Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:15

Кышкы Азия оюндарында кыргыз хоккейчилери күмүш байге алды


Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы Кышкы Азия оюндарында. 18-февраль, 2017-жыл. Саппоро шаары. Жапония.
Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы Кышкы Азия оюндарында. 18-февраль, 2017-жыл. Саппоро шаары. Жапония.

Жапониянын Саппоро шаарында өтүп жаткан Кышкы Азия оюндарында Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы экинчи дивизиондо экинчи орунду ээледи. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматынын адиси Нурпери Садырбекова "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү финалдык таймашта кыргыз хоккейчилери Түркмөнстандын командасына 3:7 эсебинде утулуп калды.

Хоккей боюнча Кыргызстандын курама командасы VIII Кышкы Азия оюндарында А тайпасында Катар, Кувейт жана Филиппин курамалары менен беттешти. В тайпасында Түркмөнстан, Малайзия, Индонезия жана Макао курамалары менен таймашты.

Алар биринчи беттеште 18-февралда кувейттиктерди 5:0, 21-февралда филиппиндиктерди 10:5, 22-февралда Катар курамасын 7:2 эсебинде утуп, үч жолу жеңишке жетип финалга жолдомо алган эле.

Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы Кышкы Азия оюндарына экинчи жолу катышты. 2011-жылы Казакстанда болгон VII оюндарда премьер-дивизиондо ойноп, жети команданын ичинен жеңүүчү болуп, кичи алтын медалды тагынып кайткан.

19-февралда башталган Кышкы Азия оюндары бүгүн аяктайт. Байгелер спорттун 11 түрүнөн ойнотулуп, ага 31 өлкөнүн спортчулары катышты. Кыргызстандан 33 спортчу барган. Алардын көбү хоккейчилер. (ECh)

XS
SM
MD
LG