Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:04

Кытайда таза суу жетишпей, океандагы туздуу сууну тазалоого өкмөт миллиондогон каражат сарптамай болду. Ушундай эле кырдаал Американын Калифорния штатында да түзүлдү.

Ал арада Нью-Йорктогу Уолл Стриттин мега банкирлери алтын же мунайга инвестиция жумшабай, “Таза суу барондоруна” айланууда.

Дүйнө каржысын башкарган Батыштагы атактуу Goldman Sachs, JP Morgan, Citigroup, HSBC сыяктуу акча гиганттары азыр мунай же алтын сатып алууга эмес, дүйнөдөгү таза суу базарына көзөмөл кылууну көздөп, таза суу ресурстарын, бул багыттагы инженердик жаңы технологияларга кызыгып, өнөр жай тармагына ээлик кыла баштады деп кабарлайт Global Economy Research уюму.

Миллиардер Томас Пикенс Америкадан 200 миң гектарга чукул саздак жерди сатып алып, жылына 56 миллиард галлон суу сатууда. Goldman Sachs компаниясы 2006-жылдан 2012-жылга чейин таза суу чыгарууга 10 миллиард доллар инвестиция жасады. Таза суу индустриясында жылына 450 миллиард доллар айланууда. Жылдан-жылга анын запасы азайган сайын океандагы туздуу сууну тазалоого каржы жумшаган өлкөлөр да көбөйдү. Маселен, Кытайдын Тангшан өнөр жай шаарындагы океан жээктеринен 2019-жылдан тарта жыл сайын 120 миң тонна туз алуу пландалууда. Туздан чыпкаланган 50 миллион тонна суу бөтөлкөлөргө куюлуп, Бээжинге ташылып сатылмакчы. Кытай бийлиги океандын суусун туздан арылтып таза суу чыгаруу ишин атайын мамлекеттик планга киргизди. 2020-жылга 3 миллиард тонна океандын тазаланган суусу Кытайдын 668 шаарына сатылат. Азыркы тапта бул өлкөнүн 400 шаарында таза суу көйгөйү курч болууда деп кабарлайт Bloomberg каналынын аналитиктери. Бээжинде бир метр куб таза суунун баасы 65 цент же 4 юань, Дания жана Германияда бул баа 2,25 долларга чыкса, Америкада 72 цент.

Кыргызстан сууну сыртка сата албайт

Суу сатуу, анын инфраструктурасына инвестиция жумшоо жагынан Кытай азыр дүйнөдө биринчиликти колго ала баштады. Ага коңшу жайгашкан Кыргызстан да мындай мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, өзүнөн чыккан таза сууну соодалоо менен байыса болобу деген сурообузга экономикалык серепчи Азамат Аттокуров мындайча жооп берди:

- Борбор Азиянын ичинен Кыргызстандын бөтөлкөгө куюлган таза сууларын экспортко чыгаруу абдан күмөн. Себеби, ар бир өлкө өзүнүн жергиликтүү суусун ичет эмеспи. Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Орусияга биз суу сата албайбыз. Бирок Кытайда чындап эле таза суу тартыш болсо, анда Кыргызстандан жогорку сапаттагы бөтөлкөгө куюлган сууну сатса болот. Ошентсе да анын бир топ кыйынчылыгы бар. Таза сууну жеткирүү, транспортко кеткен каражат болуп отуруп эле пайда алып келбей калышы ыктымал. Жакын арада Кыргызстан таза сууну экспорттоп, пайда таба албаса керек деп ойлойм.

Citigroup компаниясынын башкы экономистти Уиллям Билтер 2011-жылы суу базары жакын арада мунай соодасынан да ашып түшөрүн айткан. Аталган компания 2012-жылы суу индустриясына инвестиция жумшаган дүйнөдөгү эң ири 10 фирманын катарына кирген. Сууну чыпкалоо базарында 2012-жылы 1 миллиард доллар таза киреше түшсө, 2015-жылы бул сан 5 миллиард долларга көтөрүлдү. Ал эми 5-10 жылдан кийин чыпкаланып, бөтөлкөгө куюлуп сатылган таза суудан түшкөн таза пайданын суммасы 30 миллиарддан 50 миллиард долларга жетери күтүлүүдө. Муну түшүнгөн Батыш өлкөлөрү азыр таза суу тармагына жүздөгөн миллион каражат жумшоодо. Маселен, 2007-жылы АКШ бийлиги беш жыл ичинде таза суу чыгаруу жана элге таркатуу тармагына 320 миллион доллар бөлөрүн билдирген. Ал эми Кыргызстан таза суунун чордонунда жашаганы менен тилекке каршы, аны чыгаруу жана элге таркатуу маселесине келгенде Африка сыяктуу суусуз, жакыр өлкөлөрдүн катарында.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG