Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:55

Түрк премьери конституциялык өзгөртүүлөрдү жактады


Бинали Йылдырым
Бинали Йылдырым

Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым президент Режеп Тайып Эрдогандын ыйгарым укуктарын кеңейте турган конституциялык өзгөртүүлөрдү коргоп чыкты. Ал Германияга сапарынын алкагында Оберхаузен шаарындагы оң миңдей түрктөр катышкан жүрүшкө келип, жаңы Конституция Түркияга туруктуулук алып келет деди.

Президенттик бийликти орното турган конституциялык өзгөртүүлөр боюнча референдум 16-апрелде өтөт. Сынчылар Баш мыйзамдын долбоору колдоо тапса, парламенттин ролуна жана соттордун көз карандысыздыгына доо кетет деп эскертишүүдө.

Йылдырым сүйлөп жатканда азыркы түрк бийлигине каршы тараптардын нааразылык акциясы да өттү.

XS
SM
MD
LG