Линктер

Кыргызстандын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Болот Отунбаев "Азаттыктын" миграция, соода, экономикалык алака жана адам укугу жаатындагы суроолоруна жооп берди.

"Азаттык": Орусия менен бир катар энергетикалык келишимдерди экономикалык кырдаалдан улам быйыл январь айында Жогорку Кеңеш бир тараптуу денонсация кылган эле. Ал келишимдерге 2012-жылы кол коюлган. Негизи Орусия менен кол коюлган долбоорлор ишке ашпай калат деген пикир көбүрөөк айтыла баштады. Ортодо кандай долбоорлор ийгиликтүү иштеп жатат деп айта аласыз?

Отунбаев: Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведевдин 6-июнда Кыргызстандагы иш сапарында беш келишимге кол коюлду. Маанилүү келишимдердин бири - Кыргызстанга Орусиядан мунайзат жеткирүү тууралуу. Орусиялык бензин бизде коңшу өлкөлөргө караганда арзан. Газ боюнча дагы бир келишим бар. Кыргызстан газ тармагындагы чарбаларын толугу менен орусиялык “Газпром” ишканасына өткөрүп берди. Орусия болсо 2020-жылга чейин 100 миллиард рубль инвестиция салып, өлкөнүн 60-70 пайызын газ менен камсыз кылат. Андан тышкары “Газпром” “Кыргызстандын балдары үчүн” деген программасынын негизинде жети облуста жети спорт сарайын курууда. Азыр Таласта, анан Чолпон-Атада дагы Көчмөндөр оюнуна карата чоң спорт сарайы курулуп жатат.

Дарбыз эгилген талаа

Дарбыз эгилген талаа

"Азаттык": Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке кошулса, айыл чарба продукциясы, дыйкандардын, ишкерлердин продукция, товарлары тоскоолдуксуз эле Орусия менен Казакстанга экспорттолот деп убада кылынган. Биримдикке кошулган алгачкы бир жыл ичинде алданып калган дыйкандар жашылча-жемишин талаага ыргытканга аргасыз болушту. Эки өлкө ортосундагы соода-сатыктын көлөмү кандай болуп атат? Өсүү тенденциясы барбы?

Отунбаев: Бир күндө эч нерсе өзгөрбөйт. Биздин эле продукция эмес, Казакстан, Беларустуку деле Орусияга кире албай, бажы аймагында кармалып калып жатат.

Тилекке каршы, көп продукцияларды алып келе албай жатабыз. Тезирээк фитосанитардык жана ветеринардык лабораторияларды куруп, логистикалык борборлор ишке кирсе, фермерлердин абалы оңолот эле.

Орусия Кыргызстандын Евразиялык биримдикке кирүүсүнө шарт түзүү үчүн 200 миллион доллар, ага кошумча кыргыз-орус экономикалык фондуна 1 миллиард доллар берди. Ошол 200 миллион доллар каражат эсебинен азыр бажы аймактарын, чек араларыбызды автоматташтырылган бирдиктүү системага ылайыкташтырып жатабыз. Ветеринардык, фитосанитардык лабораториялар курулуп жатат. Азыркы убакта Кыргызстандагы фермерлер болгон продуктуларын чоң автоунаага жүктөп келип эле сатабыз деген ниетте жүрүшөт. Орусияда бир машина деген кеп эмес, жүздөгөн, миңдеген тонна товар алып келүү керек. Андай чакан ишкерлерге Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү көмөктөшөбүз деп демилге көтөрө башташты. Тилекке каршы, көп продукцияларды алып келе албай жатабыз. Тезирээк фитосанитардык жана ветеринардык лабораторияларды куруп, логистикалык борборлор ишке кирсе, фермерлердин абалы оңолот эле.

Москвадагы кыргыз балы

Москвадагы кыргыз балы

"Азаттык": Евразия экономикалык биримдигине кошулгандан мигранттар кандай пайда көрүштү? Башында кыргыз мигранттарына жеңилдиктер киргизилди дешкен эле, кийин кайра рейддер маалында депортацияланган, “кара тизмеге” кирген мигранттар көбөйдү.

Отунбаев: Жарандарыбыз Орусияда 30 күн каттоосуз жүрө алат. Жумушка орношууга атайын уруксат алуу, патент алуунун кереги жок. Бирок ага карабай, Орусияда жарандардан жашаган жери боюнча каттоого туруу талап кылынгандыктан, “кара тизмедегилердин” саны азайбай жатат. Жарандарыбыз Орусияга иштечү жерин, жашоочу жайын алдын ала пландап албастан, бул жакка келип алып кыйынчылыкка дуушар болушат. Биз азыр Орусиянын Жумуш менен камсыз кылуу борбору сыяктуу расмий органдар менен сүйлөшүп жатабыз. Алардын өкүлдөрү Кыргызстанга барып, жарандарыбызды билими жана кесибине жараша жумушка чакырып турат. “Кара тизме” боюнча мурун 200 миң кыргызстандык бар делсе, азыр 118 миңи калды деп турабыз. Бирок бул сан азайбай эле акырындык менен өсүүдө. Мисалы, азыр Сахарово деген мигранттарды убактылуу камоочу жайда жүздөй жараныбыз бар. Булар жашаган жерине каттоого турбагандыктан өз аттарын жашырып, же башка бирөөлөрдүн документтери менен иштеп жүрүшөт.

Мигранттын акчасы аз, түйшүгү көп

"Азаттык": Эмгек маянасын албай калган, жумуш маалында кырсыкка учураган же административдик мыйзам бузуулар боюнча кайрылган мигранттар алардын маселелери консулдукта тез арада каралбай, иш көпкө созулуп жатканына арызданышат. Консулдукта мигранттарга укуктук жана юридикалык консультация берчү юристтерди көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк барбы?

Биздин жарандар Орусияга келгенде башкы жумуш берүүчү аркылуу жумушка орношуп, кагаз түрүндө келишим түзбөй эле, “тетя Лена” дегендер менен оозеки сүйлөшүп алып иштей беришет.

Отунбаев: Мурунтан бул жакта үч юрист иштеген, азыр бирөө эле калды. Кыргызстанда экономикалык көйгөйлөр болуп жаткандыктан, биздин элчилик дагы кыйналып жатат. Бирок ошол эле бир юристтен тышкары консулдук бөлүмдө он кызматкерибиз бар - жарымы документтерди кабыл алат, калганы ал документтер боюнча Кыргызстанга сурамжылоо даярдашат, бул жактагы федералдык органдар менен иштешет. Андан башка маянасын албагандар, түрмөгө же камакка алынгандар, кырсыкка учурагандар менен иш алып барат. Каза болгондор да булардын моюнунда. Албетте, каражат тартыш болуп, өзүбүз тынбай иштеп жатабыз. Анан келип алып бизди коркуткан жарандарыбыз бар, “иштебей жатасыңар” деп. Андай даттангандар арыз жазсын, кайсы кызматкер кандай иш кылбай койгонун. Анан мен өзүм кийлигишип, териштирип, чын болсо, андай кызматкерди өзүм жумуштан кетиртем.

"Азаттык": Элчиликтин юристтери сот иштерине катышып, жарандардын укуктарын коргой албайт. Ал эми элчилик кызматташып, жарандарга сунуштап келген орусиялык жеке юристтердин ишине мигранттар көп нааразылык билдиришет. Бул багытта кандай иштерди алып барасыздар?

Москвадагы мигранттар

Москвадагы мигранттар

Отунбаев: Москвада адвокаттар коллегиясы бар, ошонун сайтынан жарандарыбыз өзү каалаган адвокатын тандап, аларга акча төлөп жалдаса болот. Кеп аларга төлөнчү акчада болуп жатпайбы. Алар бир арызга эле 1 миң рублдан алышат. Анан Москвадагы адвокаттардын баары эле мигранттар менен иштешүүгө ашыкпайт. Себеби – мигранттардын акчасы аз, түйшүгү көп. Элчилик жарандарга сунуштаган Березин сыяктуу адвокаттар болсо түзүк эле жардам көрсөтүп жатышат. Алар бекер юридикалык консультация беришет, иши үчүн сураган акысы да аз. Албетте, алар өздөрүнүн аты үчүн иштеп жатышат. Ошентсе деле мейли, башкысы, биздин жарандарга жардамы тийсе болду.

"Азаттык": Орусияда жумуш маалында жаракат алып же каза болгон жарандарыбыз бар. Кырсыкка учураган мындай жарандарга же алардын үй-бүлөсүнө элчилик жумуш берүүчүдөн компенсация алып берген учурлар барбы?

Отунбаев: Биздин жарандар Орусияга келгенде башкы жумуш берүүчү аркылуу жумушка орношуп, кагаз түрүндө келишим түзбөй эле, “тетя Лена” дегендер менен оозеки сүйлөшүп алып иштей беришет. Албетте, мындай жумушчуларга эч кандай коопсуздук жок. Анан кырсык болгондо эле ойлоно башташат. Кызматкерлер барып жабыр тарткан тарапка жардам берели десек, эч бир кагазы жок болуп чыгып жатат. Ага карабай, туугандарына компенсация алып берген иштер дагы бар. Жакында эле Владивостокто кызматкерибиз эки-үч ай чуркап жүрүп курулушта каза болгон жарандын үй-бүлөсүнө жумуш берүүчүдөн компенсация өндүрүп берди. Жалпысынан жыл башынан бери Кыргызстанга Москва жана Москва облусу боюнча 77 сөөк кетти.

"Азаттык": Консулдук көбүнчө кандай иштер менен алек? Жарандар эң көп кандай маселелер менен кайрылышат?

Отунбаев: Күнүнө 30-40 чакты жаран консулдукка кайрылат. Мисалы, жыл башынан бери эле консулдукта 600 арыз каралып, 4 миллион рублдай эмгек маяналары жарандарыбызга алынып берилген. Андан тышкары күнүгө документ – паспорт, нике жана туулгандыгы тууралуу канчалаган иштер каралат.

"Азаттык": Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын арасында дагы бир көйгөйлүү маселе улуттук айдоочулук күбөлүккө байланыштуу. Кыргызстанда берилген айдоочулук күбөлүктөр Жол кыймылы тууралуу Вена конвенциясынын талаптарына толук жооп бербегендиктен Орусияда жараксыз деп эсептелип жатат. Андайда мигранттар чыгымга учурап, Кыргызстанга барып алмаштырууга мажбур болушууда. Бүгүнкү күндө элчиликтин консулдугунан жарандар паспорт, туулгандыгы тууралуу жана нике күбөлүгүн ала алышат. Мигранттарга айдоочулук күбөлүктү бул жакта алмаштырып алууга шарт түзүүгө болобу?

Отунбаев: Бул биздин ишибиз эмес, биздин милдеттерибизге кирбейт. Айдоочулук күбөлүк бизде Ички иштер министрлиги жана Мамлекеттик каттоо кызматтары аркылуу берилет. Европалык өлкөлөрдүн тажрыйбасында элчилик мамлекеттик расмий доркументтерди чанда берет.

"Азаттык": ЭЧЖКдагы Кыргызстан павильону майрамдарда жана маанилүү жолугушууларга кыргызстандыктардын башкы аянтчасы болчу. Павильон жабылганына бир жылдай убакыт болуп калды. Учурда аны кайра иштетүүгө кандайдыр бир чаралар көрүлүп жатабы?

Отунбаев: Бул маселеде элчилик байкоочунун гана функциясын аткарат. Павильон Кыргызстандын экономика министрлигине берилген. Учурда бул павильонду иштетүүнү каалагандар арасында тендер өтүп жатат. Ижара акыны алууга каалаган коомдук уюмдар жана бирикмелер, ишкана-фирмалар катыша алат.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG