Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:33

"Бир дүйнө Кыргызстан" УКМКны жалган маалымат үчүн сотко берет


Төлөйкан Исмаилова
Төлөйкан Исмаилова

УКМК "Бир дүйнө Кыргызстан" укук коргоо уюму тууралуу тараткан маалыматын төгүндөбөсө коопсуздук мекемесин сотко берет. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" уюмдун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова билдирди.

Укук коргоочунун айтымында, Ошто "хизбутчу" деп кармалган жаран мурда чет жакта жүргөндө YouTube каналына чыгарган маалыматына байланыштуу кармалганы алдын ала аныкталды жана аны кармоого "Бир дүйнөнүн" адвокаты Валерьян Вахитов тоскоолдук кылды деген маалымат чындыкка жатпайт. Себеби кылмышка шектелип кармалган жарандын ишин Вахитов жеке адвокат катары жаңыдан гана карай баштаган, окуя болгон жерде ал жок болчу дейт Исмаилова:

- Кыргызстанда болсо бир жөн. Ал Швецияда жүрүп, ошол жерде иштеп анан келген экен, бүгүн териштирип көрсөк. Вахитов макул деп жаңыдан ишке киришип жатыптыр. Ал тергөөчүгө чалып "мен качан бардым эле, эмнени айтып жатасыңар" десе ал чекист "мен эч кимге андай маалымат берген эмесмин" деп айтыптыр. УКМК Азимжан Аскаровдун өкүмү угузулган күнү биздин уюмга карата ушундай негизсиз каралоо жүргүзгөнгө аракет кылды. ​

Бүгүн Улуттук коопсуздук комитети Ошто "хизбутчу" деп кармалган жарандын үйүнөн өлкөдөгү конституциялык түзүлүштү кулатууга чакырган дисктер менен катар "Бир дүйнө Кыргызстандын" "Өз укугуңду коргой бил" деген китепчелери табылганын, "тергөөдөгү адамды кармоо маалында уюмдун өкүлдөрү элди чогултуп, чыр чыгарууга аракет кылганын" маалымдаган.

УКМКнын маалымат катчысы Рахат Сулаймановдун белгилешинче, учурда "тергөө иштерине тоскоолдук жаратуу" деген негизде кылмыш иш козгоо маселеси каралууда. (RK)

XS
SM
MD
LG