Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:13

Көп наалыгандар аз жашайт...


"Анткор кесел". (Француз художниги Онорье Домье 1860-62-жылдары тарткан. Филадельфиянын Көркөм сүрөт музейи)
"Анткор кесел". (Француз художниги Онорье Домье 1860-62-жылдары тарткан. Филадельфиянын Көркөм сүрөт музейи)

2018-жылы космоско билет алып уча аласыз. АКШда робот-консержье меймандардын бардык суроолоруна жооп берет. Пияздын "түпкү бабасы" табылды. Көп жашоону кааласаңыз, ден соолугум начар деп көп даттанбаңыз. Арахис же жер жаңгак семиздиктен коргойт.

Космоско билет алыңыз

Blue Origin аэрокосмостук компаниясы 2018-жылы жердин орбитасына жүргүнчү ташууну мерчемдеп жатат. АКШнын Техас штатында жайгашкан жеке менчик компаниянын негиздөөчүсү Жефф Бероздун (Jeff Beros) журналисттерге айтканына караганда, ар каттамда кеминде алты турист кыска мөөнөттүк космостук саякат учурунда астронавттарга окшоп салмаксыздыкты сезип, калкып учушат (Жефф Бероз Amazon компаниясынын аткаруучу директору экенин да эске сала кетели).

Жүргүнчү ташыган космостук кемени сыноо келерки жылы башталат. Азыр эле ага миңдеген адамдар жол кире төлөп учканга жана ал үчүн кезекке турууга кызыкдар экенин айтты Бероз. Ал болочокто миллиондогон адамдар космосто жашайт жана эмгектенет деп ишенет. (Маалымат булагы: The New York Times)

Робот тейлөөчү жооп бергенден тажабайт

Мындай робот-консьерж АКШнын Виржиния штатындагы Hilton мейманканасында пайда болгонун IBM Watson2 жана WayBlazer3 компаниялары 9-мартта маалымдашты. Робот-консьерж Hilton мейманканаларынын негиздөөчүсү Конни Хилтондун (Connie Hilton) урматына Connie деп аталган. Ал коноктордун түркүн суроолоруна жооп берип, бассейн, бар, кафе, спорт зал кайда экенин көрсөтөт, нанүштө маалы болгонун эскертип, шаардагы тарыхый жайлар тууралуу айтып берет. IBM компаниясынын билдиришинче, роботту пайдалануунун максаты - консьержелерди алмаштыруу эмес, алардын ишин жеңилдетүү.

Хорватиялык илимпоздор жасаган робот Рене.
Хорватиялык илимпоздор жасаган робот Рене.

Роботтор буга чейин да мейманканаларда конокторду тейлөөдө пайдаланылган. Stradwood’s Alof мейманканалары 2014-жылы меймандарга керектүү нерселерди бөлмөлөрүнө жеткирүү үчүн роботторду колдонгон. Жапонияда Henn-na отелинде меймандарды жалаң роботтор тейлейт. Алар бөлмөлөрдү тазалап жууйт, коноктордун жүгүн ташыйт.(Караңыз:Time.com)

Пияздын “бабасы” табылды

Палеоботаниктер 164 миллион жылдан да мурда өскөн пияз түптүү өсүмдүктү табышты. Юр дооруна таандык өсүмдүктү кытайлык окумуштуулар Juraherba Bodae деп аташты. Аны Бохай университетинин профессору Хан Ган (Han Gan) Кытайдын түндүгүндөгү Ички Монголия автоном районунун аймагынан тапкан. Таш болуп катып калган өсүмдүктүн бийиктиги 4 сантиметрден ашпайт; тамыры, сабагы, жалбырактары жана бышкан уругу даана көрүнүп турат. "Жаңы табылга пияз түптүүлөрдүн пайда болуусу жөнүндө гипотезаны 40 миллион жыл ары жылдырат", - дейт Хан Ган.

Батыштык көпчүлүк илимпоздор пияз түптүү өсүмдүктөр орточо 125 миллион жыл мурда пайда болгон деп эсептешет. Өсүмдүктүн бул түрү Жер бетинде эң көп жайылганы менен анын өнүгүү процесси дале ботаниктер үчүн табышмак. (Маалымат булагы: news.xinhuanet.com;onlinelibrary.wiley.com).

Пендем, узак жашайм десең көп наалыба...

"Ден соолугум начар" деп көп наалыган же ипохондрияга жакын адамдар бир жери ооруганына карабай кейип-кепчибеген адамдарга караганда аз жашайт. Оксфорд жана Женева университеттеринин илимпоздору 30 жылга жакын созулган изилдөөнүн натыйжасында ушундай бүтүм чыгарышты. Адам оорусун көп айтып, даттанбай жашаганга тырышса, ага дарт аз таасир этет экен. Ал эми саламаттыгына наалып жүргөн адамдын организми анын мээсинде ооруганга программаланып каларын изилдөө көрсөткөн. (Булагы: dailymail.co.uk)

Арахис майы семиздиктин душманы

Арахис (жер жаңгак) жана арахис майын аптасына төрт жолу нанүштөгө нанга сүйкөп жесеңиз, семирбейсиз. АКШнын Хюстон жана Техас университеттери жана Байлор медициналык колледжи өткөргөн изилдөө 24 жумага уланып, ага 257 өспүрүм катышкан. Аларга 12 апта бою жумасына үч-төрт жолу арахис же арахис майы берилип турган жана кийинки 12 жумада арахис майын нандын бетине сыйпап жешкен. Эксперимент бүткөн соң алардын тулку-боюнун массасынын индекси арахисти (арахис майын) сейрек пайдаланган теңтуштарына салыштырмалуу азайган. Ошон үчүн америкалык окумуштуулар мектеп окуучуларына жер жаңгак жана жер жаңгак майын берүүнү сунуш этишкен. “Семиздик бүгүн тез жайылып бараткан илдет. Анын алдын алуу мүмкүн, бирок азыр ага каршы күрөшүүнүн эффективдүү усулу жок",- дейт доцент Крейг Жонсон (Craig Johnston).

(Караңыз: Zeenews.India.com)

Түшүндүрмө:

1Amazon.com, Inc. - Интернет аркылуу товарларды сатып, кардарларга түрдүү кызматтарды көрсөтчү дүйнөдөгү ири америкалык компания. 2015-жылы 107 миллиард доллар киреше алган.

2IBM Watson – жасалма интеллекттин суроо-жооп системасы менен камсыздалган IBM фирмасынын суперкомпьютери. Уотсондун негизги милдети - адамдын жөнөкөй сөздөрүн түшүнүү жана маалымат базасындагы сөздөрдү пайдаланып, анын суроолоруна жооп берүү. IBMдин негиздөөчүсү Томас Уотсондун урматына анын ысымы менен аталган.

3Консье́рж, консье́ржка (французча concierge) – мейманканада же турак үйдө жашаган адамдардын суроолоруна жооп берүү жана жакшы (ыңгайлуу) жашоосуна шарт түзүү.

XS
SM
MD
LG