Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:22

Бабанов Текебаевдин камалышы тууралуу пикирин билдирди


Өмүрбек Бабанов.
Өмүрбек Бабанов.

Өмүрбек Текебаевге карата айып ачык угузулгандан соң, күч структуралары аны суракка алышы керек. Бирок, күнөө коюудан мурун күч органдары ар бир факты боюнча кылдат иликтөө жүргүзүшү зарыл. Мындай пикирин “Республика – Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов билдирди:

- Текебаевди камакка алуу ашыкча болуп калды. Менимче, ал бардык коюлган айыпты эске алып, тергөө менен ачык кызматташууга даяр. Анын чет өлкөдө калбай Кыргызстанга учуп келиши жогорудагы айтылгандарга далил.

Өмүрбек Бабанов “Азаттыкка” билдиргендей, бардык тарап укуктук негизден ашпай иш жүргүзүшү керек жана чындык мыйзам аркылуу аныкталышы шарт.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев бүгүн УКМК тарабынан 48 саатка камакка алынды. Ага Башкы прокуратура “коррупция” жана “алдамчылык” боюнча иш козгогон.

Өмүрбек Текебаев өзүнө карата козголгон иш УКМК тарабынан атайын пландалганын билдирген. Ал акыркы айларда Атамбаевдин байлыгын, айрыкча 2010-жылдан кийинки киреше-чыгашасын иликтеп жүргөн жана президентке импичмент жарыялоо демилгесин да көтөргөн. (SDz)

XS
SM
MD
LG