Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:03

«Азаттык» радиосу АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин колдоосу менен «Менин бир кыялым…» аттуу дилбаян жана көркөм окуу боюнча сынак жарыялайт.

Сынак адамдардын өңү-башына, улутуна, жынысына, диний ишенимине жана социалдык тегине карабастан, теңдикте жанаша жашоо мүмкүндүгүн чагылдырган чыгармалар үчүн дал ушул ойду ураан кылып бүт дүйнөнү дүңгүрөткөн африка тектүү америкалык жаран Мартин Лютер Кингдин «Менин бир кыялым…» аттуу атактуу сөзүнүн 50 жылдык юбилейине арналат.

Дилбаяндын шарттары:

• Дилбаянда Мартин Лютер Кингдин «Менин бир кыялым…» аттуу атактуу сөзүндө айткан ойлорго азыркы доордун кырынан чабыттоо;

• Сынакка Кыргызстанда жашаган бардык адамдар катыша алат;

• Дилбаяндар Idream1963@gmail.com дарегине жиберилет;

• Тексттин көлөмү 1671 сөздөн ашпоосу зарыл;

• Дилбаян кыргызча, орусча же англисче болушу шарт;

• Текст Word форматында, Times New Roman ариби менен 12-14 өлчөмүндө болуусу зарыл;

• Тексттин атына автордун аты-жөнү коюлат;

• Дилбаяндар 2013-жылдын 28-августунан баштап 28-октябрга чейин кабыл алынат;

• Сынак жыйынтыгы 5-ноябрда жарыяланат.

Байгелер:

• Калыстар тобу кыргызча, орусча жана англисче жазылган мыкты 3 дилбаянды аныктайт;

• Ар бир жеңүүчү Nexus планшетин байгеге алат;

• Жакшы чыгармалардын авторлоруна кызыктыруучу сыйлыктар болот;

• Жеңүүчүлөр 2014-жылдын январь айында - Мартин Лютер Кингдин туулган күнүндө «Азаттык» радиосу жана АКШ элчилиги тарабынан уюшулган Бишкек шаарында өтчү көркөм окуу кечесине чакырылат.

Көркөм окуунун шарттары:

• Конкурска катышуу үчүн Доктор Мартин Лютер Кингдин «Менин бир кыялым…» аттуу сөзүнөн үзүндүнү (төмөндө керектүү маалымат деген жерди караңыз) кыргызча, орусча же англисче көркөм окуп, жаздырылган аудио файлды Idream1963@gmail.com дарегине жиберилет;


• Аудио файл узундугу 3 мүнөттөн жана көлөмү 5 мегабайттан ашпоосу жана mp3 форматында болушу зарыл;

• Көркөм окууну жаздырууда музыканын же башка добуштардын коштоосу болбоого тийиш;

• Текстке алгачкы маанисин бурмалоочу өзгөртүүлөрдү киргизүүгө болбойт!

Тандоо:

• Кабыл алынган аудио файлдар атайын калыстар тобу тарабынан бааланат;

• Көркөм окууда сөздөрдүн тактыгы, катышуучунун дикциясы жана Мартин Лютер Кингдин идеясын жеткиликтүү бере алуу жөндөмү бааланат.

Байгелер:

• Калыстар тобу кыргызча, орусча жана англисче жазылган мыкты 3 дилбаянды аныктайт;

• Ар бир жеңүүчү Nexus планшетин байгеге алат;

• Жакшы чыгармалардын авторлоруна кызыктыруучу сыйлыктар болот;

• Жеңүүчүлөр 2014-жылдын январь айында - Мартин Лютер Кингдин туулган күнүндө «Азаттык» радиосу жана АКШ элчилиги тарабынан уюшулган Бишкек шаарында өтчү көркөм окуу кечесине чакырылат.

Керектүү маалымат:

Мартин Лютер Кингдин 50 жыл мурун сүйлөгөн сөзүнөн үзүндүнүн англисчесин, орусчасын жана кыргызчасын бул жерден табууга болот.





пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG