтөн бирин Орусиядан сатып алат. Ал газдын жарымы Украина аркылуу келет. (AiT)

XS
SM
MD
LG