Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:21

Пакистан менен Индия Кашмирге байланыштуу кайым айтышты


Кашмирдин тургундарынын нааразылык акциясы
Кашмирдин тургундарынын нааразылык акциясы

15-июлда Пакистандын премьер-министри Наваз Шариф Пакистан Кашмирдин аскерлерине саясий, моралдык жана дипломатиялык жактан колдоо көрсөтөрүн уланта берет деп билдирди.

Индиянын тышкы иштер министри Шарифтин мындай билдирүүсүн кескин сынга алып, аны Индиянын ички иштерине кийлигишпөөсүн суранып, мындай билдирүүлөр Түштүк Азиядагы кырдаалды курчутарын айтты. Ал ошондой эле мындай билдирүүнү терроризмди ачык түрдө колдоо катары бааларын кошумчалады.

Индиянын курамындагы Кашмир аймагында 8-июль күнү Кашмир жоокерлеринин лидери Бурхан Вани эки согушкер менен полиция тарабынан өлтүрүлгөн. Индиянын курамынан бөлүнүп чыгууну каалаган Кашмирдин тургундарынын нааразылык акциясы полиция кызматкерлери менен кагылышууга айланып, натыйжада 32 киши набыт болгон.

XS
SM
MD
LG