Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:56

10-декабрь - Адам укугунун эл аралык күнүндө кыргыз парламенти өлкөнүн акыйкатчысын шайлоого киришип, Бишкекте адам укугуна байланыштуу кинолордун эл аралык фестивалы өтүүдө.

Парламенттик демократияга бараткан Кыргызстанда адам укугунун сакталышы кандай? Ал кимдер тарабынан арбын бузулууда? Аны жоюуга кандай аракеттер болууда?

“Арай көз чарай” талкуусуна Акыйкатчы институтунун балдар жана жаштардын укугун коргоо бөлүмүнүн башчысы Альберт Колопов, Айыл чарба кызматкерлеринин профсоюздарынын борбордук комитетинин төрагасы Жээнбек Осмоналиев, “Коомдук анализ" институтунун директору Рита Карасартова катышты.

“Азаттык”: Акыйкатчы институтунун бир маалыматында «көпчүлүк чиновниктер адам укугун сактоо, коргоо күнүмдүк ишинин бөлүнгүс милдети экенин али түшүнбөй жатышат» деп айтылат, аны сездирүүгө эмне жетишпей жатат?

Альберт Колопов: Чынында ушундай корутунду чыккан. Бул абал азыр деле бар, биздин аткаминерлер маселени терең түшүнбөйт же түшүнгүлөрү келбейт. Алар адам укугуна принципиалдуу маани беришпейт, өз милдеттерин - адамдарга кызмат көрсөтүүнү кынтыксыз аткарышы керек болчу. Мисалы, бала бакчага кирүү, мектепке кабыл алуудан баштап адам укугу бузулган учурлар көп.

Мындан беш жыл мурда мамлекеттик органдарга, айрыкча сот органдарына болгон нааразылык күч, ишеним аз болсо, азыр деле ошол деңгээлде калууда.

Жээнбек Осмоналиев: Баарыбыз билгендей, Адам укугунун жалпы декларациясында бардык укуктардын сакталышына шарт түзүп бере турган эмгекке болгон укук көрсөтүлгөн. Тилекке каршы, пландуу экономика кулап, рынок мамилелерине өткөндөн бери жалпы эмгекчилердин эмгекке болгон укугу көп учурларда корголбой калууда. Буга формалдуу эмес эмгек орду, келишимсиз иштөө, конверт менен маяна берүү ж.б. толгон маселелер негиз түзүүдө. Бул маселелер жалгыз профсоюз уюмуна жүктөлбөйт, аны чечүү жалгыз профсоюздардын колунан келбейт. Ошондуктан мамлекет да адам укугу боюнча комплекстүү иш алып барышы керек. Өкмөт менен Кыргызстан профсоюздар федерациясынын ортосунда генералдык келишимибиз бар, анын мөөнөтү быйыл бүтүүдө. Тилекке каршы, өкмөт тараптан анын айрым пункттары бюджеттин жетишпестигине шылтанып аткарылбай келди. Биз эми алдыдагы үч жылга, 2018-жылга чейин иштей турган жаңы келишимдин долбоорун иштеп чыгуудабыз, аны көзөмөлдөй турган комиссия түзүлгөн. Профсоюз уюму бул жаатта алпурушуп келатабыз. Мисалы, 2015-жылы эмгекке болгон укуктары бузулуп, ошого жараша материалдык жапа чеккен жарандарыбызга 68 миллион сомдон ашык акчаларын өндүрүп бердик.

“Азаттык”: Өкмөттүк эмес уюмдардын адам укугун сактоо боюнча айткан сындары мамлекеттик бийлик, сот, башка укук коргоо органдары тарабынан кандай кабыл алынат, эки жээкте туруп түшүнүшпөй жаткандай кабыл алгандар көп...

Рита Карасартова: Ар бир сын-пикир боюнча мамлекеттик органдар менен абысындай айтышкан учурлар көп. Эгер мамлекеттик органдар адамдарга карата көрсөтүлгөн кызматты сапаттуу аткарбаса, укуктары бузулат. Ошондо алар сотторго кайрылат, аларга кудайга ишенгендей эле барат. Ал жерде акыйкат таппаганда башка уюмдарга барып жатышат. Анан алар соттордун үстүнөн сын айтышат.

Мен соттордо иштегендерге айтат элем, айлыгым жок, бейөкмөт уюмдар жаман деп отура бербей, келгиле чогуу кеңешели, эмне жетишпей жатат, чогуу ойлонолу. Баарыбыз бир мамлекетте жашайбыз, соттор, Жогорку Кеңештеги депутаттары кандай болбосун алардын баары – биз, биздин коомдун күзгүсү, чагылышы. Ошондуктан мамлекеттик органдар менен бейөкмөт уюмдар ортосунда жигерлүү кызматташтык жетишпей жатат. Дагы эле ачыктык жок. Ачык-айрымдык жок жерде нааразычылык көбөйөт.

Альберт Колопов: Бейөкмөт уюмдар балдар жана жаштардын укугун коргоодо сапаттуу кызмат көрсөтүп жатышат. Мен өзүм алар менен көп иштешем. Канча балдар көчөдө калды, тилемчилик кылып жүргөндөрү көп, ата-энелери Орусияга кетип кароосуз калгандары канча...

Жээнбек Осмоналиев: Акыркы жылдары элибиздин көбү үй-бүлөлүк, чарбалык иштер менен алектенип жатканынан, бай-кедей болуп бөлүнүүсүнөн улам айыл чарбасында жалданма иштерге тартуу массалык мүнөзгө ээ боло баштады. Ошонун баарында формалдуу эмес эмгек мамилелери болууда, эмгек келишимдери түзүлбөйт. Жумушсуз жүргөн адамдарды алыскы жайлоолорго алып барып малын бактырган бай адамдар көбөйдү. Ошол жерлерде эмгек укуктары көп бузулууда. Иштетип алып, көңүлүнө жакпаса эмгек акысын бербей кууп жибергендер мындан көп. Мисалы, бир чабан жылкысы өлүп алса, баккан кишини сен мага үч жыл бекер иштеп бересиң деп кыйнаган. Биз ушуга окшогон 129 миң фактыны таап чыктык. Профсоюз уюмдары бул боюнча коңгуроолорду кагып жатабыз...

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG