Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:21

Швейктин урпактарынын азилдери


Кыргыз коомчулугу чех юморун Ярослав Гашектин каарман жоокер Швейк тууралуу романы аркылуу дурус билет. Эми азыркы айрым чех азилдерин окуп коюңуздар.

Пушкин коммунист болбоптур

Бир ирет кыргыз саякатчысы Прага шаарында баратып чех таксичиден сурап калды.
- Байкасам, көчөлөрдө орустар менен байланыштуу далай аталыштар өзгөргөн экен. Космонавт Беляев көчөсү эми Шмоликов көчөсү болуп калыптыр. Мурдагы Ленин көчөсү эми Европска көчөсү болуп өзгөрүптүр.
- Ооба, 1990-жылдары ал түгүл бир жолу Пушкиндин атын да алып салдык. Анан кайра үч-төрт жылдан соң калыбына келтирдик.
- Эмне, анын таялары абиссиниялык эмес эле, чех бекен?
- Жок, иликтеп көрүшсө, Пушкин коммунисттик партияга мүчөлүккө өткөн эмес экен.


* * * * * *

Ремек тууралуу азил

Чехтер өздөрүнүн туңгуч космонавты Владимир Ремек тууралуу да азил кылып келишет. 1976-жылы советтик космонавтика мектебине чакырылып, 1978-жылы 2-10-мартта туңгуч чехословак космонавты катары космос мейкиндигинде жүргөн Ремекке ал орбитада кезинде журналисттер байланышка чыгып, суроо беришет.
Бир нече ай бою жалаң орусча сүйлөп көнө түшкөн Ремек чехче сөз табаар алдында “э-э...” деп улам мукактанып ынтыгып калат.
- Алгачкы советтик жасалма жандоочудан (спутниктен) Ремектин айырмасы эмнеде?
- Айырмасы - эгерде жасалма жандоочу “би-ип”, “би-ип” десе, Ремек “э-э”, “э-э...” деп үн чыгарат.


* * * * * *

Көрдөгү орун

Экинчи дүйнөлүк согуш маалы. Гестапого бир чех кишини сүйрөп алып келип, полго сулата жыгышат.
- Камалсын!
- Муну эмнеге камаган атабыз? – деп сурайт каттап жаткан киши.
- Бул киши “Жөөттөр кетип, ордуна бул жерге немистер толсун!” деп кыйкырды.
- Анысы биздин саясатка туура келчү чакырык го?
- Бирок ал муну жөөттөрдүн көрүстөнүнүн так ортосунда туруп алып кыйкырып жатпайбы!


* * * * * *

Аюу колго түшкөндө

Бир жолу Аюу Прагада чо-оң дүкөн ачыптыр.
- Эй, Аюу! Дүкөнүңдө чириген сабиз барбы? – деп андан Койон сураптыр.
- Биздин дүкөн жаңы, бизде эч кандай чириген сабиз болбойт! – дептир Аюу.
Эртеси баягы Койон кайра келип:
- Эми чириген сабиз бардыр?
- Жо-ок, байболгур, тынч койчу мени!
Койон кеткен соң, Аюу "эми бул кардар кайра келсе, сураганын берейинчи" деп ойлонот да, бир сабизди атайын чиритип даярдап койот экен.
- Чириген сабиз барбы, дүкөнчү мырза! – деп баягы Койон кайра келип сураганда:
- Мына, чириген сабиз! – деп Аюу даярдап койгонун беркиге сунуптур.
Койон болсо санэпидемиялык кырдаалды текшерүүчү деген күбөлүктү Аюунун мурдуна такаптыр.


* * * * * *

Трамвайдан түшкөндө...

Англис киши трамвайдан түшөөрдө артын карабай кете берет.
Америкалык жүргүнчү трамвайдан түшөөрдө “эч нерсе калтырбадым бекен?” деп артын бир текшерип алып жерге түшөт.
Ал эми чех жүргүнчү болсо трамвайдан түшөөрдө “эч ким эч нерсе калтырбады бекен?” деп артын бир текшерип алып анан жерге түшөт.


* * * * * *

Феминисттер жыйынында

Феминисттердин эл аралык жыйынында бир англис аял өз тажрыйбасы менен бөлүшөт:
- Мен эриме ачык айттым: “Мындан ары башкача жашайбыз. Мен тамак бышырууну токтотом” - дедим. Бир жума өттү, эч өзгөрүү көрбөдүм, эки жума өттү эч нерсе деле көрбөдүм. Үч жума өттү, анан эрим тамак жасай баштады.
Кол чабуулардан кийин төргө чыккан немис аял:
- Мен болсо эриме “мындан ары кир жуубайм” деп талап койдум. Бир жума өттү, эч өзгөрүү көрбөдүм, эки жума өттү эч нерсе деле көрбөдүм. Үч жума өттү, анан эрим кир жууй баштады.
Каткырык жана кол чабуулардан соң чех аял төргө чыкты:
- Мен да эриме талап койдум. “Мындан ары кир да жуубайм, тамак да жасабайм” - дедим. Бир жума өттү, эч нерсени көрбөдүм, эки жума өттү, дагы эле эчтеке көрбөдүм. Үч жума өттү, анан оң көзүм акырындап көрө баштады...


(Бул азилдерди чех достор өздөрү айткандыктан, башка чех туугандар терикпес).


* * * * * *
TCh.
XS
SM
MD
LG