Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:10

Cомалинин баш калаасында ири жардыруу болду


Сомалиде 2016-жылдын август айында болгон жардыруу.
Сомалиде 2016-жылдын август айында болгон жардыруу.

Сомалинин баш калаасы Могадишодо унаа айдаган жанкечти өзүн жардырып, андан кеминде 14 адам мерт болду. Ондогон жайкын тургун жаракат алды.

Шаардын Васдажир районундагы базарда 19-февралда болгон бул жардырууга азырынча эч бир тарап жоопкерчилик ала элек. Жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлагандай, жардыруудан жабыркагандардын арасында аялдар жана балдар бар.

“Аль-Шабаб” террорчул тобу Сомалиде буга окшош кол салууларды уюштуруп келген. Алар жекшемби күнү эртең менен билдирүү таркатып, “динге каршы турат” деп жаңы шайланган президент Мухамед Абдуллахи Мухамедди сынга алышкан.

Сомалинин жана АКШнын жарандыгын алып жүргөн мурдагы премьер-министр Абдулахи Мухамед 8-февралдагы шайлоодо утуп чыккан.

XS
SM
MD
LG