Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:13

Кыргызстанда февраль айынан тарта үйлөрдү жана автомашиналарды милдеттүү түрдө камсыздандыруу боюнча эки мыйзам күчүнө кирет.

Өкмөт аталган мүлктөрдү камсыздандыруу ишин жүргүзө турган Мамлекеттик камсыздандыруу уюмун түздү. Бирок мыйзамдарды ишке ашыруу эртелик кылат жана элдин чөнтөгүнүн чамасы жетпейт деп мыйзамды токтото туруу демилгеси Жогорку Кеңеште көтөрүлдү. Эл арасында да бул аракет камсыздандыруу компанияларынын кызыкчылыгын гана көздөйт деген каршылык күчтүү болууда. Ал эми өкмөт Экономикалык кызматташуу уюмунун Ак картасын алуу жана автокырсыктардын санын азайтуу үчүн бул мыйзам зарыл деп эсептейт.

“Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусуна Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров жана Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы Санжар Мукамбетов катышты.

“Азаттык”: Санжар мырза, мыйзам боюнча үйлөрдү, автомашиналарды камсыздандыруу качан башталат жана алардын баасы кандай болот? Аларды канча компания жүргүзөт?

Санжар Мукамбетов: Турак-жайларды камсыздандыруу жөнүндөгү мыйзам 11-февралда күчүнө кирет. Ал үчүн мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы түзүлдү. Камсыздандыруу эки категорияга – айыл жериндеги жана шаардагы үйлөр деп бөлүнөт. Айыл жериндеги үйлөр үчүн жылына 600 сом, башкача айтканда, айына 50 сом төлөнөт. Ал эми кайра төлөмү 500 миң сомду түзөт. Эгер үйү тыптыйпыл жок болуп кетсе үй ээси 500 миң сом алат, демек жоопкерчилик 800 эсе жогору. Шаардагы үйлөр үчүн 1200 сом төлөнөт, жоопкерчилиги 1 миллион сом болот. Бул милдеттүү түрдө камсыздандыруунун ченеми. Эгер бул баага макул болбой, андан да кымбат баада камсыздандырам десеңиздер жекече келишим түзсөңүздөр болот.

Ал эми автомашиналарды милдеттүү түрдө камсыздандыруу 7-февралда күчүнө кирет. Бирок административдик жоопкерчилик өкмөттө каралып жатат. 7-февралда күчүнө кирери менен эле 8-февралдан баштап кармап, айып салуу болбойт. Азыр өкмөт ишке ашыруу мөөнөтү канча болорун тактап жатат.

Угармандын суроосу: Мен машинамды Бишкекте камсыздандырам, бирок Нарынга барып кырсыкка кабылып калсам ал жактан төлөп беришеби? Камсыздандыруу компаниялары качпайбы?

Санжар Мукамбетов: Кыргызстанда 17 камсыздандыруу компаниясы катталган. Анын ичинен экөө кайра камсыздандыруу компаниялары. Эки компаниянын лицензиясы токтотулган. Азыр 13 камсыздандыруу компаниясы иштеп жатат. Алардын ишине толугу менен Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы көзөмөлдүк кылат. Алар ар бир ай жана квартал сайын отчетун берип турат. Андан тышкары камсыздандыруу компаниялары кепилдик фондун түзүшкөн жана ага ар бир камсыздандыруунун 6% төгүп турушат. Бул жол кырсыгы болгон жерден күнөөлүү адам качып кетсе, табылбай калса же бир компания банкрот болуп калса алардын ордуна фонддун эсебинен төлөнүп берилет.

“Азаттык”: Мирлан мырза, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы аталган эки мыйзамды ишке ашыруу мөөнөтүн токтото туруу жөнүндө мыйзам долбоорун даярдады деп билдирдиңиздер. “Ата Мекен” фракциясы да 2020-жылга чейин кое туруу демилгесин көтөрдү. Ушул эки мыйзамды былтыр кабыл алганда сиз дагы, “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев да депутат элеңер. Эми кайра токтотуу керек, деп жатасыздар? Бул эмне популизмби же оюнбу?

Мирлан Бакиров: Аталган мыйзам 2015-жылдын июнь айында каникулга чыгар маалда кабыл алынып кеткен экен. Бирок азыр жер үлүшүн, турак-жайды, машинаны камсыздандыруу калктын капчыгына терс таасир тийгизип жатат. Турак-жайга 50 сомдон, машинага деп атып жылына орточо 6-7 миң сомдон чыгым болот экен. Албетте, бул мыйзамдын принциби туура, бирок аны ишке ашырууну бир аз токтотуп туруу зарылчылыгы келип чыгат. Ошондуктан “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы аталган мыйзамды ишке ашыруу 2020-жылдан кийин ишке киргизилсин деген мыйзам долбоорун иштеп чыкты.

“Азаттык”: Санжар мырза, юристтер да, экономисттер да камсыздандыруу төлөмүн эсептөө методикасы бузулган, бул камсыздандыруу компанияларынын гана кызыкчылыгын көздөгөн мыйзам деп сындап жатышат. Буга негиз барбы?

Санжар Мукамбетов: Буга негиз жок. Базалык тариф математикалык жана актуардык эсептөөлөрдүн негизинде чыгарылат. Анын негизинде автомашиналардын саны, жол кырсыктарынын саны эске алынат. Базалык тариф 3 миң 256 сом, ошого алты коэффицент кошулат жана баары көбөйтүлүп туруп, акыркы баа чыгат. Мисалы, 2002-жылкы 100 аттын күчүнө барабар, 15 жыл айдалган “Хонда Фит” машинасын алдык. Анын төрт кишиге камсыздандыруу полиси 2200 сом болот экен. Сом менен эсептегенде мындай камсыздандыруу Казакстанда 3400, Орусияда 4500 сом болот экен. Демек, Евразия экономикалык биримдиктеги эң арзан тариф бизде болуп жатат.

Угармандын пикири: Биз үйдү камсыздандырууга макулбуз, бирок машинага эртелик кылат. Булар акча жыйнайбыз дегенде катуу жүгүрүп атышат, ал эми кайра төлөп беришерине ишеним жок.

Санжар Мукамбетов: Азыр көп адамдар акчаны чогултуп кетет деп эле ойлоп жатышат. Мунун негизги принциби бир кишинин башына түшкөн көйгөйдү көп адамдардын жардамы менен чечүү. Кырсыкты кайдан деп билсе болот? Бул жардам берүү институтун калыптандырууга багытталган.

Мирлан Бакиров: Эгер жол кырсыгы болсо эки тарап өз ара чечишип келген. Алар эч качан өкмөткө кайрылбай эле сот аркылуу чечип келишкен. Турак-жай боюнча да алты баллдык жер титирөөдөн кийин же секундасына 25 метрге чейин шамал болуп, үйдүн чатырын алып кетсе же сел алса гана камсыздандыруу төлөмү берилет экен. Демек, эки мыйзамда тең ишке ашыруу механизмдери өтө татаал. Ошон үчүн 7-февралдан тарта ишке ашат деген ишеним жок.

“Азаттык”: Мирлан мырза, Кыргызстанда 600 миңге жакын пенсионер, жүздөгөн майып адамдар бар. Алар үйлөрүн камсыздандырууга шарты жетеби?

Мирлан Бакиров: Азыр пенсиянын орточо көлөмү 4700 сом, албетте, бул жетпейт. Ошон үчүн үлгү катары мамлекеттик менчиктеги үйлөр жана автомашиналар камсыздандырылсын, андан кийин акырындап толук ишке киргизилсин деп сунуш кылдык.

“Азаттык”: Санжар мырза, буга чейин экологиялык тобокелдикти жараткан жүктөрдү ташыган машиналарды камсыздандыруу мыйзамы 2010-жылдан баштап ишке кирген. Айрым эксперттер беш жыл ичинде түшкөн каражаттын көлөмү 370 миллион сом болгонун, бирок кырсык болгондо төлөнгөн акчанын көлөмү 9 гана миллион сом болгонун эсептеп чыгышыптыр. Деги камсыздандыруудан түшкөн каражат кайда кетет?

Санжар Мукамбетов: Камсыздандыруудан түшкөн каражаттын 20% техникалык резервдерди түзүүгө жумшалат. Андан кийин милдеттерди аткаруу үчүн кайра камсыздандыруу компанияларына берилет. Калган акча баалуу кагаздарга, облигацияларга, мүлктөргө жана банкка депозиттерге салынып, экономиканы өнүктүрүүгө багытталышы керек.

Угармандын пикири: Камсыздандырууга сөзсүз өтүшүбүз керек. Ошондо мамлекет күчтүү болот. Эл байкуш болуп калды деп жатасыңар, эч качан байкуш киши машина сатып ала албайт жана айына 5000-6000 сом бензинге акча сарптай албайт. Айына 50 сом төлөп туруп, өзүн эмне үчүн камсыздандырып коюуга болбосун! Муну элге туура түшүндүрүп, мамлекеттин күчтүү болушу үчүн патриот болушубуз керек!

Санжар Мукамбетов: Азыр Кыргызстандагы соттордо каралган иштердин 15-20% жол кырсыктары боюнча иштер түзөт экен. Мисалы, мен өзүм жол кырсыгына кабылып, 2,5 жарым жыл соттошуп атып, эч нерсе алган жокмун. Өзүм жараат алдым, машинамды өз чөнтөгүмдөн калыбына келтирдим. Эгер камсыздандыруу ишке кирсе, мындай иштердин 80% сотко чейин эле чечилет.

“Азаттык”: Кырсыкка кабылган машина ээси канча сомго чейин каражат ала алат? Эгер кишилер каза болсо канча сомго чейин төлөнөт? Жеке менчик камсыздандыруу компаниялары ага макул болобу, себеби Кыргызстан авариялар өтө көп болгон жана адамдар көп каза болгон өлкөлөрдүн бири эмеспи?

Санжар Мукамбетов: Машинасы сынса 150 миң сом, жаракат алса же каза болсо 200 миң сом төлөнөт. Камсыздандыруу компаниялары буга макул, себеби актуардык негизде эсептелген сумма.

“Азаттык”: Эгер үй ээсинин үйүн камсыздандырууга каражаты жок болсо жазаланабы?

Санжар Мукамбетов: Жок жазаланбайт, бирок мурда табигый кырсыкка кабылганда 50 миң кайтарымсыз грант жана 200 миң сом ссуда берилчү. Мыйзам күчүнө киргенден кийин өкмөттөн мындай жардамдар берилбейт.

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG