Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:05

Адам укуктары тепселген, сөз эркиндиги чектелген заман...


10-декабрь күнү дүйнөдө адам укуктары күнү белгиленет. Кыргызстандык укук коргоочулар буга байланыштуу, өлкөдө соңку кездери адам укуктары жаатындагы абал аркасына кеткенин билдиришүүдө.

Бириккен улуттар уюмунун Генералдык ассамблеясы 1948-жылы 10-декабрда Адам укуктары боюнча жалпы декларациясын кабыл алып, 1950-жылдан тарта бул күн белгиленип келет.

Кыргызстандык укук коргоочулар болсо, адам укуктары күнүн белгилөөгө камынып жатышканы менен өлкөдө адам укуктары жаатында мактанарлык эч нерсе жок экендигин, андыктан бул күнү да адам укуктары жаатындагы абалды кандайча жакшыртуу тууралуу баш оорута турашарын билдиришти. Айрым саясатчылар куугунтуктар күч алып, эски совет убагындагыдай репрессиялык иш-чаралар башталганын айтышат. Бирок бийлик өкүлдөрү мындай аныктамаларга каршы.

Оппозициядагы бир катар саясатчылар авторитардык бийлик барган сайын күч алып, соңку күндөрү аларга карата куугунтук, коркутуп-үркүтүү күч алганын айтышууда. “Акыйкат үчүн” кыймылынын мүчөсү, “Улуу биримдик” партиясынын төрагасы Эмил Каптагаев, ага карата бийлик жалган кылмыш ишин козготуп, кысым жасап атканын айтат.

Баш прокуратура Эмил Каптагаевге карата, 2003-жылы Ысык-Көл облусунун губернаторунун орун басары болуп турганда облус жетекчилигине карата козголуп, кийин жабылган кылмыш ишин кайрадан ачтырып, кызмат абалынан кыянат пайдаланган делип айыпталууда. Э.Каптагаев кылмыш ишин козгоону куугунтук катары баалап, президенттен тартип сактоо, тергөө-иликтөө органдарын өз кызыкчылыгына пайдаланууну токтотууну талап кылууда:

- Булардын бардыгы өлкөдө 1937-жылдын көлөкөсү жүргөндүгүнүн далили болот.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары боюнча комитетинин төрага орун басары, “Ак жол” партиясынын төрага орун басары Автандил Арабаевдин ырасташынча, бүгүнкү күнү өлкөдө адам укуктарынын сакталышы жаатында эң туура мыйзамдар иштеп жатат:

- Бүгүнкү конституциябыз мамлекеттин өнүгүшүнө, адам укуктары, мамлекеттик түзүлүш боюнча замандын талабына жооп бере турган эң туура мыйзам.

Акыйкатчы Турсунбек Акундун айтымында, соңку кездери адам укуктарын коргоонун үстүндө иштеген Акыйкатчы институтунун иши жылышып, ыкчам, натыйжалуу иштөөгө шарттар түзүлө баштады. Ошого карабастан анын пикиринде жалпы адам укуктары жаатында жылыштар менен бирге кемчиликтер да жок эмес. Соңку кездери жарандардын маалымат алуу укуктары бузулуп жаткандыгын айткан Акыйкатчы, бул жаатта көптөгөн арыздар түшүп жаткандыгын айтты:

-“Азаттык” үналгысын айтып атышат. Мына жакындан бери бул радионун берүүлөрү токтоп калды, бул жакшы эмес. Бул адам укуктарын тебелегендик. Би-би-си радиосу да токтоп калды. Биз революциянын аркасы менен бийликке келбедик беле, мындай чектөөлөргө жол бербешибиз керек.

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын төрайымы Динара Ошурахунова болсо, 2007-жылы бийлик партиясы конституциянын жаңы редакциясын кабыл алгандан тарта адам укуктарынын бузулушу кескин өскөнүн, Жогорку Кеңеш өзү адам укуктарын чектеген мыйзамдарды кабыл алганын айтат:

- “Ак жол” парламентке келип алып адам укуктарын чектеген бир топ мыйзам кабыл алышты. Алардын негизгилери болуп, УТРК боюнча мыйзам, андан тышкары жарандардын тынч митинг өткөрүү укуктарын чектеген мыйзам болуп саналат.

XS
SM
MD
LG