Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:20

12-майда Индияда беш аптага созулган парламенттик шайлоо аяктайт. Дүйнөдөгү эң чоң демократиянын парламентине өткөн шайлоо дегеле адамзат тарыхындагы эң масштабдуу саясий окуя катары аталууда. Анда 800 млн.дон ашуун шайлоочу катышаары айтылган. Аналитиктер алдын ала божомолдорго таянып, бул ирет бийликке оңчул-улутчул “Бхаратия Жаната Парти” келиши мүмкүн экенин айтышты. Индиядагы бул жолку шайлоо эмнеси менен маанилүү?

Индиянын эгемендикке жетиши үчүн зор салым кошкон өлкөдөгү эң алгачкы саясий партия – Индия улуттук конгресси - бүгүн да бийликте. Бирок акыркы бир нече жыл ичиндеги өкмөттөгү ири коррупциялык жаңжалдар, экономикадагы өсүштүн солгундашы, тышкы саясатта өкмөттүн жумшак саясаты жана көптөгөн коркунучтарга убагында жооп кайтарбаганы электоратты иренжиткен өңдүү.

Шайлоо алдынан жүргүзүлгөн соңку сурамжылоолордо ультра-улутчул “Бхаратия Жаната Парти” (же BJP) конгресске өтө күчтүү атаандаштыкты түзөөрү анык болду.

Азыр эл аралык аналитиктердин көбү чындап эле шайлоодо БЖП партиясы жана анын улутчул лидери Нарендра Моди жеңет дешет. Эмне үчүн анын кээде өтө катаал угулган билдирүүлөрү карапайым эл ичинде колдоо таап жатат?


“Бхаратия Жаната Парти” азыр премьер-министрликке талапкер катары көрсөткөн Нарендра Моди мурда өлкөнүн батышындагы Гужарат штатынын башкы министри болгон. Гужаратта ал “экономикалык керемет” жасаган дешет. Бирок 2002-жылы массалык кагылыш-кыргында Моди эки миңдей мусулмандын өлтүрүлүшүнө тымызын колдоо кылган деген айыптоолор да бар. Бирок ал муну өзү дайыма четке кагып келет.

Моди эл менен жолугушкан бардык жыйындарда эле эң оболу азыр өсүш начарлаган экономиканы бутуна тургузууну, инвестицияларды кайра өлкөгө кайтарууну, 100 заманбап шаар куруп, 10 жылда 250 миллион жумуш оордун түзүүнү убада кылып жатат. Ал азыркы өкмөттү тышкы саясаттагы мажирөөлүгү үчүн сындап, өзү өкмөттү башкарса, Пакистанга карата катуураак позицияда болоорун, Кытайга “экспансиясы” үчүн экспертүү жасаарын айтып калат.

Моди бийликке келсе, Индиянын тышкы саясатында кескин өзгөрүүлөр болобу?

Вашингтондогу Вудро Вильсон атындагы эл аралык илимий борбордун Түштүк Азия боюнча эксперти Майкл Кугельман: “Менимче, Моди бийликке келе турган болсо, тынчтыкты каалаган, өзүнүн кошуналары Кытай же Пакистан менен тынчтыкты, жакшы мамилени каалаган премьер болот. Анткени азыр Индия экономикада олуттуу проблемаларга туш болуп жатканын ал түшүнөт. Ошон үчүн ал башкы милдетине – экономиканы бутуна тургузууга - тоскоол боло турган, өлкөнү бейстабилдештире турган аракеттерден оолак болот деп ойлойм. Ошон үчүн, менимче, Индияга сырттан, маселен, Пакистандан террор чабуулу өңдүү провокациялар болбосо, Моди өзү биринчи болуп аларга каршы аракет көрбөйт деп ойлойм.

Пакистанда чындап Моди кийинки индия өкмөтүн жетектеп калат экен дегенден аябай чочуп турушат. Исламбадда Модини бизнести өнүктүрүүнү калааган мыкты экономист, зор реформист деп кабыл алышпайт такыр. Аны ойлогондо эле, анын сүрөтүн көргөндө эле аларга 2002-жылкы окуялар, бир нече миң мусулмандын кырылганы эске түшөт. Нарендра Моди өзү Пакистан менен коммерциялык мамилени күчөткөнгө, бекемдегенге кызыкдар болушу мүмкүн. Андайды Исламабаддагы жетекчилик кабыл алышы мүмкүн, бирок Пакистан армиясы аны кабыл алышы кыйын деп ойлойм. Анткени пакистандык жетекчилик түшүнөт: Моди алар тараптан мүмкүн болчу провокацияларга азыркы өкмөттөй көз жумуп койбойт. Ошол эле маалда, саясатта өзгөрүүлөр болушу оңой эле. Маселен, Модинин партиясы БЖП буга чейин бийликте турган учурду эстесеңиз, алар Пакистан менен оңой эле тынчтык келишимдерине барышкан.

Вашингтондогу “Брукинг” институттун “Жаңы Индия” долбоорунун директору доктор Танви Мадан: “Нарендра Моди жетектеши мүмкүн болгон өкмөт тышкы саясатта кандай өзгөрүүлөргө барышын алдын ала ишенимдүү болжош, албетте, кыйын. Бирок айрым билдирүүлөрүнөн тыянак жасаса болот. Менимче, анын тышкы саясаттагы ааракеттери эң оболу экономикалык кызыкчылык менен бышыкталган болот. Тигил же бул мамлекет менен кызматташтык өлкөгө чыныгы экономикалык пайда алып келеби? Өлкөгө инвестиция тартабы? Суроону Моди ушундай коет деп ойлойм. Экинчи маанилүү маселе – анын өкмөтүндөгү башкы министрлик кызматтарга кимдер келээринде. Ошондой эле Модинин өкмөтүнүн Пакистан менен мамилесинде өзгөрүүлөр болушу мүмкүн. Бирок ал Исламабаддагы жетекчилик жана түрдүү топтор жаңы премьерди кандай кабыл алаарына жараша болот деп ойлойм.

Менимче, маанилүү нерселердин бири – индиялык шайлоочу өзүнүн добушу аркылуу эмнени айтайын дегенин аңдоодо деп ойлойм. Шайлоочунун кимге добуш берээрине жараша биз “эл азыр чындап азыркы чабал өкмөттөн тажаганын” же “түрдүү касталарга, диний, этникалык ажырымга толо өлкөдөгү абалга алар канчалык тынчсызданганын” биле алабыз.

Бакыт Бешимов – Кыргызстандын Индиядагы мурдагы элчиси: “Мен учурунда Нарендра Моди менен эки-үч жолу жолуккам. Ал – мыкты администратор-жетекчи, улутчул, мурдагы хиндутва иделогиясына таянган саясатчы. Азыр ага шайлоодо жеңип, премьер болууга шансы бар. Себеби азыркы өкмөт убада кылынган реформаларды аткара албай калды. Ошондуктан электораттын көпчүлүк бөлүгү Нарендра Модиге ооп кетиши мүмкүн. Анын дагы бир артыкчылыгы – улутчул лозунгдарды эффективдүү колдоно алат.

Нью-Делидеги Джавахарлал Неру университетинин профессору, Орусия жана Борбор Азия борборунун эксперти Арун Моханти: “Билесизби, бул – Көз карандысыз Индиянын тарыхындагы эң масштабдуу шайлоо. Анткени шайлоочулардын саны өстү. Азыр бир эле учурда өлкө парламентинин төмөнкү палатасы – “Лок Сабхага” - жана бир катар штаттардын жергиликтүү парламенттерине депутаттарды шайлап жатышат. Ар бир штатка добуш берчү бүт электрондук техниканы, коопсуздукту камсыз кылыш үчүн полицияны жылдырыш үчүн убакыт кетет, ошондуктан шайлоо бир айга созулат. Ал бир канча этап менен өтүүдө.

Чындап эле “Бхаратия Жаната Парти” кийинки парламенттеги эң ири партия болоору тууралуу ачык белгилер бар. Бирок бул “БЖП кийинки өкмөттү курайт” дегенди билдирбейт. Биз бул партиянын буга чейин бийликте болгон учурундагы окуяларды эске алуу менен “башка секулярдуу партиялар индуисттик идеологиядагы ультра-улутчул БЖПнин бийликке келишине колдон келген тоскоолдугун жасайт” деп билдире алабыз.

Индия - көп улуттуу, көп диндүү мамлекет. Кайсыл бир саясий партия мындай өлкөдө диний өзгөчөлүгү боюнча жалаң гана индустардын укугун коргош керек дей турган болсо, ал баары бир толук колдоо алганга жетишпейт. БЖП шайлоодо жеңип, парламентте көпчүлүк орунду алганга жетишкен күндө да ал келерки өкмөттү толук кураганга жетишет деп ишенимдүү айтканга болбойт.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG