Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:10

Күмөндөр Абылов менен Манас Бердибековдун жоруктарынан


Кыргыздын чыгаан куудулдарынын жоруктары тууралуу ар кыл авторлор жазган баяндарды 2002-жылы Бекмырза Рахман уулу Жекембаев топтоп, өзүнчө китеп кылып жарыялаган эле. Ошол китепте азыркы чыгаан куудулдардын бири Күмөндөр Абылов менен дүйнөдөн эрте кеткен куудул Манас Бердибековдун азилдеринен да анча-мынчасы камтылган.


* * * * *

Курсакка сыдырма салса...

Күмөндөр Абылов бир жолу Бишкектеги ооруканалардын биринде, болгондо да хирургия бөлүмүндө жатып калат.

Жанындагы керебетте сокур ичеги болуп келген бир жигит жаткан экен.

Анан эле мурда операция болгон жигитти кайра экинчи жолу алып кетип кескилешет, “ичинде бинт калып калыптыр” дешип.

Бечаранын жарасы тигилген жер кайра ырбап, шишип кеткенде дарыгерлер аны үчүнчү жолу операция бөлмөсүнө алып баратса, Күмөндөрдүн айтып турганы:

- Бул бечараны утур-утур союп кыйнай бербей, курсагына сыдырма салып койбойсуңарбы?! Силерге да, буга да жеңил болот эле!

* * * * *

Өлүү үчүн да шарт керек эмеспи

Манас Бердибеков шашып баратып көптөн бери жүз көрүшпөгөн Күмөндөр Абыловго капысынан жолугуп калат.

- Оо, Күкө, жакшысыңбы, турмуш кандай,

Көптөн бери бук болуп, жакын кишилеринин бирине да жолукпай жүргөн Күмөндөр агынан жарылат:

- Оор болуп калды, досум! Абда-ан кыйналып, өлөйүн деп жүрөм.

- Өлбөпсүң го, акыры?

- Шарт жок, досум. Шарты барлар өлө берсин, - деп Күмөндөр кайра жандана купшуңдаптыр.

* * * * *

Миң жылдык тоюмда жолукканбыз

Бир ирет Манас Бердибековду мурдатан билгенин айтып бирөө отурушта мактанып калат.

- Манас экөөбүз таанышпыз!

Чогуу отургандарды арак-шарап, колбаса менен сыйлап жаткан кара жигит мактанычын жашыра албай, сөзүн андан ары улантат:

- Бирок биринчи качан, кайерде таанышканыбыз эсимде жок.

Анда мостойгон калыбынан жазбай Манас Бердибеков дароо жооп узатат:

- Ошондогу бактылуу күндү мен кантип унутайын! Биз деген тээ Таласта менин дүйнөнү дүңгүрөткөн миң жылдык тоюмда таанышканбыз!

* * * * *

Булак: Куйкум сөздүү куудулдар / Жыйнакты түзгөн Бекмырза Рахман уулу. – Бишкек, 2002. – Б. 82-83,86. – ISBN 9967-21-182-2.

* * * * *
TCh.
XS
SM
MD
LG