Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:47

Салижандын азил жана куйкум кептеринен – 1


Айтылуу Салижан Жигитов (1936-2006) агайдын эл оозунда калган азилдери жана чучукка жеткендей сын кептери болочокку муундарга да сабак болчудай. Алгачкы шиңгил (демек, уландысы бар).

Паракордуктун тамыры

“Паракорлук кыргыздын канында бар да. Илгери Кушнер Кнышев деген 1927-жылы Кыргызстанга келип социологиялык изилдөө жүргүзгөн.
Токтогул районуна (Кетмен-Төбөгө) барып, тергөөчүдөн сураптыр: “Кандай кирешең бар?” - деп.
Ал: “айлык алам, анан кийин пара алам”, - дептир.
"Сен советтик кызматкерсиң да", - десе:
“Элдин баары эле пара алат”, - деп тиги жооп узатыптыр.
Паракорлук совет доорунда деле болуп келген, азыр эми шумдук күчөдү да кийинки жылдары”.

Демократия качан келди?

“Эми демократия деген өзү Батыш элдери чыгарган, Батыш коому жараткан бир саясый көрүнүш. А биякта каяктан демократия, тоталитардык режимде жүрдүк.
Андан мурун падышалык өкмөттө дагы тоталитардык режимде болчубуз.
Кокон кандыгында эмне, демократия бар беле?
Же кыргыздын өзүндө демократия бар беле? Бул кызылдай эле калп да.
Азыр деле демократия жок болуп жатпайбы. Анан каяктагы демократия?”

Мактоо

“Юбилейлерде мактоолордон тажайсың. Мен өмүр бою эле макталып келатам. Мактоодон жутаган жерим жок”.

(“Азаттыктын архивинен”).

* * * * *
XS
SM
MD
LG