Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:07

Бала тили – бал (балдардын таттуу сөздөрүнөн куралган азилдер)


Дүйнөдө расмий катталган тилдерден башка да бир кызыктай тил бар. Ал – балдардын тили.


* * * * * *

Атымды кантип билип алдыңар?

Кичинекей Сайрагүл апасынан таңдана сурады:
- Апаке, мен төрөлгөндө атымдын Сайраш экенин кантип билип алдыңар эле?


* * * * * *

Канчага келдиң?

Таалайбектен сурап калышты.
- Канча жаштасың?
- Жакында тогузга чыгам, азыр үчтөн аштым.
- Атаң канчада?
- Мен канчада болсом, ошончодо.
- Кантип эле?
- Жөнөкөй эле да. Мен төрөлгөндө ал менин атам болуп калды да!

* * * * *

Кийим тикчү элчи

Ата-энеси Саматты эркелетип, «чоңойгондо элчи болосуң, алыскы-ы өлкөдө элчи, дипломат болуп иштейсиң. Маселен, Жапонияда иштейсиң. Анан бизге сону-ун кийимдерди алып келесиң» дей беришет.
Бир күнү атасынын досу Саматтан сурап калды.
- Чоңойгондо ким болосуң?
- Элчи, и-и... эмне эле... дипло-м-м-ас болом.
- Дипломас болсоң эмне кылып иштейсиң?
- Кийим тигем. Анан атам менен апама көп-көп кийим апкелем.


* * * * * *

Тамгалардын ирээти

- Темирбек, сен ариптерди билесиңби?
- Ооба. Эжекемдин «Алиппеси» бар.
- Айтчы, анда А тамгасынан кийин кайсы тамга келет?
- Ошону да билбейсизби? Калган тамгалардын баары да!


* * * * * *

Жарма каалаганда

Биринчи мугалим Өмүр агай мектеп босогосун жаңы аттаган балдарга түшүндүрүп жатты.
- Эгерде суроо бергиңер келсе, демек, бир нерсе тууралуу сурагыңар келсе, анда кол көтөрүшүңөр керек. Түшүнүктүүбү? Мына минтип кол көтөрүү керек. Кана, кимде суроо бар? Ким кол көтөргүсү келээр экен?
Ары жак – бери жакта анда-санда көтөрүлгөн колдор. Кээлеринин колдору уялыңкырагандан жарым бүгүлгөн.
- И-и, Өмүрбек, аты уйкашым, сен туруп айтчы?
- Агай, - деди тиги шымаланып тура калып. – Үйгө барып жарма ичип келе калсам болобу?


* * * * * *

Мектепсиз деле оокат өтөт

Кичинекей Айдай бүгүн алгачкы ирет мектепке барган болчу.
- Мен эртеңден тартып мектепке барбайм, - деди Айдай чоңатасына.
- Ошо кантип болсун? Эмнеге антип жатасың? – деп чоңата таңдана сурады.
- Мен азырынча окуганды, анан жазганды билбейм да. А мектепте сүйлөшкөнгө уруксат беришпейт экен. Тайакча эле чийдире беришти.



* * * * * *
ТЧ.
XS
SM
MD
LG