Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:53

Дрездендеги жардыруулардын себеби иликтенүүдө


Дрезден. Мечиттин жанындагы жардыруунун изи.
Дрезден. Мечиттин жанындагы жардыруунун изи.

Германиянын Дрезден шаарында күч кызматкерлери эки жерде болгон жардыруунун себептерин иликтеп жатат. Полициянын маалыматына караганда, шейшембиге караган түнү шаардагы мечиттин жана конгресс-борбордун жанында жарылуу болгон.

Окуя болгон жерлерден колго жасалган жардыргычтардын калдыктары табылды.

Шаарда коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

"Азарынча так айта албайбыз, бирок колубуздагы материалдар бул жерде ксенофобиялык себеп бар болушу ыктымал экенин көрсөтүүдө" деди жергиликтүү полициянын өкүлү Хорст Кречмар.

Германиянын чыгыш жагында мигранттарга каршы маанай күч. Ал эми жардыруу болгон Дрезден шаарында Европанын исламдашуусуна жана мигранттарга каршы "Пегида" кыймылы негизделген. (RK)

XS
SM
MD
LG