Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:15

Жакартадагы жардырууларда тогуз адам өлдү


Полиция жанкечтинин өлүгшү да табылганын айтты
Полиция жанкечтинин өлүгшү да табылганын айтты

Өткөн түнү Индонезиянын баш калаасы Жакартадагы кымбат мейманканаларда болгон жардырууларда 52 адам жаракат алган. Окуя Индонезияда президенттик шайлоо өткөндөн эки аптадан кийин болду.

Маалыматтарга караганда, жардыруулардын бири Жакартадагы Ritz-Carlton, экинчиси – Marriott мейманканасында болгон. Үч сааттан кийин шаардын четинде дагы бир жерде бомба жарылды, бирок андан канча адам жапа тартканы белгисиз.

Бүгүн биздин тарыхыбыздын эң караңгы учуру...
Бул жардырууларды ким жасаганы азырынча белгисиз, бирок бийликтер мында жанкечтилер аралашкан болушу мүмкүн деп жатышат.

Полициянын айтымында, мейманканалардагы жардырууларда өлгөндөрдүн саны дагы өсүшү мүмкүн.

Ошентсе да набыт болгондордун арасында чет-өлкөлүктөр да болгону кабарланууда. Атап айтканда, Жаңы Зеландиянын, Австралиянын жана Түштүк Кореянын жарандары жөнүндө маалыматтар түшүп жатат.

Ишембиде “Манчестер Юнайтед” командасынын футболчулары дал ушу Ritz-Carlton мейманканасына жайгашмак. Эми футболчулар Индонезияга бул ирет барбай тургандыгын айтып чыгышты.

Президент Сусило Бамбанг Юдхойоно, 17-июль, 2009
Жакартадагы жардыруулар Индонезияда президенттик шайлоо өткөндөн эки аптадан кийин болду. Шайлоодо буга чейинки президент Сусило Бамбанг Юдхойоно кайра жеңген эле. Ал бүгүн жарылуу болгон жерге барып, окуяны “таш боордук менен жасалган чабуул” деп атады. “Бүгүн биздин тарыхыбыздын эң караңгы учуру, - деди ал маалымат жыйынында. - Жаракатада дагы бир террористтик чабуул болду”.

Мамлекет буга чейин да террор актыларын баштан кечирген. 2002-жылы “Аль-Каида” террор уюму менен байланыштагы топ туристтер арасында белгилүү Бали аралын жардырып, андан 202 адам көз жумган эле.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG