Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:55

Индия-Пакистан: эрегиштен достукка кадам


Пакистандын премьер-министри Наваз Шариф Индиянын жаңы өкмөт башчысы Нарендра Моди менен. Дели, 27-май, 2014-жыл
Пакистандын премьер-министри Наваз Шариф Индиянын жаңы өкмөт башчысы Нарендра Моди менен. Дели, 27-май, 2014-жыл

Индиянын жаңы өкмөт башчысы Нарендра Моди Пакистан премьер-министри Наваз Шарифти анын өлкөсүндөгү согушкерлерге каршы күрөшүүгө үндөдү. Эки жетекчинин жолугушуусу 27-майда Делиде өттү.

Индиянын Тышкы иштер министрилиги тараткан билдирүүдө айтылгандай, Моди Исламабадды "өз аймагын жана анын көзөмөлүндөгү чөлкөмдөрдү Индияда теракттарды уюштуруу үчүн пайдаланууга жол бербөө боюнча милдеттенмелерди аткарууга" чакырды.

Өкмөт башчы ошондой эле эки өлкө соода алакаларын жакшыртуу үчүн аракет көрүүгө тийиш деп белгиледи.

2008-жылы пакистандык согушкерлер Мумбаи шаарында ишке ашырган кол салуудан 166 киши набыт кеткенден кийин эки өлкөнүн мамилелери кескин начарлап, ошондон бери Индиянын бир да премьери Пакистандын лидери менен Делиде расмий жолуккан эмес.

Наваз Шариф бул жолку кездешүүгө мындайча баасын берди:

- Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен жолугушуу жакшы жана конструктивдүү болду. Ал жылуу, достук маанайда өттү. Делидеги жолугушуу эки өлкө үчүн тең тарыхый мүмкүнчүлүк түзүп жатат деген ойго экөөбүз тең кошулабыз. Мен экономиканы жандантууда, аны өнүктүрүүдө орток максаттарыбыз бар деп белгиледим. Региондо тынчтык жана стабилдүүлүк орнобосо, көздөгөн максатыбызга жетүү мүмкүн эмес. Аймакта жылдардан бери өкүм сүрүп келаткан бейстабилдүүлүктү, кооптуу кырдаалды жоюу үчүн, биргелешип иштөөгө үндөдүм.

Пакистандын өкмөт башчысы кошуна өлкөнүн борбор шаарына Модинин ант берүү аземине катышуу үчүн барган.

Салтанат алдында Шариф бул иш-чара эки өлкөнүн алакасын жакшыртуу үчүн “жакшы учур” болорун айткан. Ал эки өкмөт тең олуттуу мандатка ээ болгонун, андыктан бири-бири менен сүйлөшүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүк түзүлүп жатканын белгиледи.

Модинин ант берүүсүнө чет өлкөлүк коноктордон тышкары саясий партиялардын лидерлери, жергиликтүү бизнесмендер менен Болливуддун актерлору катышты.

Шарифке чейин Пакистандын бир да премьер-министри Индия жетекчисинин инаугурациясына катышкан эмес.

Британиядан көз карандысыздык алган 1947-жылдан бери ядролук эки держава Кашмир аймагын талашып, үч жолу согушкан.

Модинин "Бхаратия Жаната" партиясы акыркы жалпы шайлоону ишеничтүү жеңди. Акыркы 30 жылдан бери бир да партия мындай ийгиликке жетише алган эмес.

Индия эгемендүү болгондон бери өкмөттөрдүн көбүн жетектеп келген Конгресс партиясына парламенттеги 543 орундун 44 гана тийди.

Жаңы өкмөт башчы экономиканы жандандырууга, өлкөнү глобалдуу экономикалык лидерге айландырууга убада кылууда.

Ошол эле маалда "Бхаратия Жаната" Пакистанга карата катаң туруму менен белгилүү. Моди болсо улуттук коопсуздукту бекемдөө багытын карманарын айтып келген.

Бирок байкоочулар ал эч качан Пакистан бийлигинин дарегине катуу сөз айткан эмес деп белгилешет.

XS
SM
MD
LG