Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:46

Укук коргоочулар Башкы прокуратураны сотко берди


Кыргызстандын акыйкатчысы Башкы прокуратураны абактагы кыйноолор боюнча фактыларга кылмыш ишин козгоодон баш тартканы үчүн айыптап, сотко кайрылды.

Акыйкатчы Бакыт Аманбаев соңку учурда Кыргызстанда күч колдонуу менен күнөөсүн моюнуна алдыруу же абакта жаткандарды кыйноо фактысы күчөгөнүн айтып, буга өлкө жетекчилигин көңүл бурууга чакырууда.

Маселен, акыйкатчы коомчулукка тараткан видеотасмада Кумтөр кенине каршы башаламандык уюштурган деп камакка алынгандардын бири Наристе Калчаев аны Улуттук коопсуздук кызматынын тергөө абагында кандайча кыйнашканын айтып берүүдө. Тасмада Калчаевдин оң капталы жана бир колу, бети-башы көгала болуп жүргөнү көрүнөт:

- Башыма кап кийгизип алып сабашты. Митингди ким уюштурду, ким каржылады деп сурашты. Айтпай койгонум үчүн таяк жедим,- дейт ал тасмада.

Акыйкатчы Бакыт Аманбаев тергөө абагында тартип коргоо органдары тарабынан жабыркагандарды өзү видеого тартып чыгып коомчулукка жарыя кылууда. "Кыйноо фактысы боюнча жетиштүү далилдер менен кайра-кайра Башкы прокуратурага кайрылып, тескери жооп алгандан кийин аталган органды сотко берүүгө аргасыз болдук",- деди ал:

Караколдогу митинг, 7-октябрь, 2013-жыл.

Караколдогу митинг, 7-октябрь, 2013-жыл.

- Кайрылуубузга бир ай бою жооп берген жок, үчүнчү ирет сабалган адамдын сүрөтүн, видео тасмасын кошуп туруп жибердим. Жакында Башкы прокуратурадан жооп келди, ал жерде бул окуяда тартип коргоо органдарынын аракетинде кылмыштын белгилери жок, ошондуктан иш козгоодон баш тартабыз деп жазылыптыр. Даана, ачык далилдер турса да ушинтип жооп беришкен.

Башкы прокуратура акыйкатчынын дооматына жооп берүүдөн баш тартты. Бул окуяга улай эле аталган органды белгилүү укук коргоочу Төлөкан Исмаилова да олуттуу укук бузууларга көз жумганы үчүн сотко берди. Исмаилова Башкы прокуратура өз милдетин унутуп, ашкере саясатташып кетти деп кабатыр:

- Бүгүнкү күндө Башкы прокуратура кыйноого кабылган адамдардын кызыкчылыгын жана мыйзамды коргобой, саясатты колдоп жатат. Мурун милиция органдары саясатташып кеткендей, бүгүн Башкы прокуратура тандап иштеп жатат. Акаев менен Бакиев мезгилинен эмне айырмасы бар булардын?

Маселен, өткөн жыл ичинде Акыйкатчы институтуна кыйноо фактысы боюнча кайрылгандардын саны алтымышка чукулдаган, ал эми жалпы эле тартип коргоо органдарына үч жүздөн ашуун адам даттанган. Бул сан мурдагы жылдарга салыштырмалуу көп экенине укук коргоочулар бушайман. Акыйкатчы Аманбаев бул маселеге өлкө жетекчилигинин көңүлүн бурууга аракет кылууда:

- Бул маселе толук камтылган докладымды Жогорку Кеңешке, тартип коргоо органдарынын жетекчилерине, өкмөт жана мамлекет башчыларга жолдойм. Алардын жардамысыз мындай кыйноо фактыларына бөгөт коюу мүмкүн эмес.

Өткөн жылы БУУнун Кыйноолорго каршы комитетинин мүчөлөрү кыргыз бийлиги зордук-зомбулукту азайтуу үчүн мыйзамдарын жакшыртып жатканы менен, абал оң жакка өзгөрбөгөнүн белгилешкен. Ушундай эле тыянакты “Хьюман Райтс Уотч” уюму да жарыялап, Кыргызстанда адам укуктарын сактоо багытында аракеттер жүрүп жатканы менен кыйноо фактылары негизги көйгөй бойдон калууда деп белгилеген. Акыйкатчынын билдирүүсүнө бийликтен кандай реакция болот, азырынча белгисиз.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG