Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:47

Баткен: кыргыз-тажик чегинде ок атылды


Окуя болгон жер
Окуя болгон жер

Бүгүн, 6-июлда Баткен районунун Көчө-Карын жергесиндеги кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде чыккан чыр-чатактан улам ок атылды.

Алдын ала маалыматтарда 6-июль күнү түштөн кийин кыргыз-тажик чек арасындагы Көчө-Карын аймагындагы Ош-Исфана чоң жолунун жээгиндеги дөңсөөгө чыгып алган тажикстандык алты жаран ары-бери өткөн Кыргызстандын автоунааларын таш менен урушкан.

Буга күбө болгон жүргүнчүлөр абалды кыргыз чек арачыларга кабар кылганда атайын топ бул аймакка келет. Ошол эле убакта Тажикстандын чек ара кызматынан да атайын топ келген.

Кыргыз тарап тажик чек арачыларына өз жарандарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ичкери алып кетүүнү сунуштаган. Бирок окуя, тескерисинче, кыргыз чек арачылардын куралдарын тартып алуу аракети менен коштолгону айтылууда. Бул учурда эки тараптан тең бирден ок чыгып, таш ыргыткан балдардын биринин көкүрөк тушуна тийген. Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын өкүлү Насирдин Ташбалтаев буларды билдирди:

- Тажикстандыктар биздин чек арачыларга кол көтөрүп, муунтуп, куралын талашып баштаганда кокусунан ок чыгып ушундай окуя болуптур. Биз жергиликтүү элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ички коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш жүргүзүп жатабыз. Кошуна кесиптештер менен да сүйлөшүү жүргүздүк. Алар каза болгон жарандын жакындары нараазы болуп жатканын айтышууда. Биз өз аймагыбызда коопсуздукту камсыз кылуу максатында аракеттенип жатабыз. Абал тынч.

Ташбалтаев окуя болгон аймакка кошумча милиция күчтөрү тартылып, кыргыз айылдарында абалды көзөмөлдөө үчүн күч кызматтары күчөтүлгөн тартип менен иш жүргүзүп жатканын кошумчалады. Ал эми Кыргызстандын Чек ара кызматынын алдын ала маалыматында окуя тажик жарандарынын ээнбаштыгынан улам орун алган жана ага күбө болгон тажик чек арачылары өз жарандарын тыюу боюнча чара көргөн эмес. Чек ара кызматы эки тараптан тең бирден ок атылып, бир тажик жараны жаракат болгонун гана айткан.

Окуя болгон жерде
Окуя болгон жерде

Тажикстандын Исфара районунун Чорку айыл өкмөтүнүн башчысы Нематбай Алимов да "Азаттыктын" тажик кызматына окуяда бир тажик жараны өлгөнүн билдирди. Анын айтышынча, машинадагы кыргыз чек арачылардын аткан огунан Чорку айылынын тургуну, 18 жаштагы Борбоиза Ризоев каза таап, бир чек арачы жаракат алган. Олимов чыр тажик жарандары Лангар айылынан Чорку айылына баратканда чыкканын, алардын унаасын кыргыз чек арачылары токтотуп, өткөрбөй коюшканын айтууда.

Тажикстандын чек ара кызматы окуя боюнча толук кабардар экенин, бирок иликтөө иштери башталгандыктан азырынча комментарий берүүгө даяр эместиктерин айтышкан.

Окуядан кийин эки тараптын күч кызматтары сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Кыргызстандын аскер прокуратурасы тарабынан иликтөө иши да башталды. Кечкурун Тажикстан тараптан 100гө чукул киши чек арага жакын жерге топтошкону жана каза болгон жаранды жерге берүү зыйнаты уюшулуп жатканы айтылды.

Ош-Исфана чоң жолунун жээгине өтө жакын жайгашкан Тажикстандын Чорку айылынын Лангар участкасынын тургундары жалпысынан Кыргызстандын аймагынан эки гектардай жерди өз алдынча өздөштүрүп, ээлеп жашап калышкан. Бирок ок чыккан жер андан да бери Кыргызстандын аймагында болгону тастыкталганын, окуянын ушундайча болгонун тажик тарап да моюндап турганын Баткен райондук мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Алишер Эргешов айтты:

- Бул жер Кыргыз Республикасынын Ак-Сай айыл аймагына караштуу жер. Аны кошуналар да моюндап турушат. Болгону алардын жарандары бул жерге үй куруп жашап калышкан. Жалпысынан болжол менен эки гектардай жерди ээлеп калышкан.

Окуя болгон жерде
Окуя болгон жерде

Ош-Исфана жолунун ушул бөлүгүндө буга чейин да кошуна өлкө жарандары тарабынан каттамга тоскоол болуп, автоунааларга таш ыргыткан окуялар катталган. Жергиликтүү эл талаш жаратып жактан аймактардын чек арасын тезирээк тактап, маселени бир жаңсыл кылмайын мындай окуялар улана берчүдөй дешет. Баткендик Уланбек бул окуя да кошуналардын чек арадан бери өтүп келип жасаган бейбаштыгынан орун алды да дейт.

- Жол жээгинде дөңсөө жер бар. Тажик жарандары ошол жерге чыгып алышып биздин унааларга таш атышат. Бул нерсе дайыма эле болуп турат. Ал жер негизи Кыргызстанга тиешелүү болчу. Ошондуктан чек араны тездетип, тактап, тосмолобосо, мындай окуя дагы болбойт деп айтуу кыйын.

Баткен облусу Тажикстан менен 700 чакырымга жакын чектешип турса, анын 70 пайыздайы али такталбаган, шарттуу чек ара сызыгы боюнча турат. Эки тараптуу чек араны тактоо тобу быйылкы жылы гана бир аздан жылыш боло баштаганын билдирип, 10 чакырымдай чек ара боюнча эки тарап бир пикирге келишкенин маалымдаган болчу.

XS
SM
MD
LG