Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:43

Бир катар жарандык коомдун өкүлдөрү тынч митинг жана жыйындарды өткөрүү боюнча талкуу өткөрүшүп, соңунда атайын резолюция кабыл алды. Анда 2008-жылдын 5-августунда бул жааттагы мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр жарандардын баш мыйзамда жазылган укуктарын чектеп, өлкөнүн демократиялык нукта өнүгүшүнө тоскоол болуп жатканы айтылат.

Кыргыз Республикасынын баш мыйзамынын 25-беренесине ылайык, өлкө жарандары тиешелүү мамлекеттик органдарга алдын-ала билдирүү шартында тынч жана куралсыз чогулууга, саясий жыйындарды, митинг-пикеттерди, жүрүш жана демонстрацияларды өткөрүүгө укуктуу.

Бирок учурда иштеп аткан “Жарандардын тынч, куралсыз чогулуу, митинг жана демонстрацияларды эркин өткөрүү укуктары жөнүндө” деп аталган мыйзам башкы мыйзамга карама-каршы келери айтылып келатат. Укук коргоочулар бул мыйзамга таянуу менен бийлик жарандардын тынч чогулуу жана митингдерди өткөрүү укуктарын чектеп салды дешет.

Ушул багытта талкуу өткөрүшкөн жарандык коомдун өкүлдөрү жыйынтыктоочу резолюциясында бул жагдайды баса көрсөтүп, президентке, Жогорку Кеңешке, Конституциялык Сотко жана өкмөткө кайрылуу жолдошту.

Анда Конституциялык Сот алдын-ала билдирип коюу шартында митинг-пикеттерди өткөрүүнүн тууралыгы боюнча эки жолу чечим чыгаргандыгы, ага карабай ал чечимдер аткарылбай жатканы, эми бул боюнча Конституциялык Сот өз позициясын билдириши керектиги айтылат.

Ал эми кайрылуунун президентке жолдонгон бөлүгүндө, Конституциянын кепили жана президент катары андан баш мыйзамдын 25-беренесин коргошу керектиги талап кылынат.

“Жарандар коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилованын айтымында, Кыргызстан эбак эле бул жаатта эл аралык милдеттенмелерге кол коюп, жарандардын эркин, тоскоолдуктарсыз митинг-пикеттерди уюштурушуна макулдугун берген. Бирок иш жүзүндө андай болбой жатат:

- Мобул тынч митиндер тууралуу мыйзам биздин эң башкы мыйзамыбызга, конституцияга каршы келип атат. Биз макул болгон эл аралык келишимдерге да абдан каршы келип атат. Ошондуктан биз бийликке кайрылып атабыз. Алар бул мыйзамды конституцияга карата тууралап, жарандардын баш мыйзамда жазылган укуктарын коргоолору керек. А булар тескерисинче каршы болуп атышпайбы.

Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси Турсунбек Чаловдун пикиринде, ар бир жаран тынч митинг өткөрүүгө укуктуу, бирок алар башка тынч жарандарга жолтоо болбоолору керек. Учурдагы мыйзам болсо так ошол митингдерди каалабаган жарандардын укуктарын да эске алуу менен кабыл алынган. Ошондой эле ал милиция кызматкерлери жөн гана коомдук тартипти байкап турушарын, оппозициячыл же бийликчил экендигине карабай бардык жарандарга бирдей мамиле кылышарын айтат:

- Ушул тапта биздин жетекчилер митинг-пикеттер, дегеле чогулуштар өтүп аткан учурда милиция кызматкерлери эмне кылуулары керектигин айтып, түшүндүрүп турушат. Жер-жерлердеги жетекчилерге да айтылат. Маселен, кайсы гана талапкер болбосун алар барган жердеги милиция кызматкерлери бирдей мамиле кылып, коопсуздук маселесине көңүл бурушу керек.

Ал арада жарандык коомдун өкүлдөрү кандай болгон күндө да баш мыйзам баарынан жогору турушу керектигин, ар кандай шылтоолорду айтып аны бузууга аракет кылгандардын жолун тороо зарылдыгын, антпесе мамлекетте бат эле катаал тоталитардык режим орноп калышы мүмкүн экендигин айтышууда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG