Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:31

Кыргызстанда болжол менен 500 миңдей ит бар. Жолбун иттер менен жапайы мышыктардын саны белгисиз. Кыргызда ит менен мышыкты эмдетип, же курттарга каршы дары берүү деген түшүнүк жок.

Айыл жерлерин мындай койолу, баш калаабызда ветеринарга күндө 7-8 киши ит-мышыгын алып барса, анын араң бирөө кыргыз болот. Ушундан улам калк арасында ит-мышыктан жуккан илдеттер көбөйдү. Муну алдын алуу үчүн Кыргызстандагы ар бир итке паспорт берүү жагы да каралууда.

Бишкектеги мектептердин биринин окуучусу Бермет ата-энесине ит-мышык алдыра албай убара:

- Мен ит же мышыкты үйдө баккым келет. Бирок апам менен атам алар кир, ар кандай оорулар жугат деп үйгө киргизбей жатышат.

Ал эми программист болуп иштеген Айнура эмнегедир иттерди жактыра бербей, коркуп турат:

- Азыр шаарыбызда жолбун иттер аябай көбөйүп кетти. Андыктан ары-бери баскандан да коркобуз. Айрыкча дүкөн, мектептердин жанында үйүр тобу менен жүрүшөт. Биз алардан коркобуз, тиштейби деп.

Айнуранын коркконунда жүйө бардай. Анткени акыркы мезгилде иттен жуккан жугуштуу оорулар күн санап өсүп барат. Айрыкча эхинококк менен альвеококкоз илдеттери булардын башында турат. Быйылкы жылы бизде эхинококк оорусу менен 968 адам катталса, алардын 157си балдар. Альвеококкоз оорусуна чалдыккандардын саны 123. Алардын көбү өлкөнүн тоолуу Алай, Ат-Башы райондорунун тургундары.

Эң эле өкүнүчтүүсү бул илдеттер адамды өмүр бою майып кылып койорун Бишкек шаардык Ветеринардык инспекция борборунун жетекчисинин орун басары Шамен Сыдыков айтты:

- Бул оорулар билинбей эле адамга жугат. Маселен эхинококк менен альвеококкоз оорулары булардын эң эле коркунучтуусу. Экөө окшош эле оору болгону менен альвеококкоз рак сыяктуу адамдын каны аркылуу тарап кетет. Азыркы мезгилде адамдардын башынан, мээсинен, өпкө жана жүрөктөн альвеококкоз курттары чыгып жатат. Адамды бул илдеттерден сөзсүз түрдө операция жолу менен гана дарылоого болот. Боордо пайда болуп калган эхинококк ыйлаакчасын айыктырчу бир да дары жок. Андыктан биз милдеттүү түрдө ит-мышыкты жок дегенде жазында же күзүндө эки жолу, ал тургай жылдын төрт мезгилинде төрт ирээт курттарга каршы дары беришибиз зарыл. Бул дарылар бизден акысыз таркатылат.

Жакында эле Айыл чарба жана мелиорация министрлиги жугуштуу илдеттерди алдын алыш үчүн ар бир итке паспорт ыйгаруу чечимин кабыл алды. Бирок кыргыздарда итти атайылап дарылатуу, эмдетүү деген түшүнүк дээрлик жок. Шаар тургундары асыл тукум ит-мышыктарын эле эмдетишет. Калгандары эмне менен ооруганы белгисиз, муну эпизиотолог-врач Нурадил Ташиев да ырастады:

- Бишкек шаарында эмдетүүгө же атайын кароого ит-мышыктарын көбүнчө орустар алып келет. Кыргыздар бизге көп келишпейт. Шаар боюнча 25-26 миңдей ит-мышыгыбыз бар. Биз шаарда күнүгө эхинококко каршы “Одинокс” деген дарыны элге бекер таркатып турабыз.

Ит кишини тиштеп алса жуга турган кутурма оорусун баары билет. Ошентсе да саны белгисиз жолбун иттерди жок кылуу, же аларды дарылоо маселеси бизде жолго коюлган эмес. Итти кыргыз арам деп үйгө киргизбегени менен паразит курттарын алып жүргөн мышыкты койнуна алып жатышат. Аны сылап, эркелеткенден кийин колду таза жууш керек, же курттарын жок кылууга дары бериш керек деген түшүнүк жок. Эң эле өкүнүчтүүсү канчалык билимдүү болгонубуз менен ит-мышык күткөндү билбейбиз дейт Шамен Сыдыков:

- Биринчиден, ит менен мышыкты бакканда аларды сөзсүз ветеринардык кароодон өткөрүп, керектүү дарыларын берип, маалында эмдетип туруш керек. Канчалык билимдүү болсок да итке кандай мамиле кылуу керектигин билбей жатабыз. Ушундан улам жогоруда айтылган жугуштуу оорулар Кыргызстанда азыр аябай көбөйүп кетти. Өзгөчө кичинекей балдар ит-мышыкты сылап-сыйпагандан кийин колун жуубай оозун, мурдан кармалап, ушундан улам илдет аларга тез жугуп калууда. Жөнөкөй гигиена нормаларын билишибиз керек болчу. Бирок, тилекке каршы, муну билбегенден улам жугуштуу дартка көп кабылышууда.

Мындай машакаттуу дартка кабылгыча, итке паспорт берип эле чектелбей убагында эмдетип, туура кам көргөндү, аларды кармагандан кийин бети-колду таза жууганды унутпасак.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG