Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:29

Раймер: Шайлоонун ачык-айкындуулугун өркүндөтүү зарыл


Томас Раймер
Томас Раймер

ЕККУ жана ПАСЕнин 250дөн ашуун байкоочусу Кыргызстанда өткөн парламенттик шайлоого назар салды. Эл аралык байкоочулар миссиясынын маалымат катчысы Томас Раймер “Азаттыкка” атайын маек курду.

"Азаттык": Кыргызстандагы парламенттик шайлоодон күткөнүңөр орундалдыбы?

Раймер: Бул жердеги шайлоо алдын ала күткөндөй болду же жок деп айта албайбыз. Анткени биздин бул жерде аткара турган ишибиз – добуш берүү демократиялык шайлоо өткөрүү боюнча ЕККУнун жана башка эл аралык стандарттарга, ошондой эле Кыргызстандын улуттук мыйзамдарына ылайык өтүп жатканына жана шайлоо маалындагы дооматтарга көңүл буруу. Биз коомчулукка тараткан алдын ала билдирүүдө ошол стандарттар кайда, кандайча сакталганы, же тескерисинче бузулганы тууралуу маалымат бердик. Эң башкы тыянак – бул шайлоо өтө атаандаштыкта жана элдин активдүү катышуусу менен өттү. Ошондой эле Кыргызстандын шайлоо системасын өркүндөтүү үчүн кайсы тармактарда эмне жасоо зарылдыгын белгиледик.

"Азаттык": Сиздер байкаган башкы кемчиликтер кайсылар болду?

Раймер: Эң башкысы - мыйзам талаасындагы кемчиликтер. Анткени шайлоо 2011-жылы кабыл алынган мыйзам боюнча өттү. Бул жылы болсо жаңы кошумчалар киргизилди. Андыктан мыйзамдардын бири-бирине шайкештигин айкалыштыруунун үстүндө иштөө зарыл. Бул шайлоонун жаңылыгы – биометрикалык система киргизилип, добуш берүү ошол система аркылуу ишке ашты. Добушканаларда шайлоочуну аныктаган биометрикалык системаны киргизүү боюнча шайлоого чейин бир топ күмөн саноолор болду. Жаңы система чукул арада киргизилгендигине байланыштуу добуш берүү маалында бир топ адамдар өздөрүн системадан таппай бушайман болушту.

"Азаттык": Кыргызстан бул жолу технологиялык жактан өркүндөтүлгөн шайлоо системасын колдонууга даяр беле?

Раймер: Менин оюмча Кыргызстанда жаңы системанын чукул арада ишке киргени бир жагынан оор болсо, ошол эле маалда эң чоң милдет болду. Системаны сыноодон өткөрүү шайлоо жараяны маалында жүрдү. Добуш берүү убагында шайлоочулар өздөрүн тизмеден оңой-олтоң аныктап алса, аны менен катар эле көптөгөн шайлоо участокторунда система бузулуп, эл кезекке туруп калды. Системага иштеген жерде маселе жок, ал эми иштебеген жерде аны өркүндөтүү маселеси турат. Канча жерде ошондой мүчүлүштүк орун алды, эмне себептен болду - биз анын баарын аныктай алган жокпуз. Кечээ шайлоого келип, өзүн тизмеден таппай, добуш бере албай калгандар болду.

"Азаттык": Сиз белгилегендей, жаңы системаны шашылыш киргизип, Кыргызстандын шайлоо өткөрүү дымагы өтө эле жогору болгон жокпу?

Добуш бергенден кийин бюллетенди электрондук үкөккө салып, жаңы технологиянын иштегенин сынай карап тургандар болду. Алар үкөккө кирип кеткен бюллетень жоголбойбу, добушум саналабы деп суроолуу карап турушту.

Раймер: Албетте, дымагы өтө эле жогору болгону анык, мында талаш жок. Өкмөт шайлоочулардын тизмесин жана жарандарды каттоону бирдей ишке ашырды. Мында мурдагы шайлоолордо болбогон бир катар маселелер жаралды. Ооба, өлкөнүн дымагы күчтүү болду. Бул системаны ушул маалда ишке киргизүү туура беле же жокпу – бул башка маселе. Өзүңүз баамдагандай, кыргыз эли, жалпы шайлоочулар буга канчалык даяр эле. Адамдардын бир калың тобу биометрикалык маалыматтын купуялуулугунан шектенип, аны тапшыруудан баш тартты. Анын кесепетинен шайлоого катыша албай калышты. Ошол эле маалда биз добушканаларда өзүбүз көргөндөй, добуш бергенден кийин бюллетенди электрондук үкөккө салып, жаңы технологиянын иштегенин сынай карап тургандар болду. Алар үкөккө кирип кеткен бюллетень жоголбойбу, добушум саналабы деп суроолуу карап турушту.

"Азаттык": Миңдеген адамдар бул шайлоодогу биометрикалык талаптан улам добуш бере албай калышты. Кыргызстандын Конституциясы жарандын шайлоого жана шайлануу укугуна кепилдик берет. Бул жерде жарандардын негизги укугу бузулган жокпу?

Раймер: ЕККУнун көз карашында ар бир бюллетендеги добуш - демократиялык шайлоонун өзөгү. Мен кайра кайталап койоюн, биздин бул жердеги ишибиз – шайлоонун жүрүшүнө көз салып, жараянга баа берип, кемчиликтерди оңдоого сунуштарды берүү. Биздин алдын ала тараткан билдирүүдө жана кийинчерээк жарыялана турган баяндамада ар бир жаран добуш берүүгө укуктуу жана аны мамлекет камсыздашы керектиги баса белгиленет. Кемчиликтер жана аларды жоюунун жолдору так көрсөтүлөт. Кыргызстандагы шайлоо системасынын ачык-айкындыгын илгерилетүүгө сунуштарыбыз жыйынтыктоочу баяндамада берилет.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG