Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:49

Азия регионундагы ядролук эки державанын ортосунда ок атышуу болду. Исламабад атышууда эки аскери окко учканын билдирди.

Пакистан жана Индия мамилесинин курчушуна Кашмир маселеси себеп болуп, анын айынан Исламабадда ноябрь айында боло турган регионалдык саммит да үзгүлтүккө учурашы ыктымал.

Кашмир маселесине байланыштуу буга чейин эки жолу согушкан Индия жана Пакистан мамилеси кайрадан курчуп кетти.

Анын себеби өткөн айларда Индияга караштуу Кашмирде башталган толкундоолорго барып такалат. 18-сентябрда жоочулар Кашмирдеги Индиянын аскерий базасына кол салып,17 аскер өлтүрүлгөн эле. Бул окуя эки өлкөнүн ортосундагы мамилени ого бетер курчутуп, Индия кол салуу боюнча Пакистанды айыптаган. Индия Пакистанды атабаса да, ага ишарат кылып, террорчулукту колдойт деп, эл аралык аренада Исламабадды изоляциялоого аракет жасаарын билдирген.

Эми эки өлкө ортосунда чек арада атышуу орун алып отурат. Пакистан бийлигинин 29-сентябрдагы кабарлоосу боюнча, Кашмирдин Пакистанга караштуу бөлүгүндө атышууда Индия аскерлери Пакистандын эки аскерин атып өлтүрдү. Маалыматка караганда, атышуу Бхаймбер, Кель жана Липа айылдарына жакын жерде түндө болуп, алты саатка созулган.

Пакистан өкмөт башчысы Наваз Шариф окуяны “Индия күчтөрүнүн себепсиз жана ачыктан-ачык кол салуусу” деп атап, “Пакистандын эгемендүүлүгүн коргоодо” аскерлер жөндөмдүүлүк көрсөткөнүн белгилеген.

Индия аскерлери атышууну “хирургиялык сокку” деп атап, ал Индия шаарларына кол салууну четтетүү үчүн урулганын билдирди. Индия армиясынын генерал-лейтенанты Ранбир Сингх:

- Кээ бир террордук топтордун чек ара сызыгына жакын жерде, Жамму жана Кашмир шаарларына террордук сокку урууга даярдыгы тууралуу кечээ күнү бизге түшкөн абдан так жана ишенимдүү маалыматтарга таянып, Индия армиясы өткөн түнү хирургиялык соккуларды жасады. Операция террорчулар максатын жүзөгө ашырып, биздин жарандар өмүрүн коркунучка салбашы үчүн жасалды. Контртеррордук операция учурунда террордук топтор жана аларды колдоочулар олуттуу чыгымга учурады. Бул операцияны улантуу боюнча эч кандай планыбыз жок.

Пакистандын аскерий өкүлдөрү “ыктымал террорчуларга хирургиялык сокку деген түшүнүк” жалган эффект жаратыш үчүн Индиянын атайын ойлоп тапкан иллюзиясы деп жооп берди.

Индия Пакистанды террорчулукту колдойт деп айыптап, ноябрь айында Пакистанда боло турган Түштүк Азия регионалдык уюмунун саммитине барбай турганын 27-сентябрда жарыялаган. Аны менен кошо Исламабаддагы саммитке Бангладеш, Ооганстан жана Бутан да катышпасын жарыялап, сегиз мамлекеттен турган регионалдык уюмдун саммити болбой калуу коркунучуна туш болду.

Пакистан бийлиги терроризмди колдойт деген айыптарды четке кагып, бул өлкө өзү террорчулуктан көп жабыр тартып келатканын билдирүүдө. Бириккен Улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясынын жыйынында Пакистан өкмөт башчысы Наваз Шариф буларды айткан эле:

- Менин өлкөм терроризмдин курмандыгы болуп келе жатат. Анын ичинде сырттан каржыланган жана уюштурулган. Биз терроризм сырттан каржыланышына жана Пакистанды башаламандыкка кириптер кылышына жол бербейбиз. Биздин он миңдеген жарандарыбыз жана коопсуздук кызматкерлерибиз террордук актыларда өлтүрүлдү же жарадар болушту.

1947-жылы Британия колониясынан бошонгон Индия жана Пакистан Кашмирди бөлүп алышкан. Бирок талаштуу регион үчүн алар эки жолу согушкан. Эки өлкөнүн акыркы мезгилдерде ядролук куралга ээ болушу чек арадагы атышуулар ядролук кагылышууларга алып барат деген чочулоолорду да жаратып келет.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG