Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:51

Дүйнөдө жыл сайын жол кырсыгынан 1,24 миллион киши көз жумат, бул сан 2030-жылга чейин жылына 3,6 миллионго жетет деген божомол бар. ​​Автокырсыктарга ириде жаман, сапатсыз жолдор себеп болоорун эксперттер белгилешет. Экономикасы чабал өлкөлөр үчүн бул чоң көйгөй. Ошону менен бирге бул глобалдык экономиканы да артка тартууда.

Бишкек шаарынын түндүк ыптасындагы Саадаев жана Киргизия көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Эски толчок” базарынан күнүнө жүздөгөн машине, коомдук транспорт өтөт. Бирок жолдогу аң-дөңдөн айдоочулар да, жөнөкөй тургундар да абдан кыйналып, айрыкча унаасы менен базарда тиричилик кылгандар азап тартууда. Өзүн Чоро деп тааныштырган адамдын машинеси ушул жолдон кырсыктап, эми аны оңдотууга кайдан акча табарын билбей отурган экен.

- Мына ушул жерде эптеп-септеп катын-баланы багайын деп оокат кылып жатам. Жолубуздун кебетеси тирукмуш. Азыр эле машинемдин дөӊгөлөгүн айланткан темири талкаланып калды. Эми аны канча сомго оӊдотом, акчаны кайдан табам билбейм. Бул жолду эмнеге бийлигибиз, өкмөтүбүз карабайт? Парламентибиз деле бар, алар кайда, эмне кылып жатат түшүнүксүз. Кайрадан карызга батам го эми.

Бул жолдун оңдолбогонуна бир нече жыл болгон. Жергиликтүү таксисттердин бири Жусуптун айтымында, айрыкча кышында жол тоңголок, тайгакта күн сайын бир нече кырсык болуп, ал тургай коомдук транспорттор да сүзүшүп калган учурлар жок эмес.

- Элдин чөнтөгүнө убал болуп жатпайбы. Күн сайын бир нече жол кырсыгы болот. Кышта тоӊ, тайгалакта ушул жолдон өтө албай машинелер, ал тургай автобустар сүзүшүп калган учурлар болду. Күнүгө маршруткалар тыгылып калып, түртөбүз ушул жерден. Эми бул жол мэрияга карайбы, же башкасына карайбы, билбейбиз. Жөн эле кароосуз калган аралдайбыз, бийликтегилер келип, ушул жолдон бир жолу өтүп көрсүнчү, жол киресин деле төлөп берели. Биздин абалыбызды түшүнсө жакшы болот эле.

Дүйнөлүк банктын анализи боюнча дүйнөдөгү жол кырсыктарынын 90% экономикасы жакыр өлкөлөрдө болуп, андан каза таап, же майып болгондор элдин жумушка жарамдуу катмары болууда. Африкада жыл сайын начар, оңдолбогон жолдун экономикага тийгизген зыяны 1,2 миллиард доллар деп эсептелип, жалпы аймактын ички дүң өнүмүнүн 0,85 процентине барабар болгон. Латын Америкасы менен Кариб өлкөлөрүндө бул сан 2 миллиард долларды түзөт.

Индиянын Байланыш министрлигинин эсеби боюнча, 4 миллиард долларлык зыянды экономика жаман жолдордун айынан тартат. 2010-жылы Америка Кошмо Штаттарында жол кырсыгынан 32 999 адам каза таап, 3,9 миллион киши жаракат алган жана 24 миллион унаа талкаланган. Глобалдык экономика жаман жолдордун айынан жыл сайын 277 миллиард доллар зыян тартууда. Ал эми жеке адамдардын унаасы талкаланып, аны оңдотууга кеткен каражаттын жалпы суммасы азыр бир триллион долларга жетти деп маалымдайт Американын мамлекеттик статистика уюму. Дүйнөлүк экономикалык форумдун рейтинги боюнча, мурдагы Советтер Союзуна кирген өлкөлөрүнүн ичинен эң начар жолдор Орусия менен Украинада катталган. Украинада жалпы жолдун 97 проценти начар абалда деп табылып, андан өлкө экономикасы тарткан зыян жыл сайын 24 миллиард гривень деп эсептелген.

Кыргызстанда да жаңы жолдор курулганы менен унаа саны улам көбөйүп, жол кырсыгы да көп катталууда. 2013-жылы жолдогу кырсыктардан өлкөдө 7,5 миңдей киши каза тапкан. Алардын көбү эмгекке жарамдуу жаштар болгон. Жолдун сапаты жагынан Кыргызстан 150 өлкөнүн ичинен 133-орунда турат. Адистер жол оңолмоюнча өлкөнүн экономикасында да олуттуу жакшыруу болбой турганын баса белгилеп келишет.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG