Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:15

Пайдалуу, “чүйгүн” мыйзамдарды көздөй алга!


Мыйзамдын “жакшысы” – кулпулангандагысыбы? “Азаттык үналгысы". TKy. 25.02.2011.
Мыйзамдын “жакшысы” – кулпулангандагысыбы? “Азаттык үналгысы". TKy. 25.02.2011.

Мыйзам сунуштоо – бул да айла-амалды, пенделик тажрыйбаны, кеп-кеңешти талап кылган чеке тердетчү иш. Бул жаатта азил-чыны камтылган сунуштарыбызды айтпай ичибизге ката берсек чеки болоор.


Өх ү-үй, бу депутат туугандардын эмгегин эл анча баалабайт тура. Шайлаарын шайлап алат, анан ал байкуштарга сынтага берет.

Же өздөрү куурай башын сындырып мыйзам долбоорун сунуп турушпайт.

Анан айрым депутаттар кантсин, улам жаңы идеяларга баштары чыңалып, кайсы-бирин мыйзам долбоору катары сунуштаарын билбей кыйналышат да.

Өткөн эсил кайран парламентте бир укмуштай сонун мыйзам кабыл алынган.

"Улуттук гимн аткарып жатканда сөзсүз оң колуңду жүрөгүңө жакын кармап турушуң керек" деген.

Аны саясий адеби жок тапандар сынга алганын койбоду.

“Эсеби маселен, менин оң колум унаа кырсыгынан улам жулунуп кеткен дейли. Эми менин укугумду мыйзам тепсеп калабы?”

“Мен сологоймун. Кокус сол колум менен эле жүрөгүмдү бассам жазага кириптер болуп калбаймынбы?” деген сыяктуу көп суроолорду ошол чакта маселенин саясий маанисин түшүнбөгөн көптөгөн көрпенделер узаткан.

“Ой тообо, мыйзамга “үнүңдү башкалардан катуу чыгарууга умтулуп гимн ырдашың керек” деген жобо кирбей калганы да дурус болуптур”.

Мындай пикирди да угуп жүрдүк. Ал тууралуу Баркалбас деген дос мага бир катында жазып жибериптир.

“Эсеби маселен, Топчуке, Сагынбек Момбеков жана башкалар үнүн катуу чыгарып ырдашса, аларга жарашат. Уккандарга да жарашат. Анан менин классташым Жалганбек үнүн жарым-жартылай эле чыгарып ырдап көрүшсүнчү, бүт калайык гимнди да унутуп, мыйзамды да унутуп, анын жанынан тымтыракайы чыга качып жөнөмөк. Анын жагымсыз үнүн укса, шайтан өзү коркконунан улуп жибермек”, - деп жазып, Баркалбас бул сүйлөмдүн жанына күлүп жаткан кишинин белгисин коюп коюптур.

Мен ал белгисине күлгөн деле жокмун. Баркалбастын классташы Жалганбектин үнүн эстеп чо-очуп да кеттим.

Барс жылы чын куран айынын жетисинде Ак Үй "кулаганда" андан берээктеги Жогорку Кеңештин имараты да соо калган эмес. Ошондо жайнаган кагаздар сапырылып эле жатып калган.

Кийин аларды терип алып, сактап койгондор көп болду дешчү.

Айрымдары тополоңдон пайдаланып, талап-тоноп жүрсө, кээлери кагаз чогултуп жүрүшүптүр.

Кээ бир депутаттар ошолордун арасынан эски мыйзам долбоорлорун таап алышканбы, аларды “жаңы топу кийгизип алып” кайра көтөрүп жатышабы деген да ой келип кетет. Ким билсин?

Маселен, добушка салууга жеткирилбей калган эски мыйзам долбоорлорунун биринде "тигил же бул киши өз аты-жөнүн, тек-жайын жана кызматын жазчу маалымчага (визиткага) тооктун сүрөтүн тартууга тыйуу салуу керек" деген сунуш бар болчу дешет.

Көрсө, алиги тоокту басмаканадагылар кооздой берип, ал канаттууң бүркүткө окшошуп калышы мүмкүн экен. А бүркүт болсо – мамлекеттик символдордун биринде бакыйып турат эмеспи.

Мында тымызын шылдың жашырынып атканын жаземдебей эле билесиң.

Ошондуктан визиткага тоок-мооктун баарын жолотпой эле койсок, деген асыл ой камтылган патриоттук сунуш алиги мыйзам долбоорунда бар болчу дешет.

Долбоордун авторунун атын ачыктабай эле койойун.

Мурда “Алга Кыргызстан” партиясына, кийин “Ак Жол” партиясына кирип депутат болгон, эми деле ыңкылапчылардын арасында депутат катары оокатын кылып жүрөт. Эми ал жалгыз эмес деңизчи!

Айтайын дегеним – мамлекеттик символдорду визиткаларга жолотпоо тууралуу мыйзамды андан ары тереңдетип, спортчуларга кыргыз желегин көтөрүүгө тыйуу салган берене киргизип койсок.

Болбосо, алар тээ жердин жети түбүндө өтчү олимпиадаларга чейин улуттук желегибизди көтөрүп барып, байрагыбызды ар башка континенттердин чаңына кабылтып, ысык аптабына тозултуп, шамалына дирилдетип, суугуна үшүтүп келишет экен.

“Сен үшүбө, мен үшүйүн Желегим!” деген сезим спортчуларда эч болбойт тура. Ден соолугу бекем немелер жарытып эмнени ойломок эле.

Өткөндө түндүк кавказдык жумурияттардын биринин башчысы “лезгинка бийин туш келди бийлебегиле!” деген талабын койуптур.

Бизде деле мыйзам чыгарып, “калпакты туш келди белекке бербегиле!” деген эрежени киргизсек эмне болот?

Мына, тээ Тунис, Мысырга чейин калпак белекке кетти эле, аларда эмне болду?

Таптыңыз. Ыңкылап болду. Биздеги чын курандын жетисиндеги окуялар аларда саал башкачараак нукта кайталанды.

Эми ойлосом, бекеринен Нуракең былтыр кыргыз-казак чек арасын жаап койгон эмес экен да!

Себеби атажуртубуздагы өндүрүүчүлөр калпакты ашыкча жасап, Ата-Тоонун түндүк тарабындагы даркан талаада байырлаган бауырдастарга арзан жана арбын сата баштаган экен да!

Мурдагы элчи Мухтар Шаханов болсо канча калпакты бизден бекер эле (белекке) кийип алып кеткен! Эсеби жок. Ошол калпагынан чочулап аны кызматтан алып салышкан дешет.

Азыр да чек арадан Алматыны көздөй агылган уздардын буюм-тайым, табарынан казак бажысы калпактан башкасын гана өткөрүп атат деген кеп бар, анык-калпын ким билсин?

“Деги бул саптардын ээси баш чаргытып эмнелерди айтып жатат?” дээрсиз.

Баягы эле мыйзам көйгөйү да.

Ушул тапта, менимче, келиндердин жүгүнгөнүн тартипке салуу жөнүндө мыйзам керек. Алар кайын ата, кайнагаларына күнүгө канча жолу жүгүнүшү керек, эгерде жүгүнбөй коюшса канчалык экономикалык, муундар аралык дипломатиялык, дене тарбиясы жаатындагы жана башка залал келип чыгат? Ушунун баары оңой маселе эмес да!

Ал мыйзамдан оболу, балким, келин-кесектин улууларды тергегени жөнүндө бир жакшы мыйзам кабыл алып койсок.

“Бозокор аке”, “Дүжүр ата”, “Уюкфону көп апа”, “ОБОНчу жеңе” деген сыяктуу келекелеп тергеген сөздөрдүн тизмесин да тиркеп койсок, “мындай тергегениңер жарабайт, урматтуу келиндер!” деп.

Шыпыргыны короонун кире беришинин сол жагына коюу керекпи, же оң жагы ылайыкпы? Кыштакта көчө шыпырганда коңшунун аймагына канча метр кирип кетүүгө уруксат? Муну да мыйзам аркылуу тастыктап алсак.

(Көп кабат үйдө жашаган шаардыктар, бул мыйзамды окубай эле коюңуздар. “Шыпыргы” сөзүнө тишиңер деле өтпөсө керек).

Чач тегиздетүү ыкмасы жөнүндө деле мыйзам зарыл болуп турат. Кээ бир аткаминердин чачын көрсөң, тим эле уюшкан кылмыш тобунун “карт бөрүсүндөй” үксөйүп турат.

Мантуу жештин учуру тууралуу да мыйзам керек. Өзгөчө лидерлер абайлап мантуу жеши керек экен, болбосо алар күтпөгөн жерден Ак Үй алынып калат тура.

Аталышы ар беш жылда алмаштырылышына уруксат кылынган тоо чокусу тууралуу да бир мыйзам кабыл алып койсок.

Маселен, ал чокуга азыр Путиндин атын коюп турсак, анан ал ардагердикке чыкканда чоку аталышын дагы башка бир пайдалуу мыкчегердин же кайсы бир газ же мунай кени бар диктатордун ысымына ооштура калабыз. Чоку деле атынын улам өзгөрө турганына каршы болбойт. Анткени бул жөрөлгө Жогорку Кеңеш кабыл алчу мыйзамга ылайык болот да!

Келгиле, ыңкылаптан кийинки Жогорку Кеңешибизге жапатырмак жардам берели.

Дагы кандай олуттуу, күрдөөл заманга төп мыйзам долбоорлору тууралуу мыйзамчыларга кулак кагыш кыла алабыз?

Чымчыкейдин ойлорун чып-чыргасын коротпой жазып алган,
Т.Ч.
XS
SM
MD
LG