Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:34

Тарыхтын тапан сабактарынан


Мектептеги жана коомдогу тарых сабагы күлкүсү жок өтөт деп ким айтат?


Кайсы ырчынын тушунда ким бийлеген?

Тарых сабагы өтүп жатат. Мугалим жогорку класстын окуучусун ордунан тургузат.
- Кана, айтчы, Леонид Брежнев деген ким болгон?
- Ал деген ырчы Алла Пугачеванын күлгүн кезинде СССР деген мамлекетти башкарган киши.
- Жакшы. Динмухамед Кунаев ким болгон?
- Ал болсо Роза Рымбаева деген ырчынын жаш чагында Казакстанды башкарган.
- Абдан жакшы. Аскар Акаевди деле билээрсиң?
- Ооба. Ал киши деген айтылуу ырчы Саламат Садыкова баралына келип, Эл артисти наамын алып, “Кыргыз жери” ырын аргендей үнү менен аткарып жүргөн чакта Кыргызстандын президенти болгон дешет.

* * * * *

Бугаалтырыбыз Маркстан кыйын

Бир жолу марксисттик-лениндик идеяларга элеттегилер кантип сугарылганын текшерүү үчүн атайын адис тоо койнундагы районго жиберилет.
Албетте, дароо эле райондук “актип” шаарчадагы чоң жыйынканага чогултулат.
- Мен оболу оңой суроодон баштайын, - дейт алиги адис. – Айтыңыздарчы, “Капиталды” ким жазды эле?
- Капиталды?
- Ооба.
- Аны жазчу болсо жанагы Эмгек-Талаа айылындагы бугаалтыр жазат. Ошону “жазгыч” деп угуп жүрөбүз. Биз эми ал шайтандын эсебин табабыз, - дептир компартиянын райкомунун ачуусу чукул катчысы.

* * * * *

Айтматовдун чыгармасын ким жазган?

Орто мектептеги бүтүрүү сынагында оозеки суроо берилип жатат.
Сынакка кирген бала – айыл өкмөтүнүн эрке уулу.
- Кана, Айбек, биздин татаал сурообузга жооп берсең: Чыңгыз Айтматовдун “Жамийла” чыгармасын ким жазган?
- ... - (Айбектин көзү шыпта).
Болуптур, буга жооп бере албасаң, бизге айтып берчи: 1941-45-жылдардагы Улуу Атамекендик согуш качан болгон?
- ... - (Айбек мурдун шыр тартат).
- Деги ошол согушта эмнелер болду эле, сүрөттөп бере аласыңбы?
- Та-та-та-тах, дүңк-дүңк, пчю-пчю-пчю-уу! Та-та-та-тах!
- Ой азамат, бая эле ушинтип жооп бербейсиңби!

* * * * *

Нөшөрдө калган гректер

Байыркы дүйнө тарыхынын адиси болгон профессор дарсты токтото калып студенттерге кайрылыптыр:
- Түшүнбөй жаткан сурооңор болсо, тартынбай бергиле!
- Урматтуу профессор, эгерде байыркы гректер ачык талаа астындагы амфитеатрда отурганда жаан капысынан нөшөрдөп жаап кетсе, көрөрмандарга эмне болчу?
Профессор бир оокумга чейин ойлонуп, өзү окуп чыккан китептерди көңүлүндө кайра эстеп чыккан соң, акыры үшкүрдү да, жооп узатты:
- Анда көрөрман гректердин кийими ным болуп калчу.

* * * * *
ТЧ.
XS
SM
MD
LG