Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:05

Индияда зордукчуларга расмий айып коюлду


Индия - студент кызды зордуктагандар жазаланышын талап кылып чыккандар, Нью Дели, 3-январь, 2013.
Индия - студент кызды зордуктагандар жазаланышын талап кылып чыккандар, Нью Дели, 3-январь, 2013.

Индияда кызды зордуктаган деп шектелгендерге расмий айып коюлду. Киши котологон сот залында тополоң чыгып кеткенден кийин сот беш шектүү кылмышкердин үстүнөн сот иши жабык өтөрүн жарыялады.

Полиция беш кишиге адам уурдоо, зордуктоо, киши өлтүрүү өңдөнгөн кинелерди койгон. 16-декабрдагы автобустагы кол салууга байланыштуу күнөөлөрү далилденсе, айыпталуучулар өлүм жазасына кесилиши мүмкүн. Алтынчы шектүү 17 жашта болгондуктан, өспүрүмдөр үчүн сотто соттолот деп күтүлүүдө.

Беш айыпталуучунун адвокаты болууга макул болгон Индиянын Жогорку Сотунун кызматкери Манохар Лал Шарма дүйшөмбү күнкү угуунун алдында кабарчылардын суроолоруна жооп берди:

- Бүт өлкө айыпталгандарды кылмышкерлер деп жектеп жатат, аларга каршы далилдер да бар. Бирок алардын үй-бүлө мүчөлөрү менден суранышкандан улам, мен далилдер туура, же туура эмес экендигин текшерүү милдетин өзүмө алдым.

Сотто адвокат Лал Шарманын айыпталгандарды коргоо ниети талашты пайда кылды, анын кесиптештери мындай оор кылмыш кылгандарга коргоочу берилбеши керек деп айтышты.

Алты шектүү кылмышкерге Нью-Делиде 23 жаштагы медицина студентин зордуктап, кыйнаганы жана жанындагы сүйлөшкөн жигитин сабаганы үчүн айып коюлууда. Кыз кол салуудан эки жумадан кийин Сингапурда ооруканада алган жарааттарынан кайтыш болду.

Кыздын аты аталбаган жигити полицияны экөөнү ооруканага кеч алып барган деп күнөөлөп чыкты. Ал ошондой эле сүйлөшкөн кызы автобуста жигитти коргоп, кол салгандарга айбат көрсөткөнүн эскерди.

Кабарларга караганда, терезелери караңгылатылган автобуста кызды бир нече саат зордукташып, бул максатта темир союл колдонушкан. Кийин автобустун айдоочусу жылаңач көчөгө ыргытылган денелерди тепсеп өтүүгө аракеттенген.

Кыздын өлүмү Индияда өкмөткө каршы массалык чыгууларга түрткү болду. Тартип коргоочуларга аялдарды коргобойт деген нааразылык айтылууда. Өлкөдө ошондой эле адатта анчейин көңүлгө алынбаган аялдарга каршы зордукчулук маселеси тууралуу кызуу талаш жүрүүдө.

Сот иши өлтүрүлгөн кыз жигити менен кечки сеанска барган кинотеатрдын каршысындагы Түштүк Дели сотунда жүрүүдө. Тартип коргоочулар айыпталуучуларды бирден, беттерин чүмкөп алып келишти. Кийинки угуулар 10-январга белгиленди.

Айыпталгандардын экөө күнөөсүн жеңилдетүү үчүн калган үчөөнө каршы көрсөтмө берүүгө макул болгондугун прокурор Ражив Мохан Ройтерске билдирген эле. Бирок ал бешөөнө тең өлүм жазасын талап кылаарын билдирди.

XS
SM
MD
LG