Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:44

HRW Өзбекстанда кыйноолорго көз жумган Батышты сындады


Түрмөдөгү өзбек жарандар кыйноого кабылганын далилдеш үчүн туугандары аркылуу канга боелгон кийимдеринин сүрөттөрүн жиберишкен, Ташкен, 2006
Түрмөдөгү өзбек жарандар кыйноого кабылганын далилдеш үчүн туугандары аркылуу канга боелгон кийимдеринин сүрөттөрүн жиберишкен, Ташкен, 2006

Human Rights Watch жаңы баяндамасында Өзбекстанды “өзүнүн жарандарына фундаменталдык укуктарды бере албаган өлкө” деп атады. Борбор Азиядагы авторитардык өзбек режими менен жакын кызматташууну каалаган Батыш өкмөттөрү, уюмдун ишениминде, укук бузууларды көрмөксөн болуп турушат.

Өзбекстан, соңку жылдары жасалган айрым реформаларга карабай, өз жарандарын негизги укуктарынан оолак кармаган мамлекет бойдон калып келет.

Бул - Human Rights Watch уюму жаңы баяндамасында айткан негизги тыянак. Анда адам укугун коргоочулар Борбор Азиядагы бул мамлекет менен алаканы бузуп алуудан корккон Батыш кыйноолор же зомбулук үчүн өзбек бийлигин сындагандан чоочуп турганын да билдирди.

Шейшембиде жарыяланган 100 беттүү докладда Өзбекстан дале өзүнүн кылмыш-жаза системасында кыйноо тактикасын колдонуп жатканын, укук коргоочулар түрмөлөрдө камалып, адвокаттар такыр үнү чыкпай калышканын айтты.

Документ постсоветтик бул өлкөдө 2009-жылдан бери 100 адам менен жүргүзүлгөн интервьюларга негизделди. Ошолордун арасында абактарда денесинен да ур-токмок жеген, психологиялык жактан кодуланган адамдар менен да маектер бар.

Түрмөлөрдө болгон кыйноонун түрлөрү да кеңири жазылды. Маселен, кимдир бирөө желим таяк жеген, ток менен урулган, буту-колу байланып сабалган, дагы бирөөлөргө сексуалдык кордук көрсөтүшкөн, башына целофан ороп тумчуктурушкан, жакын туугандарын кыйнайбыз деп коркутушкан же тамаш-аш, суу бербей коюшкан.

Докладдын авторлорунун айтымында, алар менен сүйлөшкөн бир нече киши убактылуу кармоо жайында аларды уурулук кылгандыгын мойнуна алдыртыш үчүн же башка бирөөнү каралаган көрсөтмө бердиртиш үчүн аларды уруп-сабашканын да айтышты.

Стив Свердлов: "Менимче, кырдаал начарлап кетти"
Стив Свердлов: "Менимче, кырдаал начарлап кетти"
Өзбек парламентиндеги Укук маселелери боюнча комитетинин төрайымы Светлана Артыкова “Азаттыктын” өзбек кызматына азыр бийликтер жогоруда айтылган сынды олуттуу кабыл алышканын билдирди.

“Өзбекстан Бириккен улуттар уюмунун кыйноолорго каршы конвенциясын 1995-жылы жактыргандан кийин, биз өзүбүздүн кыйноого каршы улуттук программабызды да ага ылайыкташтырдык, министрлер аралык комиссия иштей баштады, - деди Артыкова. Анын натыйжасында жарандардан арыздарды кабыл алчу жумушту топ да түзүлдү. Непада, айталы, күч органдарынын кызматкерине каршы арыз түшсө, ал заматта иликтөөгө алынат”.

Майнапсыз реформа

Ошол эле маалда, депутат айрым кемчиликтер болушу да мүмкүн экенин жокко чыгарган жок.

“Мен баары ойдогудай, 100% туура жасалып жатат деп айта албайм, - дейт Артыкова. - Мыйзам бузуу жок же кыйноо жок деп айтыш кыйын, анткени адам бар жерде катачылыктар да болбой койбойт”.

Адам укугун коргоочу уюм – Human Rights Watch – аталган докладда Өзбекстан 2008-жылы кыйноо боюнча арызды карай турган корпусту түзүү сыяктуу реформаларды жасаганын да белгилеп өткөн. Бирок, уюмдун Өзбекстан боюнча изилдөөчүсү Стив Свердловдун айтымында, өкмөт ал реформаны кийин ишке киргизе албады.

Укук коргоочу уюм Өзбекстандагы адам укугу жаатындагы начар акыбалга карабай, АКШ менен Евробиримдик “өзбек өкмөтүн сындаганын коюшту” деп айыптады.

Муну уюм Ооганстандагы НАТОнун аскерлерине жүк ташууда Өзбекстандын ролу менен түшүндүрөт. Өткөн айда НАТОнун чабуулунан пакистандык аскерлер өлгөндөн кийин, расмий Исламабад альянс Ооганстанга жүк ташыган жолду бууп салган. Ошол окуядан кийин Өзбекстандын стратегиялык мааниси да артты.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG