Линктер

Адамдардын жашоо-шарты өзгөргөнү менен жапайы айбанаттар менен канаттуу куштарга аңчылык кылуу адаты мурдагыдай эле өзгөрүүсүз калууда. Венгрия жана Австриядагы аң уулоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу австриялык мергендин аңгемеси.

Франк Диттманн Австриянын борбору Вена шаарында жашайт. Ал жайкысын көп убактысын Венгриянын Ройтокмужай кыштагында өткөрөт.

Ушу жерден отуруп америкалык компаниядагы жумуштарын интернет аркылуу бүткөрө берет. Анын Ройтокмужайдагы эки кабаттуу тамы англис стилиндеги багы бар 30 сотых жердин бир четин ээлейт.

Кыштактын түштүк ныптасындагы шиберлүү талаа токойго уланып кетет. Токой бойлой ар-ар жерде шаты менен чыкчу кароолканалар сопойот. Кароолкана мергенчилер үчүн эзелки кароол дөбө сыяктуу. Мергендер элик, доңуз, бугу сыяктуу жапайы жандыктарга кароолканадан туруп дүрбү салышат. Кыштак аңчылык үчүн ыңгайлуу болгондуктан, Франк Диттманндын купулуна толгон. Себеби, ал эс алган адамга аң уулагандан артык эч нерсе жок деп билет. Ошого мергенчиликти эрмек кылган австриялык менен аңгемебиз Венгриядагы аң уулоо тартиби жөнүндө болду.

Франк Диттманн

Франк Диттманн

- Доңузга жыл бою аңчылык кылганга уруксат. Бирок ургаачы торопойду атканга болбойт. Мүйүзү жок токол бугуну марттан июнга чейин жана күз айларында атканга уруксат. Мүйүздүү бугуну куут маалы-сентябрда атканга болбойт. Анткени алар жыл бою бекинип жүрүшөт да куут кезде үндөрү токой жаңыртып, бугу-маралдардын жаны жай албай калат. Ошондо аларга аңчылык кылуу жеңил. Эликтерди атуунун эрежеси да бугу атуунун эрежесине окшош. Июлдун этеги, августтун башында эликтердин кууту кызыйт. Бу маалда эликтин текелери эчкилерин издеп, эчкилери күүлөгөндө текелери жүгүрүп жетчү болот...

Жаныбарлардын куут маалы орус жана англис тилдеринде “үйлөнүү мезгили” деп окшош айтылат. Орус тилинде түш жооруган Франк мырза да куут мезгилин “брачный период” дебедиби. Кыргыздарда ургаачы айбанаттардын эркегин эңсегенине байланыштуу “Тоодогу эчки күүлөгөндө теке жүгүрүп келет” деген макал бар.

Мегилжин атууга болбойт

Франк Диттманндын үйүндө мылтыктын бир нече түрү бар экен. Анын себебин сураганымда, аңга чыкканда алып барчу мылтык аңчы атчу жандыктын чоңдугуна карап тандаларын айтты.

- Аңчылык кылганда атылган жаныбардын этин бузбоо үчүн мылтыктын минималдык калибрин жана минимум кубаттуусун пайдалануу жөнүндө эрежеде даана жазылган. Бул мыйзам. Мисалы, эликти 300 метр жерден атуу өтө эле кыйын. Себеби элик аябай эле кичине болуп көрүнөт. Мылтыктын жакшы дүрбүсү болсо дагы элик эркекпи, ургаачыбы, канча жашта экенин ажыратуу кыйын. Марал 300 метрде турса, аны жазбай эле атып аласың.

Венгриянын бардык жерлеринде бугу же марал атуунун эрежеси окшош болсо, Австриянын региондорунда бугу атуунун эрежеси ар кыл экен. Жалпы эрежеге ылайык, доңуздун ургаачысы - мегилжинди атууга тыюу салынган. Эликтин ургаачысын жана маралды атууга туут маалы бүткөндөн бир нече айдан кийин же улак-музоолор өз алдынча болуп калганда гана уруксат берилет.

- Доңуздун мегилжинин жашында атууга болбойт,- деп улантты сөзүн Франк Диттманн.

- Мүмкүн болсо айбанаттардын эркегин аткан оң. Бирок алар “Ме, ат!” деп, күтүп турбагандыктан, жүгүрүп же качып баратканда эркек-ургаачысын ажыратуу татаал. Эликтин эчкиси менен маралга аңчылык кылгандын мөөнөтү ар башка. Бугуну атуунун тартиби да ар жерде ар башка. Демейде бугуга аңчылык кылуу 1-августта башталып, ноябрга чейин уланат. Маралдын кысыры марттан июнга чейин атса болот.

Бугунун мүйүзү, камандын азуусу

Венгриянын мыйзамдары боюнча, аңчылыкка адистешкен чарбалардын аянты 3 000 гектардан кем болбоого тийиш. Алардын көбү мергенчилик кылганы келген адамдарга жатак жай, тамак-аш да сунуш кылышат. Мергенчилик кылам деген адамда лицензия болушу шарт.

Франк Диттманн чет элдик жаран ирети Венгрияда ар жылы 400 еврого лицензия сатып алып турат. Венгрияда мергенчинин лицензиясы мен сыяктуу чет өлкөлүк үчүн бир жылга 400 евро турат. Австрияда жылдык лицензия үчүн 60 евро төлөйт.

Ройтокмужай таңга маал

Ройтокмужай таңга маал

- Венгрияда доңуздун этинин баасы анын салмагына жараша болот. Баланча килограммга чейин бир баа, анан башка баа. Азуулуу камандын баасы азуусунун узундугуна карап бычылат. Атылган бугунун баасы жаныбардын мүйүзүнүн салмагына жараша аныкталат. Мисалы, бугунун мүйүзү 6 килограмм болсо, орточо 1500 евро турат; 10-12 килограмм мүйүз 5000 - 6000 евро турат. Австрияда бугу аз болгондуктан, аларды атуу катуу чектелген. Сиз атчу бугу кеминде 10 жашта болушу шарт. Андан тышкары бугулар 1-класс, 2-класс, 3-класс деп бөлүнөт. Жаңылып маралды атып алсаңыз, чоң суммада айып пул төлөйсүз. Германияда да эреже ушундай. Бельгияда төрт аяктууларды айдап атмай кеңири жайылган. Ага 20 мергенчи, 10 же 20 ит жана айдакчылар катышат. Доңузду Бельгияда айдакчылар имерип же тооруп берет. Анткени доңузду аткан башка айбанаттарга караганда кыйын.

Венгриянын түштүк-батыш аймагында бугулардын мекени саналат. Франк мырзанын жайлоосу Дьёр-Мо́шон-Шо́прон облусунда да бугулар бар. Мергенчи Венгрияда ууга жергиликтүү егерь менен кошо чыгышы абзел.

- Мен Венгрияда аң уулаганы барганда, мени менен кошо егерь да барат. Ал эми Австрияда аңга жалгыз барсам болот. Себеби, мен Венгрияда чет элдикмин. Егерь "муну ат, тигини атпа, ал кичине, тигиниси чоң" деп, мерген менен кошо жүрөт. Австрияда элик менен доңуз атканда, өз абийриң өзүңдө. Аң уулап бүткөндөн кийин эмне жандыктарды атканым тууралуу тийиштүү кагазды толтуруп, аны аңчылык чарбасынын башчысына жөнөтөм. Бугу атканга егерь менен кошо барышым жана олжону егерге көрсөтүүм шарт. Бул тартип ар бир чарбада ар башка. Мен мүчө болгон аңчылык чарбасында баары ишенимге негизделген. Башка жерлерде атканыңдын баарын егерге көрсөтүүң шарт.

Кузгундарга "кешик" калтыруу

Европада салт боюнча аңчы олжосунун ичеги-кардын түлкү, карга-кузгун жесин деп талаада калтырат. Эликтин башын Франк мырза кургатып, терисин сыйырып, кайсы жерде жана качан атылганын жазып, үйүнө илип коёт. Диттмандын Ройтокмужайдагы үйүндө өзү аткан элик-бугулардын ондон көп башы илинип турат. Мерген ар бирин ошол жазууларына карап, качан, кандай шартта атканын узун аңгеме кылып айтып бере алат. Себеби ар жолу аңга чыккандан кийин эмне атканын көк тыштуу калың дептерине кылдат жазып турат.

Ройтокмужайдын четиндеги талаада оттоп жүргөн эликтер.

Ройтокмужайдын четиндеги талаада оттоп жүргөн эликтер.

Австрияда да аң уулоо Венгриядагыдай эле коммерциялык негизге коюлган. Мергенчилик лицензиясы бар адамдар аңчылык чарбасына келип, жылдык мүчөлүк акыны төлөп, уруксат алган соң гана тоо эчки же доңуз атса болот. Мерген аткан айбанатынын эти жана олжого алып кетчү мүйүзү үчүн да акча төлөйт. Австрияда 130 миң адамда аң уулаганга лицензиясы бар. Бул 8.5 миллион калктуу өлкө үчүн өтө чоң көрсөткүч жана австриялыктарда аң уулоонун эзелтен келаткан салты барын күбөлөйт. Тоолуу Австрияда элик-кийикке, аркар-кулжаларга, доңуздарга аңчылык кылганды чет элдик мергенчилер да жакшы көрүшөт. Жергиликтүүлөр өз алдынча чыгып эле мергенчилик кыла албайт. Аңга чыгам деген адам лицензия алып жүрүп жана ал кайсы бир мергенчилер коомуна мүчө болууга тийиш. Себеби аң уулоочу жерлер мергенчилер коомунун ээлигине карайт, - дейт австриялык мерген Франк Диттманн.

- Австрияда мүчөлүк акынын өлчөмү мергенчилер коомунун мүчөлөрүнүн санына көз каранды же 2000 евродон 50 миң еврого чейин. Венгрияда мен ар бир аткан жандыгым жана ар күн үчүн төлөйм. Маселен, базарда эликтин 1 килограмм эти 4-5 евро турат. Аңчылар чарбасы мергенчилер эликтин этинин килограммы үчүн 5 евродон төлөсүн деп чечкен. Мен аткан эликтин салмагы башын кошпогондо 18 килограмм болду. Демек мен 90 евро төлөшүм керек. Бул базардагыдан 1 евро кымбат. Доңуз этинин 1 килограммы 3 евро, бугунукун билбейм. Жапайы айбанаттардын этинин баасы Венгрияда жана Австрияда окшош. Бирок Венгрияда кошумча нарк салыгынын өлчөмү чоң.

Доңуз кантип алданат

Венгрияда жана Австрияда аңчылар коому жергиликтүү фермерлердин чарбасына жапайы жандыктар келтирген чыгымды төлөп беришерин, ар бир мерген аткан жаныбарынын этин сатып аларын, доңуздар кант кызылчасын шоколаддай жакшы көрүшөрүн да Франк Диттманндан эшиттим.

Франк Диттманн атып келген эликти мүчөлөп жатабыз

Франк Диттманн атып келген эликти мүчөлөп жатабыз

- Мен аткан жандыгымдын этин сатып алышым керек. Эттин акчасы аңчылык чарбасынын кассасына түшүп, жан-жаныбарларга кышында берүү үчүн жем сатып алганга сарпталат. Мисалы, доңуздар кант кызылчасын момпосуйдай жакшы көрүшөт. Ошон үчүн казып жеп, дыйкан чарбаларга көп зыян келтиришет. Фермердин мындай чыгымын мергендер төлөп бериши абзел. Ошондуктан, атылган жандыктын этин мергенчилерге саткандан жана аң уулоого лицензия берүүдөн түшкөн каражат фермерлерге келтирилген зыянды жапканга жумшалат.

Мергендин айтымында, жапайы айбанаттардын ичинен доңуз уулаган баарынан кыйын жана аябагандай чыдамкайлыкты, сабырдуулукту талап кылат. Себеби доңуз башка жаныбарларга окшоп күздүн күнү үйүрү менен жүрбөйт жана талаага жайылып оттобойт.

Франк Диттманн аткан жандыктарынын баарын ушул китепке сүрөттөрү менен кошо каттайт.

Франк Диттманн аткан жандыктарынын баарын ушул китепке сүрөттөрү менен кошо каттайт.

- Cалтка жараша аң уулоо таң эртең же кечинде болот. Доңуз атканы кадыресе түнкүсүн ай чыкканда же ай жарым-жартылай башбагып турган маалда барабыз. Себеби доңуз абдан эле акылдуу айбанат болгондуктан алар күндүз беймаал жайылып оттошпойт. Ошого доңузга аң уулаганы чыкканда кароол мунарага чыгып алып, аңдып күтөбүз. Доңуздар жайкысын түн жамына талаалап чыгышат. Аларды кокус жолдон өтүп баратканда да атып алуу мүмкүн. Кышкысын талаага жүгөрү таштап койсоң, доңуздар аны издеп жешет. Эреже боюнча түнкүсүн кароол мунарада отуруп, бирди, кээде эки доңузду атып аласың. Күндүз күнү 20 мерген айдактап атканда, 20-30 доңузду атып алабыз.

Кыргызстанда кээ бир эргулдар аркар-кийикке Калашников автоматы менен чыкканын эшиткеним бар эле. Ошондуктан “Силерде аң уулаганы чыкканда жапайы жаныбарларды автомат же башка тез атма автоматтык куралдардан атса болобу?” деп сураганымда, Франк мырзанын берген жообу мындай болду:

- Автоматтык курал менен атканга болбойт. Өтө эле ашып барса, мен бүгүн көрсөткөндөй, эки же үч стволдуу мылтыктан атуу мүмкүн. Ал эми автоматтык куралдан такыр болбойт.

Мергендердин алкоосу: Вайтманцаль

Австрияда ууга чыккан мергендер олжолуу кайтканын алардын калпагына тагылган кызыл карагай же эмендин бутагынан билсе болот. Мындай бутак эликтин же доңуздун ок тийген жерине да коюлат, дейт Франк мырза.

Франк Диттман аткан эликтердин башы.

Франк Диттман аткан эликтердин башы.

- Мергенчи егерь же досу менен аң уулаганы барып, кимдир бирөөсү кайсы бир айбанатты же канаттууну атып алса, олжосунун жанында брух берилет. Брух кызыл карагайдын же эмен дарагынын бутагы. Салтка ылайык, бутак жандыктын ок тийген жерине коюлат жана брукту мерген калпагына же бычагынын мизине илип туруп:”Вайтманцаль” деп айтат. Бул аң уулоо ийгиликтүү болду дегендин жышааны. Айдактап аңчылык кылганда да кимдин олжолуу кайтканын калпагынын четиндеги бутактан билсе болот. Жолдуу мергенчи өрдөктүн же чулдуктун бир тал канатын, тоо эчкинин жамбаш жүнүн (ал австриялыктарча сакал деп аталат) же доңуздун жүнүн калпагына тагып алат.

Калпакка кадалган бутактын сыры

Австриялык мерген биринчи жолу аркар же башка жандыкты атып алганда байыртан келаткан салт боюнча “цумэгерьшлаген” аткарылат.

- Бизде “цумэгерьшлаген” деген салт бар. Эгер мерген кайсы бир жаныбарды биринчи жолу атып алса, олжону жерге жаткырып коёт да анын үстүнө тоңкоюп турат. Анан мергенчинин милдети тууралуу сөз сүйлөнүп, аңчылыкка чогуу барган ар бир адам мергендин көчүгүнө чыбык менен үч жолудан ырым кылып уруп чыгышат. Ал үчүн атайын бутак бар. Ар жолу көчүккө уруп жатып: “Мергенчилигиң ийгиликтүү болсун” деп айтышат. Аңчылар жолугушканда жана коштошуп жатканда да бири-бирине ушундай каалоо айтышат. Аңчы уудан олжолуу келатканда ага жолуккан жолоочу:”Мергенчилигиң ийгиликтүү болсун!” деп учурашат. Жолдуу мерген:”Жакшы тилегиңе рахмат” деп жооп берет.

Тилекке каршы, мен Диттмандын Венгриядагы үйүнө барган кезде, жергиликтүү егерь дем алышта жүргөн экен. Ошого Диттманн менен чогуу аң уулаганы чыга алган жокмун. Бирок мерген мурда атып алган жана биз менен чогуу терисин сыйрып, мүчөлөгөн эликтин куурдагынан ооз тийип кайттым.

  • 16x9 Image

    Амирбек Азам уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Санкт-Петербургдагы Финансы жана экономика университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG