Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:06

Соода, дүкөн, базар, соодагерлер жана кардарлар жөнүндө дүйнөлүк азилдер


* * * * *

Питерде болгон окуя дешет...

Бир жолу мурдагы АКШ президенти Буш мурдагы орус президенти Путинге конокко келип, ал аны өзүнүн кичи мекени Питерге алып келет.
Алар базарга келишип, мал сатып аткан кишини көрүшөт.
- Уюңуз канча турат? – деп сурайт Буш.
Путин берки сатуучуга көз кысып, “патриоттугуңду көрсөт, бизде абдан арзан экенин билдир” дегендей ишаара кылат.
- Алтымыш рубль.
- Опе-ей, эки эле долларбы? Мен анда сатып алам! Ранчого ала кетем!
Берки мужук эки эле долларга уйду кармата бергиси келбей:
- Бул мурду сасык уйду эмне кыласыз? Андан көрө үстүнө дагы отуз рубль кошуңуз да, тетиги киши сатып аткан тоокту сатып алыңыз.

* * * * *

Еревандын көчөсүндө

Бир армян киши чоң дүкөндүн жанында көчө боюнда коон-дарбыз сатып отурса, жанына сакалы жайкалган аксакал басып келет экен. Анын көкүрөгү бүт советтик орден менен медалга толгон.
- Уулум, мага береги коондун жарымын эле кесип сатчы.
- Урматтуум, биз коонду бүтүн гана сатабыз. Бөлбөйбүз.
- Уулум, мен ардагермин, карыямын. Мунун баарын жей албайм.
Сатуучу таптакыр көнбөй койгондо аксакал аны “дүкөндүн кожоюнунан сурап көр, сага уруксаат берээр” деп дүкөнгө жиберет.
- Шеф, бир келесоо киши келип алып эле коондун жарымын гана сатып алам деп мазамды да алып, убакытымды да коротуп, мээмди тим эле ичине кирип алган курттай жеп жатат. Ушундай да кеп жебес бир кейбир неме көрүнөт, - деп сатуучу сырттагы кардарды жамандай баштайт. Бир маалда байкаса, алиги аксакал да артынан келип өзүн угуп аткан экен.
Сатуучу кебин андан ары шыр оңдоп улайт:
- Бирок акыбалдан чыксак да болот, анткени бул сакалы жайкалган ардагер аксакалыбыз да келип, кадырмандык кылып, алиги коондун экинчи жарымын сатып алгысы келип жатат.


* * * * *

Тбилисидеги компүтер дүкөнүндө

Бир айылдык грузин келип сатуучудан сурайт:
- Кызым, мага жакшы компүтер керек эле. Акчасынан коркпо. Дурусун сунуш кылсаң.
- Балким, Сизге Macintosh керектир?
- Ва-ай, кызым! Мага азыр макинтошуң да, кундуз пальтоң да кызыксыз. Мага компүтер керек!


* * * * *

Чехиянын “Батйа” дүкөнүндө

- Пани, мага абдан кооз, жуп-жумшак, абдан назик ийленген булгаарыдан жасалган, ушунчалык элеганттуу, бирок ушунчалык арзан болгон туфли керек эле. Ошондой туфлилерден карап көрсөм жакшы болот эле.
- Мен дагы ошондой туфлини көрүүнү самайм... – деди дүкөнчү.


* * * * *

Бишкектеги зергер дүкөнүндө

Кардар айым келип бир сөйкөнүн баасын сурап кызыгат.
- Бул канча турат, кызым?
- Төрт миң сом.
- Коку-уй!
Анан сөөмөйү менен шуруну көрсөтөт.
- А мунусу канча болду экен?
- Ал шуру эки “кокуй” турат, эжеке!


* * * * *

Ыстамбулдагы зергер дүкөнүндө

Кардар айым дүкөндөн асыл таш чөгөрүлгөн билерик сатып алат.
Дүкөнчү кардар айымга:
- Опе-ей, акчаңыз ным болуп калыптыр го?
- Ооба, күйөөм бетине басып буркурап ыйлап жатып берген бул акчаны.


* * * * *

Сочиде же Чолпон-Атада...

Көчө боюнда шишкебек сатып отурган кишиге бир кардар кайрылат.
- Сизде уй этинен башка тоок этинен да шишкебек бар экен. Мага тоок этинен жасалганын кактап берсеңизчи?
- О-ой, тууган, чынын айтсам, ал саал бүксүп кеткен болчу.
- Кокуй, анда берки уй этинен даярдалганын эле кактай калыңыз.
- Кандай десем... Ага караганда берки тооктуку эле денсоолукка дурусураак го?


* * * * *

Париждеги дүкөндө

- Кечиресиз, урматтуу айым! – бир эркек киши чоң дүкөндүн ичинен бир сатуучу айымга кайрылды. – Эгерде Сиздин капчыгыңызда ашыкча 500 евро болсо, анда бирдемке сатып алуу үчүн кайсы бөлүмгө барат элеңиз?
- Албетте, астыңкы кабаттагы бетмай, упа саткан бөлүмгө бармакмын!
- Чо-оң рахмат! Мерси буку! – кудуңдаган алиги киши адашып калган аялын табуу үчүн астыңкы кабатка чуркады.


* * * * *

Маскөөдөгү БУМда

Маалымдоо бөлүмүнө бир айым келип сурайт:
- Мен эки саат мурда күйөөмдү жоготуп алдым! Эмне кылаарымды билбей калдым?
- Көңүл айтам! Сөөк коюу жөрөлгөлөрүн уюштурган агенттиктин кеңсеси 3-кабатта, түз барып солго буруласыз...


* * * * *

Америкадагы дүкөндө

Дүйнөлүк кризис маалында бир кийим-кечек саткан дүкөнгө жумушсуз киши келип, кызматка ал деп кожоюнга жалдырап кайрылат.
- Болуптур, бирок бир гана шарт менен! Тетиги бурчтагы өңү жагымсыз, сөлбүрөгөн костюмду бирөөгө сатсаң, анда жумушка кирдим дей бер!
Кожоюн түштөнүп келген соң, аны берки киши жаркылдап тосуп алат:
- Мен саттым, мен саттым!..
Анын тытылган кийимин, канталаган, бинт оролгон колун көрүп, дүкөн кожоюну сурайт:
- Эмне, костюм сатып алган кардар саал акаарат айтып, каршылык көрсөттүбү?
- Жок, ал абдан сылык мамиле кылды. Бирок ага дайыма жол көрсөтүп жүргөн ити бар экен, ошого костюмдун түсү жакпай калдыбы, билбейм...


* * * * *

Дагы бир жолу Америкада...

Дүкөнгө беткеп кийген бир киши тапанчасын шыпка карай атып кирип келет.
- Баарыңар тең колуңарды көтөргүлө! Акчаңарды даярдагыла.
Анан дүкөнчү кызга кайрылат.
- Атың ким?
- Элизабет.
- Менин апамдын аты да Элизабет. Сага тийишпейм, четке барып тур.
Анан эңгезердей болгон сатуучу жигитке тапанча кезейт.
- Сенин атың ким?
- Мындан аркы атым Элизабет.


* * * * *

Сибирдин дүкөнүндө

Бир киши келип, сатуучудан “абдан жылуу жана кооз жемпир керек эле” деп сурап калат.
- Мына бул жемпир жакшы.
- Бирок Кытайдыкы болбосун!
- Кытайдыкы эмес, Бишкектики.
- Опе-ей, мен өзүм Бишкектен келсем, анан аялыма Бишкекте чыккан товарды сатып алып бармак белем?
- Он мүнөттөн кийин кайра келиңиз. Бишкектин белгисинин ордуна Италиянын же АКШнын бир компаниясынын жардыгын тиге салалы.

* * * * *
TCh.
XS
SM
MD
LG