Линктер

дүйшөмбү, 27-март, 2017 Бишкек убактысы 10:37

Швейцария, Германия жана Данияда иштеген, эл аралык мөңгү изилдөөчүлөрдүн мүчөсү, немис илимпозу Хорст Мангут бир нече күн мурда Кумтөргө жакын мөңгүлөрдү көрүп кайтты.

“Азаттык”: Сиздин Кыргызстанга келүү максатыңыз эмне? Бул жакта кандай долбоорлорду ишке ашырып жатасыз?

Хорст Мангут: Советтер Союзу учурунда Кыргызстан, Тажикстан жана Казакстандагы мөңгүлөр аябай кылдат изилденип, байкоого алынып турчу. Бирок СССР кулагандан кийин мөңгүлөрдү изилдөө иши бул аймакта токтоп калды. Маселен, Тажикстанда Абрамов мөңгүсү дүйнө жүзүндөгү мөңгүлөрдүн ичинен эң жакшы изилденип, кылдат текшерилген жер эле. Ал жакта метеорологиялык, гляциологиялык жана экологиялык байкоолорду жасашчу.

1999-жылы Абрамов станциясы өрттөнүп кетип жок болуп калды. Биздин долбоор Швейцария менен Кыргызстандын ортосундагы биргелешкен иш болуп саналат. Мунун алкагында Кыргызстандагы окумуштуулар, студенттер жана илимпоздор менен чогуу өлкөдөгү ири мөңгүлөрдү кыдырып, байкоого алып жатабыз. Кыргыз кесиптештерге мындан ары мөңгүлөрдү байкоого алуунун өз алдынча кылганга үйрөткөн тренинг, мастер класстар жеринде өтүүдө.

“Азаттык”: Сиздер байкоого алган мөңгүлөрдөн кандайдыр бир өзгөрүүлөрдү байкадыңызбы?

Хорст Мангут: Быйылкы жылы жай абдан ысык болгон үчүн мөңгүлөр аябай тездик менен эрип жатыптыр. Муну күргүштөп кирген дарыялардан байкасак болот. Анын үстүнө биз барган жердеги мөңгүлөрдүн аккумуляция болчу зонасы деп аталган жерлери минималдык көрсөткүчтө экен. Бул жөнөкөй тил менен айтканда, эриген мөңгүнүн үстүнө жааган кардын көлөмү быйыл өтө аз. Ушундан улам мөңгүлөр өз салмагын жоготууда. Айрыкча майда мөңгүлөр жоголуп жатыптыр.

“Азаттык”: Швейцария же Европада да мөңгүлөр бар эмеспи, ал жакта эрүү процессин токтотуш үчүн кандай чараларды көрүшөт?

Хорст Мангут: Менден көптөр сурашат, мөңгүлөрдүн үстүн жаап сактап калса болобу деп. Чындыгында бизде ушундай жол менен айрым мөңгү же карлуу тоолорду сактаган учурлар бар. Альпы тоолорунда кадимки эле целлофан менен мөңгүнү жаап, анын тез эрүүсүн шарттаган чаң, күндүн нуру түшпөсүн деп коргошот. Бул эми айрым лыжа тебүүчү, тоодо эс алуучу компекстерде аткарылган иш. Маселен узундугу 1 чакырым, туурасы 500 метр болгон мөңгүнүн 100 чарчы метрлик гана жерин жапканга мүмкүн. Бир аска болуп, жогору жагында асма жол болсо, анын ылдый жагында лыжа тепкен жерди гана жабышат. Мындай ыкманы жалпы мөңгүлөргө колдонуу мүмкүн эмес. Тилекке каршы, мөңгүлөрдү сактап калуунун жолу өтө аз.

“Азаттык”: Сиз Кумтөр кенине жакын мөңгүлөрдө болуп келипсиз. Ал жактагы абал кандай экен?

Хорст Мангут: Биз эми Кумтөргө жакын жайгашкан мөңгүнү атайын тандаган жокпуз. Мурда ушул мөңгүлөрдү советтик окумуштуулар кеңири изилдешиптир. Кыргызстандык кесиптештерибиз менен ошол изилдөөлөрдүн артын улай барганбыз.

Жакында эле америкалык илимий журналга Кумтөр кенинин айланасындагы мөңгүлөрдүн эрүү тенденциясын деталдуу баяндап, спутник сүрөттөрү менен көрсөткөн макала чыкты. Анда кен иштетүүдөн чыккан таш калдыктарды мөңгүнүн үстүнө ыргыткандан улам мөңгүлөр эрип жатканы айтылат. Чын эле мен эки-үч күн мурда барганда ушул процессти өз көзүм менен көрүп байкадым.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG