Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:06

Интернетти ким башкарат?


Бүгүн Дубайда Эл аралык Телекоммуникация бирикмелеринин (ЕТБ) кезектеги саммити ачылат. Анын катышуучулары 12 күн бою “дүйнөдө интернетти ким кантип башкарышы керектигин” талкуулашмакчы.

Бирикккен улуттар уюмунун Эл аралык Телекоммуникация союзунун төрагасы Хамадун Туре саммиттин алдынан билдиргендей, Дубайдагы жыйында глобалдык телебайланыш компаниялары ич-ара кантип кызматташаарын аныктаган келишимдин жаңыртылган варианты талкууга коюлат.

"Дүйнө биздин глобалдык коом жөнүндө түшүнүгүбүздү кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк алып жатат. Ааламдын ар кайсыл мамлекеттериндеги өкмөт өкүлдөрүнөн, өндүрүш тармагынын эксперттеринен жана активисттерден турган 1500 адам Дубайдагы Дүйнөлүк соода борборуна чогулуп, жаңы эл аралык телекоммуникация эрежелерин талкуулайт", - деди Туре.

Интернеттен корккондор

Айрым мамлекеттер интернеттеги сайттардын домендери менен IP адрестерин көзөмөлдөгөн ICANN (айкен) уюмунун мүмкүнчүлүктөрүн чектөөнү каалашат.

Ошол өлкөлөр интернетти көзөмөлдөө милдетин Эл аралык Телекоммуникация союзу эле өзүнө алсын дешет. Андай өзгөртүүлөрдү киргизиш керек дегендер өздөрүнүн аймагына да маалымат таркатып жаткан Google өңдүү компаниялар “бизге салык да төлөсүн” деген ойдо. Интернеттин ишин башкарууну каалагандардын арасында авторитардык режимдер да бар.

Орусия “интернетти ар бир мамлекет өзү билгендей башкарууга укук алганы оң” деген позицияны карманууда. Расмий Москва талкууда ушуну сунуш кылат го дешет. 17 араб өлкөсү биригип жазган долбоордо болсо интернеттеги аноним билдирүү же сайттардын ишин жокко чыгарган техникалык өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы айтылган. Бул чү дегенде эле саясий диссиденттердин ишине таасир тийгизиши ажеп эмес.

Бирок аларга АКШ, Евробиримдик, Канада өлкөлөрү жана Google өңдүү интернетке чектөө киргизилбеши керек деген компаниялар каршы турушу да турган иш. Эл аралык Телекоммуникация союзунун төрагасы Хамадун Туре эң алгач телефон байланышын көзөмөлдөш үчүн түзүлгөн анын ишканасы интернетти башкара албайт деген сынды жокко чыгарды.

"Стандарттардын ээси"

Британиядагы Суррей университетинин кибер-коопсуздук боюнча профессору Алан Вудвард бул талкуу “дүйнөдө ачык жана глобалдык интернет байланышынын тагдырын чече турган мааниге ээ” деп билдирди.

"Интернетти башкаруу дегенде биз мыйзам жазгандар жөнүндө эмес, стандарттарды, маселен, сайттардын адреси сыяктуу иштерде эрежелерди киргизгендер жөнүндө сүйлөсөк болот, - деди Вудвард. - Булардын айрымдары анча маанилүү эместей туюлушу мүмкүн. Бирок азыр интернет дүйнөдө үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылып, иштин баарын жасап жаткан бир эле уюм бар – бул ICANN. Эгерде ар бир мамлекет интернетти өзү каалагандай башкарсын десек, башаламандык жаралат".

Винт Серф азыр “Гуглда” интернетти жайылтуу боюнча башкы адис болуп иштейт. Мурда ал ICANN уюмун жетектеген, “Гуглдун” вице-президенти да болуп турган. “Дубайдагы жыйында эл аралык телекоммуникация эрежелери жаңыланып, интернеттин келечегине да олуттуу өзгөрүүлөр киргизилип калышы мүмкүн”, - деп эскертти Серф.

"Интернет азыр бир топ багыттарда чабуулга кабылууда. Өздөрүндө ачык талкууну каалабаган өлкөлөр азыр аны коркунуч катары кабыл алып жатышат. Азыр дүйнөнүн 40тан ашуун өлкөсү интернетте маалыматты чектейт, цензуралайт", - деди ал.

Серф Дубайдагы жыйында “ачыктыкка” чакырып, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму, анын мүчөлөрү бул саммиттин ишине катышууга же анын ишине байкоо салууга мүмкүнчүлүк алышы керек деди.

Анткени интернетте эркиндикке чакырган активиситтер буга чейин Дубайдагы жыйын жабык өтөөрүн, анын аягында гана уюштуруучулар чыгарган чечимин окуп коюшаарын айтышкан эле.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG