Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:49

Бүгүн дүйнөнүн башка өлкөлөрү сыяктуу эле Кыргызстанда да адам укуктары күнү белгиленди.

Адам укуктары күнүнө карата Акыйкатчы институту Бишкек шаарындагы Тарых музейинде иш-чара өткөрүп, адам укуктарын коргоого кошкон салымы үчүн айрым адамдарды жана уюмдарды сыйлады. Иш-чарага катышкан жаш укук коргоочулардын айтымында адам укуктары жаатындагы өлкөдөгү абал дале оор бойдон кала берүүдө.

Мындан туура 60 жыл мурда, 1948-жылдын 10-декабрында Бириккен улуттар уюмунун Генералдык ассамблеясы Адам укуктары боюнча жалпы декларациясын кабыл алган. 1950-жылдан тарта бул күн Эл аралык адам укуктары күнү катары белгиленип келатат.

Адам укуктары боюнча декларациянын негизги өзөгү, анын башталгыч бетинде, “жалпы адамзаттын үй-бүлө мүчөлөрүнө таандык укуктардын сакталышы, алардын укуктарынын теңдиги менен бөлүнгүстүгү, эркиндиктин, акыйкаттыктын жана жалпы тынчтыктын негизи болуп саналат”,- деп жазылып турат.

Кыргызстанда бул күнгө карата Акыйкатчы институту Бишкектеги Тарых музейинде атайын иш-чара уюштурду. Иш-чарага учурунда Акыйкатчы Турсунбек Акун адам укуктарын коргоого кошкон салымы үчүн президенттин жарлыгына ылайык “Даңк” медалы менен сыйланса, өз кезегинде Акыйкатчы бир катар укук коргоочулар менен бейөкмөт уюмдарын Ардак грамоталар жана медалдар менен сыйлады. “Кылым шамы” укук коргоо борбору, “Сезим” кризистик борбору, БУУнун адам укуктары боюнча Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен бирге “Азаттык” үналгысы да адам укуктарын коргоого кошкон салымы үчүн ардак грамотасы менен сыйланды.

Акыйкатчы Турсунбек Акун “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып, көйгөйлөр бар экендигин, бирок ага карата чаралар көрүлүп жатканын айтты. Маселен анын айтымында, Акыйкатчы институтунун алдында укук коргоочулардын, студенттердин, бейөкмөт уюмдардын, ишкерлердин, адабият жана искусство жаатындагылардын коомдук кеңештери түзүлүп, ал коомдук кенештер менен бирге укуктарды өз убагында коргоо аракеттери колго алына баштады. Мындай коомдук кеңештердин түзүлүшү, көйгөйлөрдүн тез, ыкчам чечилишине жардам бере турганын айткан Акыйкатчы, коомдун бардык бөлүгүн эске алып, алар менен иштешүү жүрүп жатканын баса белгиледи:

- Биз стратегиялык багытыбыз боюнча мындай коомдук кеңештерди түзүп, алар менен бирдикте иштешибиз керек. Мисалы, ишкерлердин абалы азыр кыйын. Криминал алардын ишине аралашып, алардын укуктарын тебелеп атышат. Барып, өндүрүшүн, байлыгын тартып алып атышат. Алардын бардыгы бизге келип атышат. Биз колдон келген жардамыбызды берип атабыз.

Ошентсе да иш-чарага катышкан жаш укук коргоочулардын айтымында, өлкөдө бул жаатта жылыштар байкалбайт. “Кылым шамы” укук коргоо борборунун Нарын облусу боюнча жетекчиси Урмат Акуновдун баамында, Кыргызстанда адам укуктары жакшы корголбой, мамлекет тараптан жакшы көңүл бурулбай келет. Көптөгөн жаштар, карапайым эл өз укуктарын жакшы билишпейт жана коргой алышпайт. Ар кыл тартип сактоо органдарынын кызматкерлери мындай абалдан пайдаланып, өздөрү адам укуктарын бузган учурлар бар:

- Башка өнүгүү жолундагы же өнүккөн өлкөлөрдө ушул адам укуктары боюнча декларациядагы көрсөтүлгөн талаптардын бардыгы иштеп атат. Ал эми бизде булар көңүлгө алынбай, тергөөдө болобу, сурак маалында болобу же сотто болобу мыйзамдар толук кандуу иштебей келет.

2007-жылдагы апрель митингиси учурунда баш аламандык уюштурган деген айып менен УКМКнын убактылуу абагына жатып чыккан Адилет Айтикеевдин пикиринде, ушул тапта бийлик да, оппозиция да бир жактуулукка жол беришип, адам укуктарынын бузулушун шарттап жатышат:

- Кемчиликтер дале көп болуп жатат. Жаштардын укуктарынын корголушу, алардын активдүүлүгүнө бут тосууларды болтурбоо жаатында жылыштар болбой жатат. Эми аракет кылыш керек, үмүт кылыш керек, “шайтан гана үмүтсүз” деген сөз бар эмеспи. Ыйлай бергенден пайда чыкпайт экен, аны мен өз башымдан өткөрдүм го.

“Биздин кылым” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Чынара Айтбаева, Кыргызстанда адам укуктары начарлап баратканын байкап жатканын, бул абал былтыркы парламенттик шайлоодо даана көрүнгөнүн, миңдеген шайлоочулардын укуктары бузулуп, добуштар эсепсиз урдалганын, айрым саясий топтор жаштардын укуктарын тебелеп, аларды саясий курал катары пайдаланган учурлары бар экендигин айтат:

- Жогорку окуу жайларында деле укук бузуулар шайлоолорго байланыштуу көп болот. Аларды кайсы бир талапкерди шайлоого көрсөтмө берилип, паспортторун алып алган учурлар кездешет.

XS
SM
MD
LG